Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

"Октагон": Кытай Орусияда Ютубду бөгөттөөгө жардам берет


Иллюстрация
Иллюстрация

Москва 2023-жылдын аягына чейин Орусияда YouTube видеопорталын жабууга даярдык көрүүдө. “Октагон” сайты буга кытайлык адистер жардам берип жатканын жазды.

Журналисттердин ырасташынча, Кытайдан Орусияга 41 техникалык адис келди. Алар орусиялык кесиптештери менен бирге видеосервисти жабуу планын түзүшүүдө. Кытайда YouTube 2009-жылдан бери ачылбайт.

Эл аралык Freedom House уюму жарыялаган дүйнөдөгү Интернет эркиндигинин индексинде Кытай акыркы орунда турат. Өлкөдө Батыштын көптөгөн интернет кызматтары жана соцтармактары бөгөттөлгөн. Орусия да бул тизмеде эркин эмес мамлекеттердин катарында.

“Октагон” видеопорталды жабуу үчүн Москвага эмне себептен техникалык жардам керек болгонун түшүндүргөн эмес.

Орусия Украинага басып киргенден бери бери YouTube Кремль көзөмөлдөгөн жалпыга маалымдоо каражаттарын, согушту колдогон ондогон блогерлер менен журналисттердин каналын бөгөттөгөн. Москва бул аракеттерди цензура деп атаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG