Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:36

Импичмент боюнча коомдук угуу өтөт


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШнын Өкүлдөр палатасында президент Дональд Трампка импичмент жарыялоо демилгесине байланыштуу коомдук талкуулар 13-ноябрда башталып, түз эфирде көрсөтүлмөкчү.

Президентке импичмент жарыялоо жаңжалы Дональд Трамп менен Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин 25-июлдагы телефон аркылуу сүйлөшүүсүнөн улам башталган.

Конгресстеги демократтар Трамп президенттик кызматты жеке өзүнүн саясий кызыкчылыгы үчүн пайдаланган деп айыпташууда. Трамп мындай дооматтарды четке кагып келет.

Тарыхый жактан сейрек жана машакаттуу импичмент жараяны АКШнын президенти Дональд Трамп кызмат абалынан кыянат пайдаланганбы, президенттик ордун жеке жана саясий кызыкчылык үчүн колдонуп, украин бийлигин өзүнүн саясий атаандашына карата иликтөө жүргүзүүгө мажбурлаганбы дегенди аныкташы керек.

Коомдук талкууда күбөлөрдүн жооптору телеканалдар аркылуу түз эфирде көрсөтүлмөкчү. Мурдагы көрсөтмөлөрдүн баары жабык өтүп келгени үчүн коомдук угууларга кызыгуу күч болуп турат.

- Телеканалдар аны сиздин конок жана уктоочу бөлмөңүзгө, кеңсеңизге, ноутбугуңузга, телефонуңузга чейин алып келип көрсөтөт. Мунун эмоционалдык мааниси чоң, анткени сиз бул нерселерди күбөлөрдүн өзүнөн угасыз, - деди америкалык саясат таануучу Леонард Стейнхорн.


АКШда президентке импичмент жарыялоо жараянына жеткирген саясий жаңжал Трамп менен украин президенти Владимир Зеленскийдин 25-июлдагы телефон сүйлөшүүсүнөн улам тутанган. Атайын кызматтагы булак анда Кошмо Штаттардын президенти өзүнүн башкы саясий атаандашы, мурдагы вице-президент Жо Байден менен анын уулу Хантердин Украинадагы иштерин иликтөөгө ынандырган деп маалымат берген.

Жо Байден - 2020-жылдагы шайлоодо демократтардын атынан Трампка атаандаш болору айтылып келет.

Демократтар басымдуулук кылган Өкүлдөр палатасы Украинага басым кылуу максатында Киевге бөлүнгөн 390 миллион долларлык аскердик жардамды Трамптын администрациясы атайылап кечиктирген дегенге көңүл буруп, президент «ыйгарым укугунан аша чапты» деп айыптап, ага импичмент жарыялоону баштоо аракетине киришкен. Президент Трамп буга байланыштуу дооматтардын баарын четке кагып келет.

- Сүйлөшүүнүн стенограммасын окугула, силер телефон чалуу тууралуу билесиңер. Эми мен силерге экинчи стенограмманы да берем. Анткени, чындыгында мен украин президенти менен эки жолу сүйлөшкөм. Эгер экинчи телефон сүйлөшүүдө туура эмес бир нерсе болсо, мага айткыла. Бирок тарыхта эч ким мындан өткөн эмес. Бул - куугунтук. Мындай нерсе башка бир да президент менен болбошу керек.


Трампка импичмент жарыялоо ишинин жаңы баскычы болгон коомдук угуунун биринчи күнүндө Кошмо Штаттардын Украинадагы убактылуу ыйгарым укуктуу өкүлү Уильям Тейлор, ошондой эле мамлекеттик катчынын Европа жана Евразия боюнча орун басары Жорж Кент көрсөтмө берет. Ал экөө буга чейин жабык жыйындарда көрсөтмө берген мурдагы жана азыркы жогорку даражалуу кызматкерлердин катарында болушкан.

15-ноябрда болсо АКШнын Украинадагы мурдагы элчиси Мари Йованович көрсөтмө берет. 20-ноябрда АКШнын Европа Биримдигиндеги элчиси Гордон Сондленд, коргоо министринин орун басары Лора Купер, мамлекеттик катчынын орун басары Дэвид Хейли суроолорго жооп бермекчи. Ал эми Улуттук коопсуздук кеңешинин мурдагы кызматкери Фиона Хилл көрсөтмө берүү үчүн Конгресске 21-ноябрда келет.

Өкүлдөр палатасында президентке импичмент жарыялоо маселеси колдоо табышы үчүн да депутаттардын жарымынан көбүнүн добушу талап кылынат. Эгер ал колдоо тапса, маселе андан ары Сенатта каралат. Ал эми Сенатта президентти кызматтан кетирүү үчүн депутаттардын үчтөн экиси добуш берүүгө тийиш.

Американын тарыхындагы импичмент маселеси бир да жолу Сенатта колдоо тапкан эмес. Анын үстүнө азыр Сенатта Трампты сүрөгөн Республикачылар партиясы көпчүлүктү түзөт.

АКШнын тарыхында эки президент – 1868-жылы Эндрю Жонсон жана 1998-жылы Билл Клинтонго ишеним көрсөтпөө жараяны жүргүзүлгөн. Экөөнүн тең иши Сенатка жетип, бирок андан колдоо тапкан эмес.

Өкүлдөр палатасы 1974-жылы Ричард Никсонго каршы импичмент жарыялаган. Бирок ал иш Сенатта каралганга чейин эле кызматтан кеткен.

Ричард Никсон - АКШнын тарыхындагы кызматта турган кезинде отставкага кеткен жалгыз президент.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG