Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:33

Түркиянын парламенти Финляндиянын НАТОго киришин колдоду


Түркия менен Финляндия өлкө башчылары.
Түркия менен Финляндия өлкө башчылары.

30-мартта Түркиянын парламенти Финляндиянын НАТОго киришин бир добуштан колдоду. Түркия бул уюмга мүчө болгон 30 өлкөнүн ичинен акыркылардан болуп Финляндиянын НАТОго кирүүсүн колдоп добуш берди. Түркияга чейин Венгрия парламенти добуш берген.

Финляндиянын өзү Түндүк Атлантика биримдигине кошулууга талап кылынган бардык шарттарды кабыл алган. Эми расмий түрдө июлда Литвада НАТОнун саммитинде мүчө болуп кириши күтүлүүдө.

Былтыр Орусия Украинага кол салгандан кийин Финляндия менен чогуу НАТОго кирүү арызын берген Швециянын тагдыры белгисиз. Венгрия менен Түркия бул өлкөнүн уюмга кирүүсүнө байланыштуу токтомду ратификациялабай, бир катар талаптарды коюп жатат. Анкара швед бийлиги Түркияда террорчулукка айыпталып, Швецияда бозгунда жүргөн күрт активисттерин берүүнү талап кылууда.

НАТО ратификация процесси Вильнюстагы саммитке чейин аяктап каларына үмүт артууда. Болбосо Финляндия уюмга Швециясыз мүчө болуп кириши мүмкүн.

Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Финляндия бейтарап саясатты карманып келген. СССР ыдырап, Варшава келишими уюму жоюлса да фин бийлиги бейтараптыкты сактап келди. 2022-жылы февраль айында Орусия Украинага кол салгандан кийин көпчүлүк фин саясий күчтөрү бейтараптуулуктан баш тартып, НАТОго мүчө болуу менен гана өлкөнүн коопсуздугуна кепилдик болот деп чечкен. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG