Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:14

"Демократия үчүн саммиттин" декларациясын айрым өлкөлөр колдогон жок


АКШ президенти Жо Байден саммитте.
АКШ президенти Жо Байден саммитте.

"Демократия үчүн саммитке" кошулган 121 өлкөнүн ичинен 73 өлкө жыйындын декларациясын колдоп, кол койду. "Америка авазы" радиосунун маалымдашынча декларация демократиянын негизги принциптерин колдоо, адилет жана эркин шайлоолорду өткөрүү жана Украинага кол салганы үчүн Орусияны жоопкерчиликке тартууну колдоого чакырат.

Саммитте АКШ президенти Жо Байден коррупция менен күрөшкө, адилет жана эркин шайлоолорду өткөрүүгө, демократиялык өкмөттөрдү колдогон технологияларды алга жылдыруу үчүн 690 миллион доллар бөлүү пландалып жатканын айткан.

"Биз тарыхый алмашуу мезгилинде турабыз. Биздин бүгүн кабыл алган чечимдерибиз алдыдагы ондогон жылдардагы тарыхыбызга таасир этет", - деди Байден саммиттеги сөзүндө.

Индия, Израиль жана Филиппин баштаган 12 өлкө адам укуктарын бузгандарды жоопко тартуу жана Эл аралык кылмыш сотунун маанисин тааныган параграфка кошулбай турганын билдиришти.

Ак үй администрациясынын өкүлү декларация ачык турганын, каалоочулар эми деле ага кол кое алышарын билдирди.

2021-жылы президенттикке ат салышып жатып, Жо Байден демократияны өнүктүрүү үчүн 400 млн. доллар бөлөрүн айткан.

Укук коргоочулар саммитке кошулган өлкөлөр демократияны жакшыртканына далилдер жоктугун белгилеп, алардан мурдагы жыйында алган милдеттенмелерин аткарганын талап кылуучу механизм болушу зарылдыгын айтышууда.

Аз убакыт мурда эле Израилде премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун өкмөтү сот бийлигин алсыздантуучу реформа кылууга аракеттенди. Мексиканын бийлиги шайлоого көз салуучу органды жоюп салууга аракет жасады. Ал эми Индия өкмөтү оппозициячы депутатты парламенттен чыгарды. "Америка авазы" мунун баары Байдендин дүйнөдө демократия күчтөнүп жатат деген сөзүнө каршы келерин белгиледи.

"Демократия үчүн саммитке" 121 мамлекеттин лидерлери чакырылган. Freedom House уюму чакырылгандардын бардыгын эле демократиялуу өлкө деп атоого болбой турганын билдирди. Уюм тескерисинче, авторитаризм глобалдык алкакта жайылып жатат, ал эми демократиялык мамлекеттердин саны азайып баратат деп эсептейт.

Москва менен Бээжин иш-чарага чакырылган эмес. Алар саммитти өткөрүүнү эки жүздүүлүк деп сындашты.

Буга чейинки ушундай саммит 2021-жылы уюштурулган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG