Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:47

Акыйкатчы өспүрүмдү зордуктоо оор кылмыш экенин эскертти


Атыр Абдрахматова.
Атыр Абдрахматова.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова жашы жете электерге карата зомбулук фактылары боюнча кайрылуу жасады. Анда ал балдарга зомбулук көрсөтүү эң коркунучтуу көйгөйлөрдүн бири экенин, дүйнө жүзүндө бул оор кылмыш деп саналарын эскерткен.

"Балдарга зомбулук көрсөтүү алардын физикалык, психологиялык, социалдык, сексуалдык жетилишине коркунуч туудурган эң коркунучтуу көйгөйлөрдүн бири. Бул баланын кийинки жашоосуна дагы терс таасирин тийгизет. Дүйнө жүзүндө балдарга сексуалдык зомбулук көрсөтүү - ырайымсыз мамиленин бири түрү катары каралат. Коом балдарга каршы кылмыш жасоо - бүтүндөй Кыргызстан үчүн шермендечилик экенин түшүнүшү керек", - деген Абдырахматова.

Акыйкатчы Балдар жөнүндө кодексти сактоо зарылдыгын белгиледи. Укук коргоо органдарынын кызматкерлерин зордуктоонун курмандыгы болгон балдар тууралуу айтуудан мурда сөзү жана жасаган иштери үчүн жоопкерчиликти түшүнүүгө жана моюнга алууга чакырды.

Мунун алдында Бишкек шаардык милициясынын жетекчиси Азамат Ногойбаев өспүрүмдөр зордукталган учурлар акыркы күндөрү көп катталып жатканын басма сөз кызматы өткөргөн түз эфирде айткан. Ал "жашы жете электер арасында жыныстык катнашка өз эрки менен баргандар болууда" деген.

2021-жылы Бишкекте 13 жаштагы кыз зордукталгандан беш айдан кийин өз жанын кыйганы ачыкка чыккан. Бул боюнча кылмыш иши токтотулуп, тергөө жүрбөгөнү маалым болгон. Быйыл жыл башында Башкы прокуратура ишти кайра карап, зордуктоо фактысын жетиштүү тергебей, ишти жапкан Ленин райондук милициясынын эки тергөөчүсүн, соттук-медициналык экспертизанын бир кызматкерин жана зордуктоого шектүү адамды камаган.

Соңку жылдары кыз-келиндерге карата зомбулук күчөгөнүн өкмөт өкүлдөрү моюнга алууда. Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индексте (WPS) Кыргызстан 2021-жылы кооптуу өлкөлөр катарына кирген.

ЮНИСЕФтин маалыматына караганда, Кыргызстанда ар бир төртүнчү бала жетишпеген турмушта жашап, бала чагынан оор жумуштарды жасоого аргасыз (Улуттук статистика комитетинин эсеби боюнча, учурда Кыргызстанда 2,5 миллиондон ашык 18 жашка чейинки бала бар). 14 жашка чейинки балдардын 70% зомбулуктун ар кайсы түрүнөн жапа чегип келет.

Ички иштер министрлигинин 2022-жылдагы маалыматында сексуалдык зомбулукка байланыштуу жалпысынан 121 кылмыш иши тергелип, анын 80и сотко жөнөтүлгөнү кабарланган. Балдарды зордуктоо фактысы боюнча 39 иш тергелип, анын 25и сотко өткөн, үч кылмыш иши токтотулган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG