Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:21

АКШнын Юстиция министрлиги ФБРдин Трамп боюнча иликтөөсүнө пикирин билдирди


Майкл Хоровиц.
Майкл Хоровиц.

АКШнын Юстиция министрлиги Федералдык иликтөө бюросунун (ФБР) Дональд Трамптын шайлоо штабынын Орусия менен байланышы тууралуу иликтөөсүндө олуттуу кемчиликтер болгон, бирок саясий максат көздөлгөн эмес деп эсептейт. Бул тууралуу министрликтин башкы инспектору Майкл Хоровиц Сенаттын Юридика комитетинде сүйлөп жатып билдирди:

- Биз иликтөөнүн жыйынтыгына таасир этчү саясий максат көздөгөн же туура эмес нукка бура турган жагдайлар болгону жөнүндө документалдык далил же көрсөтмө таба алган жокпуз.

2016-жылкы окуялардын чоо-жайын иликтөөнү Трамп бир нече жолу талап кылган. АКШ президенти анын шайлоо штабынын Москва менен байланыштары болгон-болбогонун президенттик шайлоого чейин тымызын текшерүү «атайын кызматтардын кутуму болгон» деп эсептейт.

Орусиянын 2016-жылкы шайлоого кийлигишүүсүн иликтеген атайын прокурор Роберт Мюллер Трамптын штабы «Москва менен байланышып турган» дегендин жетиштүү далилдерин тапкан эмес.

Ошондон кийин Юстиция министрлиги президенттин өзүнүн жана штаб кызматкерлеринин укуктары бузулганбы же жокпу деп текшере баштаган. (RK)

XS
SM
MD
LG