Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:02

Москва соту The Wall Street Journal гезитинин кабарчысын камакка алуу чечимин чыгарды


Эван Гершкович
Эван Гершкович

Москва шаарынын Лефортово соту The Wall Street Journal гезитинин тыңчылыкка шектелген кабарчысы Эван Гершковичти 29-майга чейин камоо чечимин чыгарды. Бул тууралуу Орусиянын маалымат агенттиктери жазды. Америкалык журналист 29-мартта Екатеринбург шаарында коопсуздук кызматы (ФСБ) тарабынан кармалган.

ФСБ Гершкович АКШнын тапшырмасы менен аскердик өнөр жай комплексинин ишканаларынын бири тууралуу маалымат чогултуп жүргөн деп эсептейт. Кайсы ишкана экени айтылган жок.

30-мартта Орусияда алты жылдай иштеп жүргөн журналист “Вагнер” компаниясы тууралуу материал даярдап жүргөн жеринен Екатеринбургда дайынсыз жоголгону белгилүү болгон.

Кремль журналист мыйзамсыз «иштин үстүнөн кармалганын» билдирди. Орус Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова кабарчынын Екатеринбургдагы ишмердигинин "журналистикага байланышы болбогонун" айтты.

Басылманын редакциясы ФСБнын айыптоолорун четке кагып, кабарчысын дароо кое берүүнү талап кылды. Анын коопсуздугуна тынчсызданып жатканын кошумчалады. Адвокатына аны менен жолугушууга уруксат берилбегени кабарланды.

Кансыз согуш аяктагандан бери америкалык кабарчылар Орусияда темир тор артында кармала элек болчу. Бул окуя Кремль Украинага каршы баштаган согуш маалында Москва менен Вашингтондун ортосунда чыңалуу күчөп жатканын айгинелейт.

«Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюму «журналисттер бутага айланбашы керек» деп Твиттерге жазды.

Гершкович мурда Agence France-Presse, The Moscow Times жана The New York Times басылмаларында иштеген.

Орусияда тыңчылыкка айыпталгандар 12-20 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG