Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:54

Эм балдардын төрөлүшү боюнча көрсөткүч төмөндөөдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда соңку үч жылда эм балдардын төрөлүшү боюнча көрсөткүч төмөндөдү. “Азаттыкка” өлкөнүн башкы акушер-гинекологу Раиса Асылбашева берген статистикалык маалыматка караганда, былтыр 2022-жылы 1380 эгиз, 13 үч эм жана 1 төрт эм төрөлдү.

2021-жылы 1452 эгиз, 17 үч эм, ал эми 2020-жылы 1552 эгиз, 18 үч эм бала жарык дүйнөгө келген.

Он жылдык мөөнөттү алып карасак, буга чейинки 2012-2019-жылдары статистика улам жогорулап, эм төрөлгөндөр 1286дан 1640ка жеткен.

Соңку он жылда Кыргызстанда алты жолу төрт эм (алардын экөө былтыр) төрөлгөн.

Былтыр Кыргызстандын калкы 7 миллионго жетти. Өлкөнүн миллиондон ашуун жараны чет өлкөлөрдө эмгек мигранты болуп жүрөт. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG