Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:56

Дональд Трампка прокуратура айып такты


Доналд Трамп
Доналд Трамп

Манхэттендеги арачылар соту АКШнын мурдагы президенти Дональд Трампка айып тагуу чечимин колдоду. Муну менен ал кылмыш иш ачылып жаткан алгачкы экс-президент болуп калды. Трамп айыптарды четке кагып, ишти “саясий куугунтук” деп атады жана 2024-жылкы шайлоодо ат салышуу планынан баш тартпай турганын билдирди.

Арачылар сотунун чечими тууралуу кабарды адегенде америкалык гезиттер таратып, бир нече сааттан кийин аймактык прокурор Элвин Брэггдин кеңсеси маалыматты бышыктады. Январь айында ал Трампты сот жообуна тартуу маселесин чечүү үчүн арачылар соту чогулткан.

“Трамп мырзанын Жогорку соттун айыбын угузуу үчүн Манхэттен аймактык прокурорунун кеңсесине колго түшүп беришин координациялоо үчүн бүгүн кечинде анын адвокаты менен байланыштык. Тагылып жаткан айып чапталып, конверт ачыла элек. Айып тагылган күн тандалганда, кошумча көрсөтмөлөр берилмекчи”, - деп билдирди прокурордун кеңсеси.

Сторми Дэниелс. Нью-Йорк, 17-апрель 2018-жыл
Сторми Дэниелс. Нью-Йорк, 17-апрель 2018-жыл

Экс-президент порноактриса Сторми Дэниелске аны менен жыныстык катнашта болгону тууралуу маалыматты ачыкка чыгарбасын деп 130 миң доллар төлөгөнү үчүн айыпталууда.

Иштин материалдарына ылайык, окуя 2016-жылкы президенттик шайлоо алдында болгон.

Трамптын күнөөсүнүн конкреттүү формулировкасы белгисиз, бирок CNN телеканалы ага бизнес көз боёмочулугуна байланышкан 30 пункттан турган айып тагылганын кабарлады.

Трамп өзү Дэниелс менен жыныстык катнашта болгонун танып келет. Арачылар соту чечимине байланышкан билдирүүсүндө ишти «саясий куугунтук», «шайлоого кийлигишүү» деп сыпаттады.

Демократиялык партиянын өкүлү, прокурор Брэггди "Жо Байдендин ордуна ыплас ишти жасап жатат, шайлоону жеңүүгө бут тосууда" деп айыптады.

Ал ошондой эле 2024-жылкы шайлоодо ат салышуу планынан баш тартпасын кошумчалады.

Рейтер агенттигинин маалыматына караганда, жакынкы күндөрдө судья дооматтарды ачыкка чыгаргандан кийин Трампка бармак изин тапшыруу, сүрөткө түшүү өңдүү процедуралардан өтүүгө туура келет.

Анын адвокаты Сьюзан Нечелес экс-президент сотко 4-апрелде барышы ыктымал деп бир нече маалымат каражатына жазуу түрүндө билдирди.

Трамптын мурдагы адвокаты Майкл Коэн
Трамптын мурдагы адвокаты Майкл Коэн

Ал эми Би-Би-Си порноактирсага төлөмдүн өзү мыйзамсыз болуп эсептелбегени менен экс-президент жана адвокаты аны юридикалык кызмат көрсөтүү деп расмий катташканын маалымдайт.

Нью-Йорк штатында мындай иш документтерди бурмалоо кылмыш болуп эсептелет жана ал үчүн жоопко тартуу каралган.

2018-жылы Трамптын мурдагы адвокаты Майкл Коэн фальсификация үчүн үч жылга кесилген. Ошол маалда мамлекет башчы кызматын эллеп турган Трампка айып тагылган эмес.

Арачылар сотунун коллегиясы чыгарган чечим белгилүү болору менен экс-президенттин тарапташтары анын Флоридадагы үйүнүн жанына чогулду:

"Бул айыптоолор чындап эле ишке ашатт деп атасыңарбы? Эски окуя үчүн президенттик жарыштан четтетип салат деп атасыңарбы Жок! Мен бир секундага ишенбейм. Президент Трампка добуш берем", - деп айтты анын колдоочуларынын бири.

Экс-президентке каршы мындан тышкары дагы бир нече иликтөө жүрүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG