Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:58

Төрт айдан бери ичүүчү суу чыкпай калган айылда нааразылык акциясы өттү


Таза сууга байланыштуу нааразылыкка чыккандар.
Таза сууга байланыштуу нааразылыкка чыккандар.

Бүгүн, 30-мартта Оштун Кара-Суу районундагы Кызыл-Суу айылынын элүүдөй тургуну ичүүчү суу жок болуп жатканына байланыштуу нааразылык билдирип чыкты. Тургундар айылда таза суу төрт айдан бери жок болуп жатканын "Азаттыкка" билдирди. Алар учурда сууну сатып ичип жатканын айтууда.

Кызыл-Суу айылында таза суу жок болгондуктан жергиликтүүлөр сугат сууну колдонуп келген. Дээрлик төрт айдан бери сугат суу дагы токтоп калган.

Кызыл-Суу айылынан сырткары Беш-Кепе, Тойчу айылдарында дагы ичүүчү суу жок болууда. Үч айылда беш жүзгө чукул кожолук, эки минден ашуун тургундар бар. Бул айылдар Отуз-Адыр айыл аймагына караштуу.


Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин маалыматына караганда, Кыргызстандагы 1873 айылдын 346сында таза суу системасы такыр жок, 476 айылда эскилиги жеткен. Таза суу менен камсыздалбаган айылдардын саны боюнча Баткен жана Ош облусу алдыңы орунда турат.

Кыргыз бийлиги 2026-жылга чейин айылдарды толук таза суу менен камсыздоо программасын кабыл алганын белгилеген. (DSh)

XS
SM
MD
LG