Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:59

Депутаттык комиссия Кумтөрдүн алтыны боюнча корутундусун жарыялады


Кумтөр. 2021-жыл.
Кумтөр. 2021-жыл.

16-мартта Жогорку Кеңеш Кумтөрдүн алтыны боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусун угуп, талкуу учурунда депутаттар айткан сын жана сунуштар камтылган токтом кабыл алды. Жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев баштаган өкмөт өкүлдөрү, “Кумтөр Голд Компани”, “Кыргызалтын” ишканаларынын, Улуттук банктын жетекчилиги катышты.

Депутаттык комиссиянын төрагасы Арсланбек Малиев быйылкы жылдын 30-январына карата алтындын запасы 45,3 тонна болгонун, анын 43,9 тоннасы Улуттук банктын кампасында экенин, 1,3 тоннасы Швейцариядагы UBS AG коммерциялык банкында жатканын билдирди. Малиевдин айтымында, 2021-жылдын май айынан 2022-жылдын аягына чейин бюджетке 44 млрд. 679 млн. сом түшкөн.

Баяндамачы белгилегендей, комиссия «Кумтөр Голд Компани», «Кыргызалтын» жана Улуттук банк сакталып турган, ташылып чыккан жана сатылган алтынды уурдаганы же көлөмүн, сапатын жана баасын атайылап бурмалаганы тууралуу фактылар жок деген бүтүмгө келди.

Канадалык “Центерра Голд” компаниясы менен бирге башкарып келген кенди Кыргызстан өз карамагына 2021-жылдын май айында алып, 2022-жылдын апрелинде “Кумтөр Голд Компанинин” 100% акциясы Кыргызстанга өткөн. Кыргызстан менен “Центерра Голд” доо арыздардан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге жетишкен. Тышкы башкаруучу болуп “Центерра Голддун” директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүк дайындалган.

Былтыр 29-сентябрда Жогорку Кеңеште «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын Кыргызстандын менчигине өткөндөн берки ишин, алтындын казылып алынышын жана сатылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн, ага төрага болуп депутат Арсланбек Малиев шайланган.

Башкы прокуратуранын соңку маалыматы боюнча, Кумтөр Кыргызстанга өткөндөн берки ишмердүүлүккө байланыштуу азыр төрт кылмыш иши тергелип жатат. Жетекчиликте иштеген төрт адам, анын арасында Тенгиз Бөлтүрүк камакта отурат. Келтирилген зыян 1 миллиард 146 миллион сом деп эсептелген. Анын 642 миллион сому (56%) мамлекеттин пайдасына, бюджетке өндүрүлдү. Камактагы төртөөнөн тышкары дагы беш адамдан эч жакка кетпөө тууралуу тилкат алынган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG