Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:39

Жалал-Абадда жер көчкү кооптуулугу бар 541 тилке айылдарга чукул жайгашкан


Тургундарды коопсуз жайга көчүрүү. 29-март, 2023. Жалал-Абад.
Тургундарды коопсуз жайга көчүрүү. 29-март, 2023. Жалал-Абад.

Жалал-Абад облусунда жер көчкү кооптуулугу бар 541 тилке айылдарга чукул жайгашкан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) чукул кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин бөлүм башчысы Тойчубек Изабеков "Азаттыкка" билдирди

Анын маалыматына караганда, жалпы облус боюнча 1077 үй-бүлө кооптуу аймакта жашап жатат. Жарака пайда болгон 1020 аймак жергиликтүү жашоочуларга, инфраструктураларга, жолдорго, электр зымдарына кооптуу.

Облуста эң чоң жер көчкү коркунучунда жашап жаткан 700гө чукул үй-бүлө Сузак районунда катталды.

Быйыл да жер көчкү жаракаларына мониторинг жүргүзүү иштери уланууда. Азырынча жаңы жаракалар байкала элек.

Жаз мезгилинде кооптуулук күч алган жер көчкү, суу ташкыны жана таш кулоо коркунучу бар аймакта жашаган 1169 үй-бүлө коопсуз жактарга көчүрүлөрү 30-мартта кабарланган.

23-мартта Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда жер көчкүгө байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыяланып, Карл Маркс айылынын 195 тургуну Куршаб айылына көчүрүлгөн.

ӨКМдин маалыматына караганда, Өзгөндүн Кызыл-Күңгөй тилкесинде 22-мартта таңга маал болжол менен 1 млн. метр куб жер көчкү түшүп, 18 турак жайга коркунуч пайда болгон. Коопсуз жайга көчүрүлгөн тургундар үчүн 18 чатыр тигилген.

2017-жылы Өзгөн районунун Зергер айыл аймагында жүргөн жер көчкү жети үйдү басып, 24 киши топурак алдында калган. Беш күн бою жүргүзүлгөн издөө, казуу иштеринде сегиз кишинин сөөгү табылган.

2007-жылы 16-апрелдин түнүндө Аксы районундагы Райкомол айылында жер көчкү жүрүп, үч үйдү басып калган. Анда 16 адам каза болгон.

2003-жылы Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылында 1,5 миллион куб. метр көлөмдөгү жер 13 үйдү басып, 38 адам набыт болгон.(TB/ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG