Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:08

Маңзат жеткиргендердин сабалышына байланыштуу ИИМ кылмыш ишин козгоду


Маңзат сатуучулардан алынган зат. Иллюстрациялык сүрөт.
Маңзат сатуучулардан алынган зат. Иллюстрациялык сүрөт.

Социалдык тармактарда маңзат жеткирип иштегендердин сабалганы тартылган тасма боюнча Ички иштер министрлиги (ИИМ) кылмыш ишин козгоду.

Министрликтин басма сөз кызматы козголгон кылмыш ишинин алкагында териштирүү иштери башталганын 31-мартта билдирди.

Бул кылмыштын курмандыгы болгондорду Маңзаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына кайрылууга чакырды.

“Жеңил акча сунуштаган шектүү шилтемелерге азгырылуудан сак болуңуздар. Мындай акча сизди жана жакындарыңызды бузушу мүмкүн. Баңги кылмыштарынын дүйнөсү өтө катаал!", - деп билдирди милиция.

Маалыматта бул багытта маалыматтык-түшүндүрүү иштери жүргөнүнө карабай, жумуш издеген жарандар маңзатты мыйзамсыз сатуга тартылып жатканы жазылган.

ИИМ Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси ("Маңзат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо") боюнча кылмыш кылган адам далил заттарды ыктыярдуу өткөрүп берсе жана буга байланышкан кылмыштардын, аны менен алектенген адамдардын бетин ачууга көмөктөшсө жоопкерчиликтен бошотуларын да эскертүүдө.

30-мартта социалдык тармактарда белгисиз бирөөлөр маңзат ташуу үчүн акча алып, аны аткарбай койгону айтылган адамдарды сабап жатканы тууралуу тасма тараган.

Маңзат ташып, оңой акча табууга чакырган түрдүү интернет каналдарда мындай тасмалар ондоп саналат.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын жылдык жыйынында, 2022-жылы баңгизатка байланыштуу 463 кылмыш аныкталып, 11 лабораториянын ишине бөгөт коюлганы айтылган.

Маалыматка караганда, маңзатты мыйзамсыз жүгүртүүдөн дээрлик 6,6 тонна баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор алынган. Басымдуу бөлүгүн прекурсорлор түзөт (5 тоннадан ашуун). Милиция бир жыл ичинде 76 кг героин, 169 кг гашиш, 281 кг марихуана, 230 кг психотроптук заттар, кара куурай, апийим кармалганын маалымдаган. (ZKo)


XS
SM
MD
LG