Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:51

Мирзиёев түрк шайлоочуларын Эрдоганга добуш берүүгө үндөдү


Өзбек лидери Шавкат Мирзиёев менен түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган, Анкара шаары, 16-март 2023-жыл.
Өзбек лидери Шавкат Мирзиёев менен түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган, Анкара шаары, 16-март 2023-жыл.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Түркиядагы шайлоочуларды май айындагы президенттик шайлоодо азыркы президент Режеп Тайып Эрдоганга добуш берүүгө үндөдү. Мирзиёев бул сөзүн 16-мартта Анкарада өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун кезексиз саммитинде айтты

“Бардык боордош элдерибиздин атынан түрк калкын келе жаткан шайлоодо урматтуу Режеп Тайып Эрдогандын талапкерлигин толук колдоого чакырам.Заманбап, кубаттуу Түркиянын ийгиликтери жана жетишкендиктеринде урматтуу президенттин сиңирген эмгеги жогорку баага татыктуу”, - деди Мирзиёев.

Анкарадагы кезексиз жыйынга катышкан башка лидерлер да түрк президенти Эрдогандын ишмердигин кубатташып, алдыдагы шайлоодо ага ийгилик каалашты.

Түркияда президенттик шайлоо быйыл 14-майда өтөт. Түрк оппозициясы Эрдогандын атаандашы катары Элдик-респуликалык партиянын лидери Кемал Кылычдароглунун талапкерлигин тандаган.

69 жаштагы Эрдоган Түркияны соңку 20 жылдан бери башкарып келе жатат. Анын бийликтеги алгачкы жылдарында Түркиянын экономикасы көтөрүлгөнү менен соңку жылдарда өлкөдөгү жарандык эркиндик жана адам укуктары кескин чектелгенин эл аралык уюмдар баса белгилеп келишет.

16-мартта Анкарадагы кезексиз жыйынга Түрк мамлекеттер уюмуна кирген Азербайжандын, Казакстандын, Кыргызстандын, Түркиянын, Өзбекстандын лидерлери жана байкоочу макамындагы Венгриянын премьер-министри, Түркмөнстандын Халк Маслахатынын төрагасы катышты. Саммиттин Түрк мамлекеттер уюмунун жарандык коргонуу механизмин түзүү жөнүндө келишимге жана Түрк инвестициялык фондун түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG