Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:43

Айдаркенде сымап комбинаттын жумушчулары иш таштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 31-мартта Айдаркендеги сымап комбинатынын жумушчулары айлык төлөө талабы менен иш таштады. Акция эскертүү максатында өткөнүн Тоо-кен профсоюздарынын борбордук комитетинин төрагасы Элдар Тажибаев "Азаттыкка" билдирди.

"Айдаркен сымап комбинатынын кесиптик кошуун төрагасы Тайыр Мурзарахматовдун маалыматында, буга чейин январь, февралда мурдагы айлык акылардын карызын төлөө талабы менен акциялар өткөн. Натыйжада айлык акынын айрым бир бөлүгү төлөнүптүр. Бүгүнкү күнгө чейин жумушчуларга февраль үчүн маяна төлөнө элек. Комбинаттын карызы 12 млн. сомдон ашат".

Тажибаевдин маалымдашынча, акциянын катышуучулары комбинаттагы техникалык каражаттардын тетиктери, керектүү жабдуулар, жумушчуларга кийим-кече, коргонуучу каражаттарды берүү да кечиктирилип жатканына нааразы.

Ушул тапта Айдаркен сымап комбинатында 600дөн ашуун киши иштейт.

Комбинат Түркиянын "Дуваташ" ишканасы менен сымап, сурьма жана флюоритти чогуу казып, иштетүүнү макулдашкан.

"Кыргызстандагы тоо-металлургиялык профсоюу "Дуваташ" ишканасынын жетекчилигинен комбинаттын жумушчуларына айлык акыны төлөп берүүнү талап кылууда. Ошол эле учурда кесиптик кошуундун мүчөлөрү жумушчуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, өндүрүштү жандандырууга чакырды.

Түркияда негизделген "Дуваташ" ишканасы Баткен районундагы «Дуваташ» алтын кенин иштетүү лицензиясына ээлик кылат. Ажыга бара турган жарандардан чогулган каражаттын максатсыз колдонулганы боюнча жарыяланган документтерде бул фирманын да аты аталган.

"Дуваташ" фирмасынын аты Кадамжайдагы сурьма комбинаты менен Айдаркен сымап комбинаттарына башкы инвестор катары аталып жүрөт. Салык кызматы былтыр ишкананы салык боюнча 44 млн. сом карызы менен алдыңкы ондук тизмеге киргизген.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG