Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:54

Пелоси Трампка импичмент жарыялоого киришүүнү суранды


АКШ Конгрессинин Өкүлдөр Палатасынын спикери Ненси Пелоси. 5-декабрь, 2019-жыл.
АКШ Конгрессинин Өкүлдөр Палатасынын спикери Ненси Пелоси. 5-декабрь, 2019-жыл.

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Ненси Пелоси мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасына президент Дональд Трампка каршы импичмент жарыялоого киришүү өтүнүчү менен кайрылды.

“Президент өз кызыкчылыгынын пайдасы үчүн, улуттук коопсуздугубузга шек келтирүү менен кызматынан кыянаттык менен пайдаланган. Америкада эч ким мыйзамдан жогору турбайт”,-деди Пелоси 5-декабрда жасаган билдирүүсүндө.

4-декабрда коомдук угууларды баштаган Өкүлдөр палатасынын Соттук комитети импичмент беренелерин түзүү үчүн жооп берет. Учурда комитет юристтердин кеңеши менен импичменттин конституциялык чектөөлөрүн иликтеп жатат. Ошондой эле аталган орган Өкүлдөр палатасынын дагы бир комитети түзгөн 300 барактан турган баяндаманы да карап жатат. Анда Трамп өз саясий пайдасы үчүн кызматынан кыянаттык менен пайдаланды делген далилдер топтолгон.

Демократтар басымдуулук кылган Өкүлдөр палатасы эки айдан бери Трамптын кызматынан кыянаттык менен пайдаланышын териштирип жаткан.

АКШда президентке импичмент жарыялоо жараянына жеткирген саясий жаңжал Трамп менен украин президенти Владимир Зеленскийдин телефон аркылуу сүйлөшүүсүнөн улам башталган. Атайын кызматтагы булак анда Кошмо Штаттардын президенти өзүнүн башкы саясий атаандашы, мурдагы вице-президент Жо Байден менен анын уулу Хантер Байдендин Украинадагы иштерин иликтөөгө ынандырган деп маалымат берген. Президент Трамп буга байланыштуу терс пикирдеги дооматтардын баарын четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG