Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:05

Орусияда "вагнерчилерге" таандык деген ондогон жаңы мүрзөлөр табылды


Орусиянын башка аймактарындагы "вагнерчилердин" көрүстөнү.
Орусиянын башка аймактарындагы "вагнерчилердин" көрүстөнү.

Орусиянын Свердлов облусундагы Березовский көрүстөнүндө бир нече жуманын ичинде окшош крест жана гүлчамбарлар коюлган дээрлик 70 мүрзө пайда болду. Мүрзөлөрдүн такталарына аты жазылган адамдардын арасында мурда оор кылмыштар үчүн соттолгондор да бар экенин E1.ru порталына шилтеме кылып "Азаттыктын" орус кызматы билдирди.

Журналисттер бул көрүстөнгө сөөгү коюлгандардын арасында "Вагнер" жеке менчик компаниясынын Украинадагы согушта мерт болгон жалданмалары да бар экенин жазышты.

Жергиликтүү ритуалдык кызматкердин айтымында, бул көрүстөнгө жакындары табылбаган адамдардын сөөгү алып келинип жатат.

"Жеке менчик аскердик компаниядан ["Вагнер"] айтышкандай, адам өлгөндөн кийин анын туугандарын үч күн издешет. Эгер таба алышпаса, ал жакка алып барышат. Орусияда ошол жактан жер берилген. Өздөрү коюшат", - деп айтып берген ал кызматкер.

Жаңы пайда болгон мүрзөлөрдүн баарында январь жана февраль айларында өлгөн 25 жаштан 53 жашка чейинки курактагы эркектердин аты-жөнү жазылган. E1.ru порталынын журналисттери алардын айрымдары тууралуу маалыматтарды соттун документтеринен табышкан. Мисалы, 2017-жылы Курган облусунун тургуну 90 жаштагы пенсионерди, Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагерин металл буюм менен башка чаап өлтүрүп, маркумдун төрт медалын уурдап кеткени үчүн соттолгон.

Журналисттер Березовский көрүстөнүнө көмүлгөндөрдүн биринин тууганы менен да сүйлөшкөн. Ал өлгөн киши Украинада "Вагнер" жеке менчик компаниясынын катарында согушуп жүргөнүн, мурда "киши өлтүрүүгө аракет кылды" деген айып менен түрмөгө түшкөнүн айтып берген.

Февраль айынын соңунда Орусиянын баш калаасы Москванын жака белиндеги "вагнерчилердики" делген мүрзөгө борбор азиялыктардын да сөөгү көмүлгөнү белгилүү болгон. Алардын арасында орус абактарынын биринде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан кыргыз жараны, 40 жаштагы Аман Айдаралиев бар экени ачыкка чыккан. Буга чейин Орусияда түрмөдө отурган бир нече кыргыз жараны "вагнерчилердин" катарына кошулуп, Украинада каза тапкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG