Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:56

Өзбекстанда "Классикалык поэзия" эл аралык фестивалы өтүп жатат


Ташкент шаары.
Ташкент шаары.

Өзбекстандагы Навои шаарында ТҮРКСОЙго мүчө мамлекеттердин калемгерлеринин "Классикалык поэзия" деген аталыштагы эл аралык фестивалы өтүп жатат.

Фестивалдын алкагында 29-мартта Ташкент шаарында Түрк адабиятынын 100 томдук антологиясынын бет ачары болду. Мындан тышкары жалпы түрк тилдүү элдердин маданий, адабий тенденциялары, өз ара кызматташтык маселелери талкууланды.

Ошол эле күнү фестивалдын катышуучулары Бухара облусундагы Навои шаарында түрк элдеринин орток акыны, Алишер Навоинин эстелигине гүл коюшту.

30-март күнү фестивал Навои шаарында уланып, жакында Түркиянын борбору Анкара шаарында түзүлгөн ТҮРКСОЙ жазуучулар союзунун алгачкы жыйыны өттү.

Жыйынга союздун теңтөрагалары: Түркиядан Мухамед Элис Зала, Азербайжандан Анар Рзаев, Казакстандан Улугбек Эсдаулет (ТҮРКСОЙ жазуучулар биримдигинин да төрагасы) Кыргызстандан Нурлан Калыбеков, Өзбекстанда Сирожиддин Саид, Татарстандан Ркаил Зайдуллин, Башкырстандан Айгиз Баймухамедов жана башка акын-жазуучулары, ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы Султан Раев катышты.

Фестивалга Кыргызстандан Жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков, акын жана журналист Бурулкан Сарыгулова, жазуучу Топчугүл Шайдуллаева жана акын Самудин Стамбеков катышып жатат.

Иш-чараны ТҮРКСОЙ уюму, Өзбекстан жазуучулар союзу, Өзбекстандын маданият, туризм министрлиги жана Өзбекстандагы Навои шаарынын жетекчилиги уюштурду.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG