Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:08

Автоунаалардын кармалышы боюнча кыргыз-беларус бажычылары сүйлөштү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 31-мартта Кыргызстандын Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков Беларустун Бажы комитетинин төрагасы Владимир Орловский менен телефондон сүйлөштү.

Алар Кыргызстанга ташылган автоунаалардын беларус бажысында кармалып турушуна байланыштуу маселени чечүүнү талкуулашты.

Бул тууралуу аталган кызматтан кабарлады. Маалыматка караганда, "тараптар топтолгон автотранспортторду өткөрүүнү тездетүү иштерин жүргүзүү зарылчылыгы боюнча өз ара түшүнүшүүгө келишкен".

Мунун алдында бажы кызматынын башчысынын орун басары Улан Кимсанов ушул маселе боюнча ишкерлер менен жолуккан.

Кыргызстанга ташылып келаткан 500дөн ашуун автоунаа жыл башынан бери Беларуста кармалып турганын "Азаттыкка" машине ташып иштеген ишкелер 29-мартта билдиришкен. Алар бул маселеге көңүл буруп, маселени ЕАЭБ алкагында кароону, уюмдун экономикалык комиссиясына алып чыгууну кыргыз өкмөтүнөн суранышкан.

Беларус бажысы Кыргызстанга ташылып келаткан автоунаалардын баасы документтерде төмөндөтүлүп көрсөтүлүп келгени үчүн тиешелүү анализ жүргүзүү мезгилинде кармалып турганын Кыргызстандын Минскидеги элчилигине маалымдаганы кабарланган.

АКШ, Европа өлкөлөрүнөн автоунаалар Кыргызстанга алгач Литва, андан Беларус аркылуу алып келинет. Мындан тышкары, Абхазиядан Орусияга, андан кийин Кыргызстанга алып келинген автоунаалар бар. Бир жыл мурдагы маалыматка ылайык, Кыргызстанга Абхазиядан болжол менен жети миңден ашуун машине кирген.

Кыргызстан менен Беларус Евразиялык экономикалык биримдиктин мүчөсү. Бул уюмга мүчө мамлекеттердин ортосунда товарлар эркин жүгүртүлүшүнө шарт түзүлүшү керек. Бирок ЕАЭБ шарттарына ылайык, Кыргызстанга биримдиктен башка өлкөлөрдөн автоунаа алып кирүүнүн салыгы кымбаттап, ал эми оң рулдуу машинелерге таптакыр тыюу салынган. Сырттан ташылып кирген автоунааларга чыккан жылына жана кыймылдаткыч күчүнө карата бажы төлөмү алынат. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG