Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:28

"Алькони" заводунда өрт чыкты


"Алькони" заводунда чыккан өрт. 31-март, 2023-жыл.
"Алькони" заводунда чыккан өрт. 31-март, 2023-жыл.

31-мартка караган түнү, саат 03:10до Бишкектеги жарым фабрикат тамак чыгаруучу "Алькони" заводунда өрт чыкканы тууралуу маалымат түшкөн.

Кырсык болгон жерге беш өрт өчүрүүчү бөлүк тартылып, жыйынтыгында өрт саат 6:00го чукул өчүрүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, жалын 3 500-4 000 чарчы метр жерди каптаган. Учурда өрттүн себеби жана кесепети такталып жатат.

Акыркы аптада бир нече жерде өрт катталды.

30-мартта Бишкектеги "Ала-Арча" соода борборунда да өрт чыгып өчүрүлгөнү кабарланган.

24-март күнү Боом капчыгайындагы талаада өрт чыгып, анын жалыны болжолдуу түрдө 50 гектар аянтты каптаган. Өрт толугу менен саат кечки саат 21:30да өчүрүлүп, кайрадан өрт чыгып кетишин көзөмөлгө алуу максатында нөөмөт уюштурулган. Эртеси күнү кайра тутанган өрт тез эле өчүрүлгөн.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG