Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:19

Бердымухамедовдун урматына курула турган шаарга 5 млрд. доллар жумшайт


Жаңы шаардын планы.
Жаңы шаардын планы.

Түркмөнстан Гурбангулы Бердымухамедовдун урматына курулуп жаткан шаарга 5 миллиард доллар коротот.

Бул тууралуу 29-мартта “Франция 24” телеканалы түркмөн аткаминерлерине таянып билдирди.

"Шаар куруунун биринчи айлампасында 3,3 млрд. доллар, экинчисинде дагы 1,5 млрд. доллар керек", - деди курулуш боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Дерягелди Оразов.

Дүйнөлүк банктын маалыматында Түркмөнстандын ички дүң өнүмү 45 млрд. долларга жетет. Аркадаг шаарынын курулушу республиканын жылдык кирешесинин 10% түзөт.

Ахал облусунун жаңы административдик борбору катары Аркадаг шаары курулары 2019-жылы белгилүү болгон. Түркмөн бийлиги 2020-жылы февралда курулушка 1,5 млрд. доллар сарпталарын айткан.

Аркадаг түркмөн тилинен которгондо "колдоочу" дегенди билдирет. Өлкөнүн мурдагы президенти, парламенттин жогорку палатасынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов ушундай наамга ээ.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG