Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:56

АКШ: Трамптын импичмент соту чечүүчү учурга жакындады


Колорадодон шайланган конгрессмен демократ Жо Негусе мырза Өкүлдөр үйүнүн импичмент сотундагы айыптоочусу катары Сенаттагы сот отурумунда сүйлөөгө камынууда. 2021-жылдын 9-февралы.
Колорадодон шайланган конгрессмен демократ Жо Негусе мырза Өкүлдөр үйүнүн импичмент сотундагы айыптоочусу катары Сенаттагы сот отурумунда сүйлөөгө камынууда. 2021-жылдын 9-февралы.

АКШ Сенатында мурдагы президент Доналд Трампка каршы импичмент соту улантылды. Жума күнү Трамптын адвокаттары өз жүйөөлөрүн ортого салып, аны актаган жүйөөлөрүн айтып чыгышты. Андан соң эки тарапка тең кайчы суроолор берилди. Эми ишембиде сот жүрүмү улантылмакчы.

Жума күнү, 12-февралда, Вашингтон убакыты боюнча түшкө маал АКШнын мурдагы президенти Доналд Трамптын адвокаттары аны коргоо боюнча өз жүйөөлөрүн Сенатта жарыялай башташты. Ал эми Трамп өзү бул сот жүрүмүнө катышуудан баш тартып койду.


Мурдагы президенттин адвокаттары ушул аптада Сенатта өтүп жаткан импичмент боюнча сот жүрүмүндө өз кардарын коргоо максатындагы жүйөөлөрдү келтирүү үчүн 16 саатка чейинки мөөнөттүк мүмкүнчүлүгү бар болчу, бирок жактоочулар өздөрүнө бир нече саат гана керек деп билдиришти.

Отурумдун башында Трамптын адвокаты Майкл Ван дер Вин (Michael van der Veen) азыркы импичмент далаалаты "Конституцияга каршы келет" жана Демократиялык партия тарабынан экс-президентке карата саясий өч алуунун "кыжыр келтирчү" аракети деп билдирди.

Доналд Трамптын адвокаты Майкл Ван дер Вин сүйлөөдө. 12.2.2021.
Доналд Трамптын адвокаты Майкл Ван дер Вин сүйлөөдө. 12.2.2021.


Ошондой эле, ал Доналд Трамп мамлекет башчысы катары 6-январда эртең менен Вашингтондогу Ак Үйдөн маңдайында өз тарапкерлерин "тынч мүнөздөгү патриоттук" нааразылык чарасына гана чакырган жана Капитолийдеги зордук-зомбулук аракеттерин токтотууну талап кылган, деп өз мисалдарын келтирди.

Адвокат ошондой эле 6-январда укук коргоо кызматкерлери тарабынан алгачкылардан болуп кармалган «Антифа» кыймылынын лидерлеринин бири кайра биринчилерден болуп боштондукка чыккандыгына таң калгандыгын айтты. Майкл Ван дер Виндин пикири боюнча, 6-январда тополоң уюштуруп, зордук-зомбулукка барган кишилер Трампты жактап нааразылык чарасына чыккан көпчүлүккө караганда таптакыр башка максаттарды көздөшкөн.

Трамптын дагы бир жактоочусу, адвокат Дэвид Шоен (David Schoen) өз кезегинде, демократтар – импичмент сотунун быйылкы айыптоочулары Трамптын интернеттин коомдук тармактарындагы сөздөрүн таптакыр терс жакка багыттап, ал тургай айдан-ачык бурмалоого чейин барып жатышты жана алар Сенатта келтирген айыптоо корутундусунда көрсөтүлгөн видео кадрларды да бир беткей колдонушту, деп айрым учурларды мисал келтирди.


Трамптын айыптоочуларынын Капитолийдеги зордук-зомбулукту жана козголоңду анын курч билдирүүлөрү шыкактады деген доолоруна жооп кылып, адвокат Шоен, ошондой эле, Трамп жана анын тарапташтары менен күрөшүүгө чакырган мындай катаал сөздөрдү Демократиялык партиянын ири саясатчылары өздөрү деле колдонуп жатышты, деп эсептээрин баса белгилеп, айрым шилтемелерди окуп мисал келтире кетти.

Мындан тышкары, Шоендин айтымында, чындыгында, көптөгөн демократ саясатчылар өз билдирүүлөрү менен 2020-жылы бүтүндөй өлкөнү каптаган ар кандай ашынган тополоңчулардын мыйзамсыз аракеттерине шыкактап келишти. Алар айрым жерлерде мүлктү өрттөп же ойрондоп, полициячыларга жана полиция бекеттерине кол салып жатышты, деди Шоен.



Тасма. Д.Трамптын адвокаттары Сенаттагы импичмент сотунда өз жүйөөлөрүн ортого салышты. 2021-жылдын 12-февралы.


Адвокат Шоен андан кийин бир кызыктай жүйөөнү келтирди. Анын оюнча, Өкүлдөр үйүнүн демократтары импичмент боюнча беренени сунуш кылууну негизсиз түрдө создуктурушкан.

Бирок, таң калыштуусу, Демократиялык партиянын лидери Чак Шумердин сот ишин токтоосуз баштоо үчүн чукул жыйын чакырууну суранганына карабастан, ошол кездеги АКШ Сенатынын көпчүлүгүнүн лидери, республикачы Митч МакКоннелл өзү Сенатты тыныгуудан отурумга эрте чакырбай тургандыгын айткан болчу.


12-февралда азыркы президент Жо Байден маалымат жыйыны маалында эми демократтар Трамптын тарапкерлерин тополоңго үндөгөндүгү жөнүндө далилдерди келтиргенден кийин республикачылар кандайча добуш берээрин өзгөчө чыдамсыздык менен күтүп жаткандыгын айтты:

"Мен республикачы досторумдун эми эмне кылаарын көрүүнү чыдамсыздык менен күтүп отурам", – деди Байден Ак үйдө журналисттерге.


Айрым жалпыга маалымдоо каражаттарынын билдиришинче, мурдагы президенттин мурунку адвокаттар тобу Сенаттын соту башталаардан мурун кызматтан кеткенден кийин жумушка жаңыдан алынган адвокаттары Дэвид Шоен менен Брюс Кастордун ишине Трамптын өзүнүн ичи анчейин бышпай жатат.

Жалпысынан, бейшембиде айыптоочулар Трамп 6-январда тополоңчуларды шыкактагандыгы айдан ачык далилденди, деп санашса, жума күнү чыгып сүйлөгөн Трамптын адвокаттары алардын доосун четке кагып, мындай бүтүмгө эч негиз жок, Трамп жөн гана Башмыйзам кепилдик кылган сөз эркиндиги жаатындагы өз укугун колдонуп, жалпы эле чечендикке салып сүйлөгөн деп далилдөөгө умтулушту.

Андан соң, 12-февралда кечирээк Сенаттагы сот отурумунда айыптоочу тарапка да, жактоочу тарапка да кайчы суроолор жазуу түрүндө жаадырылып, оозеки жооптор ортого салынып жатты.

Эми 13-февралда Сенатта бул иш боюнча добуш берүү аркылуу жыйынтык чыгарылаары күтүлүүдө.

Саал артка кылчайсак, быйыл 6-январда АКШ Сенаты менен Өкүлдөр үйүнүн биргелешкен отурумунда былтыркы ноябрдагы президенттик шайлоодо Байден жеңгендиги тууралуу Шайлоочулар коллегиясынын баяндамасы кабыл алынган жаткан кезде, Трамптын миңдеген тарапташтары АКШ Конгрессинин имараты болгон Капитолийди капысынан күч менен басып алышып, бул отурумга бир нече саатка үзгүлтүк кылышкан.

Кайра чогулган конгрессмендер баары бир Жо Байден былтыркы президенттик шайлоодо расмий жеңгендигин биротоло тастыкташкан.

Трамп бир күндөн кийин гана (7-январда) Капитолийдеги тополоңду айыптап чыккан.

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр үйүнүн демократтары болсо Доналд Трамп кызматтан расмий түрдө 20-январда кеткенден бир нече күн мурун эле (б.а. 13-январда) ага импичмент жарыялаган болчу.


Доналд Трамп ушуну менен экинчи жолу импичмент жүрүмүнө кабылып жатат. 2020-жылы февралда АКШ Сенаты, Өкүлдөр үйүнөн айырмаланып, Трампты кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы жана АКШ Конгрессинин тергөө ишине тоскоолдук кылгандыгы үчүн күнөөлүү деп табуу тууралуу доону четке каккан.


Азыркы импичменттик сот жүрүмү – адаттан тышкары, анткени эгерде Трамп сотто айыптуу деп табылчу болсо, аны кызматтан кетирүүгө болбойт, себеби 20-январдан кийин ал ансыз деле мамлекет башчысы болуп саналбайт эмеспи.

Бирок Трамп айыптуу деп табылса, андан кийин дагы бир жөнөкөй добуш берилет да, бери дегенде 51 кишинин добушу аркылуу ал болочокто кайрадан президенттикке талапкер катары катталуу укугунан ажырайт. Демократтар Доналд Трамптын келечекте мамлекеттик ири кызматка баруусуна биротоло тыюу салынышын талап кылышууда.

Албетте, мунун өзү Трамптын болочокто кайсы бир талапкерди колдоо укугун эч чектебейт.

АКШ Сенатындагы 50 орунду ээлеген демократтар жана аларды колдогон көз карандысыз сенаторлор азырынча республикачылардын алтоону гана өздөрүнө тарта алышты.

Жыйынтыктоочу добуш берүүдө алар кеминде 17 республикачы сенаторду өз тарабына тарта алышпаса, анда республикачылардан болгон мурдагы президент Трамп бул сот жүрүмүндө деле акталып чыгышы ажеп эмес.

(Импичмент сотунда президентти айыптуу деп табуу үчүн жалпы добуштардын үчтөн экиси, башкача айтканда, кеминде 67 сенатордун добушу импичментти жактап берилүүгө тийиш).

Бирок Трамп акталып чыкканда деле баары бир АКШ тарыхында эки жолу импичмент сотуна кабылган жападан-жалгыз президент деген атка калып жаткандыгы шексиз.


Кандай болсо да, дал ушул импичмент жүрүмү президенттик башкаруу түрү өкүм сүргөн ири мамлекет болгон Кошмо Штаттарда президент сот бийлигин да, парламентти да авторитардык мамлекеттердегидей өзүнүн кол баласы кыла албай тургандыгын, президент да жоопкерчиликти тартышы мүмкүн экендигин тастыктаган укуктук механизмдердин бирин шардана кылып турат.

XS
SM
MD
LG