Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:31

Алтын рудасын, концентратты сыртка ташууну тыюу мөөнөтү жылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаровдун Кыргызстандан алтын камтыган руда менен концентратты сыртка ташууну тыйган жарлыгын аткаруу мөөнөтү жылды.

Бул тууралуу "Азаттыкка" президенттик администрациядан кабарлашты. Ага ылайык, жарлык кийинки жылдан тартып күчүнө кирет.

Мунун алдында Тоо-металлургчулар кесиптик кошууну эгер бул жарлык май айынан тартып күчүнө кирсе, кен казган компаниялардын ишине олуттуу кедергисин тийгизиши мүмкүндүгүн, иш токтоп каларын эскерткен. Айрым адистер мындай жарлыкты кабыл алуудан мурда даярдык көрүлүшү керек экенин айтып жатышкан.

Былтыр октябрда Жапаров ушул жылдын 1-майынан тартып Кыргызстандан алтын камтыган руда жана концентратты экспорттоого убактылуу тыюу салган жарлыкка кол койгон.

"Конституциянын 66, 71-беренелерине ылайык, 2023-жылдын 1-майынан тартып Кыргызстандын аймагында казып алынган жана өндүрүлгөн алтын камтыган руданы жана алтын камтыган концентратты (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2616 90 000 0 коду менен классификацияланган) Кыргызстандан ташып чыгарууга (экспорттоого) алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу белгиленүүдө", - деп жазылган анда.

Маалыматка караганда, "Кара-Балта тоо-кен комбинаты" ачык акционердик коомуна Кыргызстандын аймагында казып алынган жана өндүрүлгөн алтын камтыган руданы, концентратты кайра иштетүүгө өзгөчө укук берилип жатат.

Министрлер кабинетине убактылуу тыюу салууну 2023-жылдын 1-ноябрынан тартып ар бир алты айда узартып туруу тапшырылган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG