Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:48

АКШ: Импичмент маселеси добушка коюлат


АКШ президенти Дональд Трамп.
АКШ президенти Дональд Трамп.

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы президентке импичмент жарыялоо маселесин колго салганы турат.

Дональд Трамп "Украинага аскердик жардам берүүнү жеке кызыкчылыгына байлаган жана Конгресстин ишине тоскоолдук түзгөн" деп айыпталууда. Президентке ишеним көргөзбөө маселеси Өкүлдөр палатасында колдоо тапса, ал андан ары Сенатта талкууланат. Трамп импичмент маселесин сындап, аны төңкөрүш аракети катары баалап келатат.

Кошмо Штаттарда Өкүлдөр палатасындагы демократтардын демилгеси менен сентябрда башталган, президент Дональд Трампка импичмент жарыялоо маселеси добуш берүүгө келип жетти.

Америкалык маалымат каражаттары Өкүлдөр палатасында президентке импичмент жарыялоо сунушу колдоо табарын жазып жатат. Анткени 435 орундуу Өкүлдөр палатасында Демократтар көпчүлүктү түзүп, 232 орунду ээлейт. Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси мыйзам чыгаруучуларга кайрылып, “Конституцияны коргоо антын аткарууга тийишпиз” деп үндөдү.

Ал эми президент Дональд Трамп добуш берүүнү утурлай Пелосиге кат жолдоп, демократтардын жетекчилигин “америкалык демократияга каршы ачык согуш жүргүзүп жатат” деп күнөөлөдү. Импичмент маселеси козголо баштагандан бери Трамп төңкөрүш аракети көрүлүп жатканын айтып келет.

- Импичмент - башынан акырына чейин жалган. Биз иштин Сенатка келишин чыдамсыздык менен күтөбүз. Биздин адвокат жалдоого укугубуз жок, күбөлөрдү чакырууга укугубуз жок, палатада эч нерсеге укугубуз болгон жок. Бул башынан аягына чейин алдамчылык, - деди АКШ президенти Дональд Трамп.

Өкүлдөр палатасы импичмент сунушун жактырса, андан ары документ Сенатка жөнөтүлмөкчү. Сенат президентти кызматтан четтетип же четтетпөөнү чечет. Байкоочулар импичменттин жактоочулары керектүү сандагы добуш ала алышпайт деп болжолдошот. Сенатта азычылыкты түзгөн демократтардын өкүлү Чак Шумер Республикачылардын лидери, спикер Митч Макконнеллге кат жолдоп, Өкүлдөр палатасындагы жыйындарга келбей калган Президенттик администрациянын маанилүү кызматты ээлеп турган адамдарын суракка алууну сунуштады.

Шумер бир катар кызмат адамдарын, анын ичинде Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчиси Жон Болтонду сураш керек деген ойдо.

- Адилет сот сенаторлор бардык фактыларды алып, алар калыс чечим чыгарууга негиз болгондо гана болот. Биз сунуштап жаткан төрт күбө эмне үчүн Украинага жардам кечиктирилгенине түз байланышы бар.

Ал эми спикер Митч Макконнелл Сенатта импичмент маселеси күбөлөрдү чакырып отурбай эле тез арада каралышы мүмкүн экенин айтып жатат. Ал Сенаттын милдети жаңы фактыларды издөө эмес, буга чейин тагылган айыптарды гана кароо деп эсептейт:

- Сенат судья жана сот арачысы катары гана сот жараянын карай алат. Ал иликтөөнүн бардык фктыларын кайра иликтөөнү баштабайт.

АКШда президентке импичмент жарыялоо жараянына жеткирген саясий жаңжал Трамп менен украин президенти Владимир Зеленскийдин телефон аркылуу сүйлөшүүсүнөн улам башталган. Атайын кызматтагы булак анда Кошмо Штаттардын президенти өзүнүн башкы саясий атаандашы, мурдагы вице-президент Жо Байден менен анын уулу Хантер Байдендин Украинадагы иштерин иликтөөгө ынандырган деп маалымат берген. Президент Трамп буга байланыштуу терс пикирдеги дооматтардын баарын четке кагып келет.

АКШнын Конституциясына ылайык, президент чыккынчылык, паракорлук жана башка оор кылмыш үчүн кызматтан четтетилиши мүмкүн.

Өкүлдөр палатасында президентке импичмент жарыялоо үчүн депутаттардын жарымынан көбүнүн добушу талап кылынат. Эгер ал колдоо тапса, маселе андан ары Сенатта каралат. Ал эми Сенатта президентти кызматтан кетирүү үчүн депутаттардын үчтөн экиси добуш берүүгө тийиш.

Американын тарыхындагы импичмент маселеси бир да жолу Сенатта колдоо тапкан эмес. Анын үстүнө азыр Сенатта Трампты сүрөгөн Республикачылар партиясы көпчүлүктү түзөт.

АКШнын тарыхында эки президент – 1868-жылы Эндрю Жонсон жана 1998-жылы Билл Клинтонго ишеним көрсөтпөө жараяны жүргүзүлгөн. Экөөнүн тең иши Сенатка жетип, бирок андан колдоо тапкан эмес.

Өкүлдөр палатасы 1974-жылы Ричард Никсонго каршы импичмент жарыялаган. Бирок ал иш Сенатта каралганга чейин эле кызматтан кеткен.

Ричард Никсон - АКШнын тарыхындагы кызматта турган кезинде отставкага кеткен жалгыз президент.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG