Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:55

Байсалов аша чапкан блогерлер тартипке чакырыларын айтты


Эдил Байсалов
Эдил Байсалов

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Фейсбуктагы баракчасына блогерлердин ишин сындап жазды.

Ал блогер Улукбек Карыбек уулунун бала бакчага кирип барган тасмасындагы сүрөтүн коюп, мындай ишмердүүлүк артында саясий карьера жасоо максаты турат деген оюн билдирген.

Байсалов мамлекеттик же менчик мекемелерге уруксатсыз кирип барып, иштеп жаткан кызматкерлерди кекетүү же суракка алуу мыйзамсыз деп эсептейт.

“Бирок, урматтуу мекендештер, биздин мыйзам боюнча, журналист эмес, мамлекеттик кызматтарда да андай текшерүү укугу жок. Санэпидстанция бир ишкананы текшерүүдөн мурда, жазуу түрүндө баланча күнү барарын маалымдайт деп турат мыйзамда. Жеке менчик фабрика же дүкөн болобу, мамлекеттик бала бакча же ооруканабы, дүйнө жүзү боюнча кирип-чыгыш жана өзгөчө, видеого тартуу боюнча атайын чектөөлөр болот. “Медициналык сыр”, “жеке турмуш” жана “коммерциялык сыр” түшүнүктөрүн биз сыйлашыбыз абзел”, - деген Байсалов өкмөт сөзсүз түрдө мындай чектен чыккан көрүнүштөргө чара көрөрүн кошумчалады.

Блогер Фейсбук баракчасы аркылуу Байсаловго жооп берди. Улукбек Карыбек уулу кайрылуусунда, эгерде министрликтер, мэриянын кызматкерлери, өз ишин сапаттуу аткарса, анда соцтармактар аркылуу миңдеген адамдар бизге кайрылышпайт эле деп белгилеген.

“Сиз бала бакчага тиешелүү менин чыгарылышымдан, менин ал жакка кандай киргендигимди көрбөй-билбей, сынга албаңыздар. Мен тараптан мыйзам бузуу фактысы болсо, кайсы мыйзамды бузгандыгымды көрсөтүп бериңиздер”.

Журналист, блогер Улукбек Карыбек уулунун Ютуб каналында 423 миң катталуучу бар. Ал соңку бир жылдан бери Кыргызстанды кыдырып, аймактагы социалдык көйгөйлөрдү, мамлекеттик мекемелердеги коррупцияларды чагылдырып келет.

Анын айрым медициналык, билим берүү мекемелериндеги коррупция жана башка маселелерди жеринен чагылдырганы, Тажикстандан көчүп келген этникалык кыргыздардын паспорт алуудагы түйшүгүн интернетке чыгарганы кайчы пикирлерди жараткан. Бир катар медициналык мекемелердин кызматкерлери анын үстүнөн президентке кайрылышкан.

Карыбек уулу 2021-жылдагы парламенттик шайлоого “Эл үмүтү” партиясынан талапкер болгон.

Кыргызстанда сөз эркиндигине кысым күчөгөнүн эл аралык уюмдар, укук коргоочулар айтып келет. Айрым эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин "чектен чыккан цензураны" токтотууга чакырышкан.

Бийликти сындаган бир катар блогерлер камалып чыкты, ушул тапта да камакта отургандары жана сурак берип жаткандары бар.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG