Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:27

Түрк мамлекеттер уюму: жарандык коргонуу, инвестициялык фонд


Түрк мамлекеттер уюмунун кезексиз жыйыны. 16-март. Анкара.
Түрк мамлекеттер уюмунун кезексиз жыйыны. 16-март. Анкара.

16-мартта Анкарада Түрк мамлекеттер уюмунун cаммитинин кезексиз жыйыны өттү. Ага уюмга кирген Азербайжандын, Казакстандын, Кыргызстандын, Түркиянын, Өзбекстандын лидерлери жана байкоочу макамындагы Венгриянын премьер-министри, Түркмөнстандын Халк Маслахатынын төрагасы катышты.

Жыйындын жыйынтыгында Түрк мамлекеттер уюмунун жарандык коргонуу механизмин түзүү жөнүндө келишимге жана Түрк инвестициялык фондун түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Жарандык коргонуу системасын түзүү долбоору

Жыйынды Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган ачып, 48 миңден ашуун кишинин өмүрүн кыйган зилзаланын кесепетине токтолду. Аны менен катар Эрдоган табигый апаатта жакындан кол сунган түрк тилдүү мамлекеттерге ыраазычылыгын билдирди

"Биринчилерден болуп түрк дүйнөсү жардамга келди. Куткаруучулар биздин жарандарыбызды тирүү алып чыгышты. Сиздерден келген, ата-бабалардан калган боз үй биздин жарандардын үйү болуп калды. Биздин эл сиздердин жардамды эң качан унутпайт. Ар кандай кырсыктын кесепети менен күрөштө кызматташууну күчөтүшүбүз керек".

Эрдоган буга чейин түрк тилдүү мамлекеттердин лидерлери менен бетме-бет сүйлөшүүлөрдө биргелешкен жарандык коргонуу системасын түзүү демилгесин талкуулаганын, кийинки саммитке чейин бул механизмди түзүү чечими кабыл алынганын билдирди.

Түрк лидери ошондой эле уюм энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу менен бирге аймактык транспорт жана камсыздоо чынжырларын өнүктүрүүдө стратегиялык ролду ойной турарын билдирди.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев уюмга мүчө өлкөлөр чукул кырдаалда чогуу туруп, бирге күрөшүү үчүн атайын келишимдерди иштеп чыгууну, гуманитардык жардам чогултууда орток иш-аракеттерди көрүүнү сунуш кылды.

"Tүрк тарап сунуштаган жарандык коргонуу системасын түзүү боюнча долбоорду толук колдойбуз. Экинчиден, өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин ортосундагы өнөктөштүктү чукул активдештирүү керек. Алардын кезектеги жолугушуусунда эң артыкчылыктуу багыт - биргелешкен аракеттердин программасын иштеп чыгуу болмокчу. Үчүнчүдөн, ушундай кыйын мезгилде социалдык-экономикалык маселелерди чечүүдө жакындан жардам көрсөтүү механизмдерин киргизүү туура деп ойлойм".


Мирзиёев ошондой эле зилзалада катуу жабыркаган Хатай провинциясында жапа чеккен балдарды жайында Өзбекстанга алып барып, эс алдырууну убада кылды.

Табигый кризис жана жамааттык аракеттер

Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров түрк элине көңүл айтып, кризистик кырдаалды жөндөө үчүн жамааттык аракеттерди бириктирүүнүн зарылчылыгына токтолду.

"Ар түрдүү кризис жана өзгөрүүлөр коштогон мезгилде чакырыктарды жеңүү милдети бизден биргелешкен аракеттенүүнү талап кылат. Түркиядагы акыркы кайгылуу окуяларга байланыштуу кризистик кырдаалдарды жаматтык эскертүү жана болжолдоо механизмдерин түзүү зарылчылыгы келип чыкты. Бул багытта түрк тараптын өзгөчө кырдаалдар министрликтери аркылуу түрк мамлекеттери үчүн жарандык коргонуу механизмин түзүү демилгесин кубаттайм".

Зилзалдан кийин Кыргызстандан 200гө жакын куткаруучу жана алты дарыгер Кахраманмараш жана Хатай провинцияларында куткаруу иштерине тартылды. Бишкектен жөнөтүлгөн 127 боз үй Кахраманмараш шаарынын стадионуна тигилип, учурда үй-жайсыз калгандар баш калкалап турат.

Президент Жапаров Түркияда билим алып жаткан көптөгөн студенттер кырсык болгон аймакка ыктыярчы болуп барып, жергиликтүү тургундарга жардам көрсөтүшкөнүн жыйында белгиледи.

11-мартта Кыргызстандын Финансы министрлиги Түркияга жардам көрсөтүү үчүн атайын эсепке 100 млн. 559 400 сом, 18 250 рубль жана 65,67 доллар түшкөнүн кабарлады.

Түрк инвестициялык фондун түзүү дымагы

Жыйында өкмөттөр ортосунда Түрк инвестициялык фондун түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Эрдоган маалымат жыйынында бул финансылык институт түрк дүйнөсүндөгү экономикалык өнүгүүгө түрткү болорун айтты.

"Түрк инвестициялык фондун уюштуруу келишимине кол коюу менен бүгүнкү саммиттин көрүнүктүү жетишкендиктерине жеттик деп ойлойм. Бул фонд түрк дүйнөсүндөгү экономикалык интеграцияга чоң салым кошот деп ишенем. Фонддун кеңсеси Стамбулда болот".

Жапаров региондогу соода жүгүртүүнүн өсүшүнө жолтоо болгон тоскоолдуктардан улам уюмдун айрым өлкөлөрүнүн ортосунда мүмкүнчүлүктөр толук колдонулбай келгенин кошумчалады. Кыргызстан аймактык уюмдун алкагында соода-экономикалык мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Стамбулдагы Академиялык изилдөө институтунун башчысы Осман Кепенек Түрк инвестициялык фондун куруу ар тараптуу пайда алып келерин жана уюмга кирген өлкөлөр саясий биримдикти түптөөгө кадам таштаганын "Азаттыкка" билдирди.

"Муну менен экономикалык кызматташтыкты жогорку деңгээлге чыгаруу максаты коюлду. Мындан тышкары Кыргызстан менен Түркмөнстан соңку жылдары Түркиядан учкучсуз аппараттарды алганын билебиз. Казакстан менен Өзбекстан да бул багытта сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Ошондуктан жалаң гана тарых жана маданият тармагында гана эмес, экономикалык жана аскердик багытта да кызматташтык бара-бара калыптанып баратканын, Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында саясий биримдикти түптөө аракетине кадам ташталганын айтсак болот. Албетте, бул абдан машакаттуу, узак убакытты талап кылган процесс", - деди түркиялык серепчи.

Түрк инвестициялык фондун түзүү сунушу 2021-жылы Стамбулда өткөн сегизинчи саммите айтылган. Анда сөз сүйлөгөн президент Жапаров фондду Кыргызстанда негиздөөнү жана кеңсесин Бишкек шаарында жайгаштырууну сунуш кылган.

Былтыр 31-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Түрк инвестициялык фондун түзүү жѳнүндѳ макулдашуунун долбоорун бир добуштан жактырган. Экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Усенбекова фонддун уставдык капиталы 500 млн. долларды түзөрүн, Кыргызстандын андагы үлүшү 70 миң доллар болорун, үч жылдын ичинде республикалык бюджеттен төлөнөрүн айткан.

Фонддун жетекчилигине буга чейин Түрк мамлекеттер уюмунун баш катчысы болгон казакстандык дипломат Багдат Амреев тандалган.

Түрк мамлекеттер уюмунун учкай тарыхы

180 миллион адам жашаган жети өлкөнүн башын кошкон уюмдун жогорудагыдай дымагы канчалык ишке ашары азырынча беймаалым. Советтер Союзу тарагандан кийин Түркия Борбор Азиядагы өлкөлөр менен жалпы бирикменин алкагында иш жүргүзүүнү максат кылса да, саясий уюм катары эффективдүү иш алып бара алган эмес.

2009-жылы бул уюм Түрк тилдүү мамлекеттер кеңеши деген аталыш менен алгачкы саммитин өткөргөн. Ал учурда уюмга Кыргызстан, Казакстан, Түркия жана Азербайжан мүчө болчу. 2019-жылы Өзбекстан уюмга толук кандуу мүчө болуп кирсе, былтыр аймактык бирикме Түрк мамлекеттер уюму деп аталып калган. Түркмөнстан менен Венгрия байкоочу макамында катышып жүрөт.

Анкарадагы жыйынга эл аралык коомчулук тааныбаган Түндүк Кипрдин президенти Эрсин Татар Түрк мамлекеттер уюмуна байкоочу макамында келди. Белгилей кетсек, Кипр аралындагы бул жумурияттын эгемендигин Анкара гана тааныган.

Түркия менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн кызматташтыгына токтолсок, соңку маалда чөлкөмдөгү түрк тилдүү төрт мамлекеттин өз ара алака-катышында бир топ жаңы тенденциялар байкалды. Түркия бул өлкөлөр менен аскердик кызматташтыгын күчөттү. Орусия Украинага кол салгандан кийин Борбор Азия менен Түркияны байланыштырган транспорт коридорун өнүктүрүү аракети башталды. Буга карабастан айрым географиялык жана геосаясий тоскоолдуктар кала берүүдө.

Геосаясат: Эрдоган эмне максатты көздөйт?
please wait

No media source currently available

0:00 0:43:34 0:00

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG