Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:42

Жапония Орусияга дрон экспортун тыйды


Украин президенти Владимир Зеленский менен Жапониянын өкмөт башчысы Фумио Кисида.
Украин президенти Владимир Зеленский менен Жапониянын өкмөт башчысы Фумио Кисида.

Жапония 7-апрелден тарта Орусияга учкучсуз учак, болот жана алюминий экспортун токтотот. Бул тууралуу өлкөнүн Экономика, соода жана өнөр жай министрлиги кабарлады.

Экспорттук чектөөлөргө космостук жабдуулар, аларга керектүү каражаттар, авиация, кеме кыймылдаткычтары, от казандар, экскаватор, бульдозерлер, электр жабдуулары, оптикалык аппараттар, оптикалык куурлар, оюнчуктар ж.б. кирди.

Өткөн жумада Жапониянын премьер-министри Фумио Кисида Украинага барып, 5,5 млрд. доллардык жаңы жардам пакети тууралуу жарыялаган. Каражат Украинанын энергетика, айыл чарба тармагын кайра калыбына келтирүүгө, өлкө аймагын миналардан тазалоого жумшалат.

Жапония Украинага жерде жүрө турган аскердик техника үчүн 30 млн. доллар бере турганы маалым болду.

Февралдын этегинде Жапония Орусиянын Украинага кол салуусунан улам 94 уюм жана 48 жаранына карата санкция киргизгени маалым болгон. Кара тизмеге "Калашников" ишканасынын жетекчиси Алан Лушников, Орусиянын коргоо министринин орун басары Виктор Горемыкин жана "Вагнер" жеке аскердик тобу кирген. (BCh)

XS
SM
MD
LG