Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:42

Германия чет элдик адистерге иммиграция эрежесин жеңилдетүүнү караштырууда


Германия
Германия

Германиянын өкмөтү чет өлкөлүк адистердин иммиграция эрежелерин жөнөкөйлөштүргөн мыйзам долбоорун жактырды. Deutsche welle эми документти парламент кароого тийиш деп маалымдады. Долбоорду ички иштер министри Нэнси Фезер жана эмгек министри Хубертус Хайл сунуш кылышкан. Жаңы эрежелерде упай системасы камтылган “мүмкүнчүлүктөр картасын” киргизүү каралууда.

Упай берилгенде адистин квалификациясы, немис тилин билгени, кесиптик тажрыйбасы, Германия менен байланыш (мисалы, ал жерде жашаган туугандары) жана жашы эске алынат.

Эмгек министринин айтымында, “мүмкүнчүлүктөр картасын” алуу үчүн үч критерийди аткаруу жетиштүү.

Андай картага ээ болгондон кийин чет элдик адиске Германияда бир жылдын ичинде туруктуу жумуш табуу, ал аралыкта майда иштерде иштөө мүмкүнчүлүгү берилмекчи.

Маалыматка караганда, Германияда жумушчу күч тартыш болгону бийлик иммиграциялык саясатты кайра карап чыгууга аргасыз. Мыйзам долбоорунун авторлору Евробиримдикке кирбеген мамлекеттерден квалификациясы бар адистердин иммиграциясы жылына 60 миң кишиге өсөрүн айтышат.

Бул 2019-жылдагы көрсөткүчтөн эки эсеге ашат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG