Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:48

Президент Жапаров: Аксы окуясы бийликтин жана оппозициянын жүзүн ачкан


Президент Садыр Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү 2002-жылдагы Аксы жана 2010-жылдагы Апрель окуяларында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун элесине арналып тургузулган "Ала-Тоо" аянтындагы монументке гүл коюшту.

Садыр Жапаров Аксы окуяcын эскерүү күнүнө карата кыргызстандыктарга кайрылуу да жасады.

Мамлекет башчы Аксы окуясы Кыргызстандын соңку тарыхында мамлекеттин келечегине таасирин тийгизген алгачкы саясий окуя, өлкөнү башкаруу кризиске кептелип баратканын эскерткен коңгуроо болгонун эскерди. Бул окуя экономикада, саясатта, идеологияда жалпы элдин көз карашын өзгөрткөнүн айтты.

"Аксы окуясы ошол учурдагы эки тараптын жүзүн ачкан: бийликтегилер өлкөнү башкаруудагы манипуляциялык иш-аракеттерди жасаса, оппозиция элдин, коомчулуктун күчүн өз кызыкчылыгына колдонуу тактикасына өткөн. Ошентип Аксы окуясынан кийинки Кыргызстандын 20 жылы саясий окуяларга бай болуп, элди, саясий элитаны бышырды. Баарыбыз тарыхтан сабак алдык", - деп жазылган президенттин кайрылуусунда.

Жапаров Аксы окуясы мамлекет тарыхында, өлкөнүн өнүгүүсүндө өчпөс из калтырганын белгилеген.

"Мындан ары Кудай буюрса, Кыргызстан дүйнө жүзүнө жакшы жактары менен гана таанылат. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасы тынчтыкты сүйгөн, кыйын күндө урагыс биримдиктин үлгүсүн көрсөткөн, өнүгүүгө ынтымактуу кадам таштаган, чыныгы демократиялуу, элдик бийликке эгедер, катылгандын катыгын бере турган мамлекет катары калыптанып баратабыз", - деди Жапаров.

2002-жылдын 17-мартында Аксыда бийликке каршы чыккан элге ок атылып, алты киши курман болгон.

Нааразы болгон эл мурдагы президент Аскар Акаевге импичмент жарыялоо боюнча демилге көтөргөндөн кийин камакка алынган депутат Азимбек Бекназаровду бошотуу жана Үзөңгү-Куушту Кытайга бербөө тууралуу талаптар менен чыгышкан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG