Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:33

Акыйкатчы институту памирлик кыргыздар ишке орношо албай жатканын айтты


Талды-Суу айылы, Алай району
Талды-Суу айылы, Алай району

Акыйкатчы институту мамлекеттик органдарды Ооганстандын Памир аймагынан Кыргызстанга көчүп келген этникалык кыргыздардын көйгөйлөрүнө көңүл бурууга чакырды. Аталган институттун өкүлдөрү Ош облусунун Алай районуна караштуу Талды-Суу айылындагы Памир кыргыздарынын абалы менен таанышып келген.

"Айылда жашаган этникалык кыргыздар жумушка орношууда кыйынчылык тартууда, кирешелери төмөн. Аларга айыл чарба иштерине жер бөлүп беришкен, бирок сугат суунун жоктугунан жерлер колдонулбай келет. Жергиликтүү карьерден көмүр казып алуу мезгилинде кайрылмандар ар түрдүү жумуштарда иштешет, мал баккандан башка жумуш жергиликтүү жашоочуларда дагы жок. Мындан тышкары алардын баары сабатсыз болууда жана иштегенге керектүү жөндөмдөр менен ыктарды өздөштүрүшкөн эмес. Айылда кайрылмандар тыгыз отурукташкан участокто ичүүчү таза суу жок, мындан улам алар сууну башка жактан ташып ичишет", - деп билдирет Акыйкатчы институту.

Талды-Суу айыл өкмөт башчысынын маалыматы боюнча, ушул тапта айылда 87 кишиден турган 16 памирлик кайрылман үй-бүлө жашап жатат. Көпчүлүгү 2019-жылы көчүп келишкен. Алардын ичинен 45 адам кыргыз паспортун алган, калганы Ооганстандын документтери менен жашап жатышат. Көчүп келгендерге жыл сайын азык-түлүк, кийим-кече, көмүр гуманитардык жардам катары берилет.

Акыйкатчы аппаратынын жарандык-саясат бөлүмүнүн кызматкери Акжол Абдукеримов Ооганстанда төрөлүп, ата-энеси менен Кыргызстанга келген балдар азыр деле ооган документтери менен жашап, медициналык тейлөөдө туулгандыгы тууралуу күбөлүк жок болгондуктан, көйгөй жаралып жатканын белгиледи.

Талды-Суу айылына этникалык кыргыздар 2019-жылы көчүрүлүп келген. 2017-жылы Нарынга жайгаштырылган 50дөй памирлик кыргыздардын бир тобу Ооганстанга кайра кайткан.

Былтыр июлда кыргыз өкмөтү 2022-2024-жылдар аралыгында бюджеттен каралган 244,5 миллион сомго Ооганстандын Кичи жана Чоң Памиринде жашаган 1,5 миңдей этникалык кыргыз (400 үй-бүлө) көчүрүлүп келерин билдирген.

Чоң жана Кичи Памирдеги ооган кыргыздарынын жалпы саны 2 миң чамалуу. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG