Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:58

Кымбатчылыкка себеп болгон факторлор: согуш, кризис жана логистика


Бишкектеги "Ош" базары. 27-март, 2023-жыл.
Бишкектеги "Ош" базары. 27-март, 2023-жыл.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы кымбатчылыкты дүйнөдөгү саясий-экономикалык кырдаал, аскердик кагылыштар жана табигый кырсыктар менен байланыштырды. Азык-түлүк, күйүүчү май, курулуш материалдары жана башка товарлардын наркы дүйнөдө акыркы эки-үч жылдан бери көтөрүлүп жатат. Баалардын негизги секириги Украинадагы согуш башталган соң орун алды.

“Элдик экономика” түрмөгүндө бул ирет кымбатчылыкка себеп болгон факторлорду талдайбыз.

Президенттин жүйөсү, эксперттин тактоосу

Кымбатчылыкка байланыштуу мурда да түшүндүрмө берип келген президент Садыр Жапаров бул темага Нооруз майрамына карата сөзүндө да кайрылды. Ал Кыргызстандагы азык-түлүктүн жана башка товарлардын наркынын көтөрүлүшүн комментарийлеп, ага дүйнөдө болуп жаткан окуяларды себеп катары келтирди.

“Жогоруда белгилегенимдей, жер жүзү табияттын ар кандай апаат-кырсыктарына кабылып, ири аскерий конфликттер чыгып, дүйнөлүк экономикада олку-солкулуктар болуп, алардын таасири төгөрөктүн төрт бурчуна тараган маал. Мунун кесепети бизге да жетип, баалар эселеп өстү. Мындай шартта өнүгүү кадамдарын жети өлчөп, бир кесип, ошол эле маалда ыкчамдатып жасоо оңойго турбастыгы белгилүү”, – деди президент 21-март күнкү кайрылуусунда.

Ооба, адатта дүйнөдө баалардын олку-солку болушуна ар кандай кризистер, согуштар жана кырсыктар себеп болот деңизчи. Бирок соңку эки-үч жылдан бери бул көрүнүш бөтөнчө байкалды. Аны адистер, ишкерлер, сатуучулар, товар ташуучулар жана башкалар да айтып келишти.

2020-жылы Кытайда коронавирус ыкчам жайылып, дүйнөдө пандемия жарыяланды. Натыйжада бул өлкөнүн өзү, кийин башка мамлекеттер чек араларын жапкан. Анын ичинде Кыргызстан да Кытай, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан менен болгон өткөрмө бекеттерине чектөө койду.

Натыйжада дүйнөдө, анын ичинде Борбор Азияда жарандардын каттоосу эле эмес, товарларды алып-сатуу жана ташуу да чектелди. Соода логистикасы чектелгендиктен эл аралык рынокто кризис жаралып, ар кайсы өлкөлөрдө товарлардын баасы көтөрүлдү. Ошентип, пандемия жараткан кымбатчылыктын эпкини 2021-жылдын аягына, 2022-жылдын башына чейин уланды.

Өлкөлөр экономикаларын бир аз турукташтыра баштаган кезде – 2022-жылдын февралында Орусия Украинага басып кирди. Анын айынан кайра эле алып-сатуу жолдору буулду. Батыштын Москвага салган санкциясы да экономиканын кадимки нугун өзгөртүп, чара колдонгон мамлекеттерге деле, Орусиянын өзүнө деле кедергисин тийгизди.

Экономист Расул Түлеев дүйнөдөгү соңку кымбатчылыкка таасир эткен негизги факторлорду адистик көз менен мындайча чечмелеп берди:

“Албетте, биринчи, балким эң негизги фактор – ошол Украинадагы согуш. Себеби, анын айынан соода жолдору өзгөрүп, натыйжада логистика кымбаттап кетти. Кээ бир товарлар мурда Орусияга келип, анан ал жактан Кыргызстанга келчү. Эми алар башка жолдор менен келип жатат. Экинчи фактор – бул мунай заттын кымбатташы. Ошол эле аскердик конфликтке байланыштуу анын баасы көтөрүлгөн. Кайсы гана товарды албасак, анын өздүк наркына мунай заттын баасы таасирин тийгизет. Күйүүчү май кымбаттаса товарларды өндүрүү, жеткирүү да кымбаттайт, натыйжада өндүрүүчү ага чыгымын кошо берет. Үчүнчү фактор бул – доллардын баасынын өсүшү. Мисалы, АКШ долларын иштеткен өлкөлөрдө бир товар 1 долла турса, ал дагы деле ошол наркта турат. Бирок бизде 1 долларлык товар мурда 80 сом болсо, азыр 90 сом болуп калды. Аларда баа өспөсө дагы, бизде өсө берет”.

Адис мындан сырткары, кымбатчылыкка алып келип жаткан төртүнчү фактор катары ишкерлердин, сатуучулардын, ортомчулардын товардан алчу пайдасынын көлөмүн белгилейт. Айталы, мурда 1000 сомдук товардан ал 20% киреше алса, нарк 1200 сом болмок. Азыр товар кымбаттап 2000 миң сом болгондуктан ага кошулган 20% менен баа 2400 сом болуп калат.

Ошол эле убакта ири пайдага туйтунуу максатында ортомчулар же чайкоочулар кайсы бир товарларды жасалма түрдө көтөрүп жиберген учурлары да бар. Өзгөчө кризистик мезгилдерде ун кескин кымбаттап кетмейи буга жакшы мисал. Муну адистер кызыл кулактык же спекуляция деп атап коюшат. Мына ушул жагдайды учурдагы кымбаттоолорго алып келген бешинчи фактор катары көрсөтсөк да болот.

Азык-түлүк. Үч жылдагы секирик

Эгер коронавирус пандемиясы башталгандан бери алсак, Улуттук статистика комитетинин эсебинде 2020-жылы керектөө бааларынын индекси Кыргызстанда 9,7% өскөн. Кымбаттоо 2021-жылы 11,2% болсо, 2022-жылдын жыйынтыгында 14,7%ды түзгөн. Башкача айтканда, баалар барган сайын өсүп жатат жана былтыр Украинадагы согуштан улам кыйла кыйла көтөрүлгөнү көрүнүп турат.

2023-жылдын үч айынын жыйынтыгы чыга элек. Январь-февраль айларында жалпы республика боюнча керектөө баалары жана тарифтери өткөн жылдын декабрь айына салыштырмалуу 3% өскөн.

Эки-үч жылдагы эсептерде баалар жалпы 10-15%дын тегерегинде өскөнү менен конкреттүү товарлардын наркы 20-30%, ал тургай кээлери 40-50%га чейин кошкон учурлары бар. Буга кумшекердин, ундун, майдын жана башка нерселердин баалары далил.

Мунун себептерин жогоруда адистин пикири менен көрсөттүк. Азыр алуучу, сатуучу, өндүрүүчү жана көзөмөлдөөчү тараптын жүйөлөрүнө көңүл бөлөлү. Биз аларга: Жалпы товарлардын ичинен азык-түлүк товарлары эмне үчүн кымбаттап жатат?,- деген суроо узаттык.

Сатып алуучу

Бермет Ибраимова, Бишкек шаарынын тургуну:

“Базардагы баалар бизге окшогондорго кымбат эле экен. Бирин алайын десең экинчиси кымбат, экинчисин алайын десең үчүнчүсү кымбат. Өзгөчө сырттан ташылып келип жаткан нерселердин баасы өсүптүр. Ушул маал узун өзөк мезгил да, балдарга витамин алайын десең, акча эч нерсеге жетпейт экен. Менимче, ушу алып-сатарлар да ортосуна баа кошуп эле, пайызын үстүнө каалагандай мингизип алып жатышат окшойт”.

Сатуучу

Арзыкан Салмакеева, Бишкектин “Ош базарындагы” соодагер:

“Товарларды бизге кайра эле чоң-чоң ишкерлер, ири бизнесмендер алып келип жатат да. Алардын ичинде байлар, депутаттар да бар. Алар товарды бизге кымбат алып келип жатат, анан биз дагы кымбат сатып жатабыз да. Алар азыраак кошсо, биз да азыраак кошобуз. Ошо менен ушул баа чыгып жатат. Сырттан келген товарлар товарлар кымбаттаганы байкалды. Ун, май бир аз түштү. Бирок күрүч кымбаттады. Кыргызстандын күрүчүнө 20-30 сомдон кошулду. Казактардын 45-50 сомдук күрүчү азыр 120 сом болуп калды. Аны ташып келип жатканы үчүн баа кошулду. Балким, баанын үстүнө да ортодо бирөө отурду да”.

Ош базары, Бишкек
Ош базары, Бишкек

Өндүрүүчү

Бакыт Дегенбаев, Ата мекендик өндүрүүчүлөр ассоциациясынын төрагасы:

“Чийки зат кымбат келсе, товар да кымбаттайт. Өндүрүүчү каалаган эле баасын коё албайт да. Кайсы бир товарды өндүрүү үчүн керектелип жаткан товар сырттан кымбат келип жатса, ал бул жактагы өндүрүлгөн товарга кошулат. Айталы, ун кымбат болуп жатса, аягындагы продукт нандын баасына да кошулат. Ортодо аны ташуу деген бар. Күйүүчү май кымбаттап жатса, демек ташуу да кымбат. Айтор, ушул башка чыгымдары соңку товардын баасына кошулат. Ошол себептүү айрым нерселер кымбаттап жатат”.

Ташуучу

Ленара Ниязбекова, “Кыргызленд” экспортерлор жана импортерлор бирикмесинин төрайымы:

“Баа саясаты бир нече фактордон улам өнүгүп жатат. Айрымдары бизге көз каранды, айрымдары бизге баш ийбейт. Эң биринчи кезекте саясий-экономикалык абалдан улам экспорт-импорттогу абалдын өзгөрүшү себеп. Логистикалык каттам жана система өз нугун өзгөрттү. Анүстүнө дүйнөлүк каттамдар жалаң доллар менен жүрөт. Жүк деңиз аркылуу, же автотранспорт, поезд же башка кандай жолдор менен келбесин, доллардын курсуна байланыштуу ташып келүү төлөмдөр кымбаттап кетүүдө. Ошол сумма товардын өздүк наркына минип калып жатат. Ал эми ички рынокто көзөмөлдүн жетишсиздигинен айрым ортомчулар кызыл кулактык, спекуляция менен да баа кошуп жиберген учурлары жок эмес”.

Көзөмөлдөөчү

Кеңешбай Тайлаков, Монополияны жөнгө салуу агенттигинин директору:

“Негизи сезондук факторлор да бар. Запастар түгөнгөн сайын ушул маалдарда айрым товарлар кымбаттай түшөт. Бул дүйнө жүзүндөгү бардык өлкөлөрдө болуп турат. Суроо-талапка жараша, баа ошентип өйдө-төмөн болуп турат. Бир да мамлекет рыноктук шартта бааны мындай кой, тигиндей кой деп талап кыла албайт. Баалар кескин өзгөрүп, өтө көп кошулуп кеткенде гана мамлекет кирише алат. Азыркы өзгөрүүлөр реалдуу нерселерге байланыштуу. Ошол эле маалда айрым товарлар бизде башкаларга салыштырмалуу арзан. Маселен, өсүмдүк майы бизде ЕАЭБдин ичинде бизде эң арзан. Себеби, биз ага кошумча нарк салыгын алып салганбыз, сыртка чыгарууну чектегенбиз, матрезерв кампасын толтуруп, базарга арзан чыгарып турат”.

Маалым болгондой, Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугунун деңгээлин баалоо үчүн тамак-аштын эң керектүү тогуз түрү аныкталган. Алар: нан азыктары, картошка, мөмө жана жер-жемиштер, жашылча жана бакча өсүмдүктөрү, кумшекер, өсүмдүк майы, сүт азыктары, эт азыктары жана жумуртка.

Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугунун деңгээлин баалоо үчүн аныкталган эң керектүү тамак-аштын тогуз түрү.
Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугунун деңгээлин баалоо үчүн аныкталган эң керектүү тамак-аштын тогуз түрү.

Эгер бул азыктарды саны жагынан карасак, Кыргызстан анын үчөөсүн – картошка, сүт жана жашылча менен гана өзүн толук камсыздай алат. Калгандарынын көбүн сырттан ташыйт. Эгер пайыздык көрсөткүчтөр менен карасак, аталган маанилүү товарлардын 70% башка өлкөлөрдөн сатылып келет.

Адистер өлкөдө аталган товарлардын кез-кезде кескин кымбаттап кетишин так ушул себеп менен байланыштырып жүрүшөт. Башкача айтканда, кайсы бир азыктар тартыш болсо көтөрүлүшү мүмкүн. Себеби, дефицит дайыма дүрбөлөң жаратат.

Күйүүчү май. Согушка кеткен дизель

Кыргызстандын күйүүчү-майлоочу май рыногундагы кырдаал да коронавирус пандемиясы башталган соң олку-солку абалга кептелген. Анткени чек аралардын жабыктыгы, логистиканын бузулушу аны ташып келүүнү татаалдаштырган. Бирок башкысы баа Орусиядагы рыноктун өзүндө кымбаттап кеткен.

Маселен, кыргызстандык компаниялар 2020-жылдын башында Орусиядагы заводдордон бензиндин тоннасын дүңүнөн 300 доллардан алып турушкан. Бир жыл аралыгында баа көтөрүлүп, 2021-жылы 700 долларга чыккан. Орусия Украинага басып кирген соң – 2022-жылы нарк 790-800 доллардын тегерегине чыккан.

Дизел отунунун тоннасы 2020-жылы 350-360 доллардан болсо, 2021-жылы 600 доллардан, 2022-жылы орточо 800 доллардан келип жаткан.

2023-жылдын башында бензиндин тоннасы дүңүнөн 400-500 доллардын тегерегинде бааланса, дизелдин чыгыш баасы 1000 доллар болууда.

Демек, нефтетрейдерлер кымбатыраак алып жатканы үчүн алар да чекене бааларды көтөрүүгө аргасыз болушууда.

Улуттук статистика комитетинин мониторингинде көрсөтүлүп тургандай, орточо баа былтыркыга караганда бир аз төмөндөдү. Бирок бир-эки жыл баштагыга караганда баары бир кымбатыраак.

Учурда Кыргызстандын аймагында бензиндин А-95 үлгүсү 58 сомдон 64 сомго чейин сатылууда. А-92 үлгүсү 51 сомдон 58 сомго чейин, А-80 үлгүсү 46 сомдон 59 сомго чейин бааланууда. Ал эми дизелдин баасы айрым жерлерде 65-68 сомдон болуп жатса, кээ бир жерлерде 74-75 сомдон болуп жатат.

Биз учкай түшүндүрмөдөн соң кайрадан эле эки-үч тараптын күйүүчү майдын баасына карата позициясын ортого салалы. Мында керектөөчүнүн, сатуучунун жана көзөмөлдөөчүнүн жоопторун сунуштайбыз.

Айдоочу

Султанбек Сатыбалдиев, Бишкек шаарынын тургуну:

“Мен машинеме 92-үлгүдөгү бензин куям. Элдин кирешесине салыштырганда анын баасы кымбат болуп жатат. Евразия экономикалык биримдигине киргенибиз кайсы, анан күйүүчү майдын мынчалык кымбат болгону кайсы? Эмне үчүн Орусия өнөктөштөрүнө арзаныраак кылып бербейт? Алар монополист да. Май куючу жайдагылар майга өтө көп кошот турбайбы. Дүңүнөн келген баа менен чекене баасынын ортосунда чоң айырма бар экен. Мисалы, дүң баасы 37 сом болгон бензинди булар 52 сомдон сатышат тура. Мындан ошо май куючу жайлардын ээлери эле байып атышат. Элге эле кыйын болду”.

Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Ташып келүүчү жана сатуучу

Канат Эшатов, Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти:

“Дизель отуну өтө көп техникаларда, анын ичинде аскердик техникаларда колдонулат да. Украинадагы кырдаалдан улам Орусиянын өзүндө дизель отуну тартыш болуп жатат. Ошого жараша анын баасын жогорулаткандан жогорулатып келатышат. Бизге дизелдин кымбатыраак келип жатканы мына ошондон... Бирок биздин ишкерлер азырынча декабрда жана январда бир баада алган запастарын түгөтүп бүтүшө элек. Ошол себептүү бааларды бир деңгээлде кармап келатышат. Балким, аз-маз арзандатуу да болду. Апрелде Орусияда баалар кандай болорун эми көрөбүз, бизде да ошого жараша баалар калыптанат”.

Көзөмөлдөөчү

Кеңешбай Тайлаков, Монополияны жөнгө салуу агенттигинин директору:

“Күйүүчү май боюнча да айта турган болсом, анын баасы да бизде ЕАЭБдин ичинде салыштырмалуу төмөн. Ал тургай Орусияга караганда да төмөнүрөөк. Албетте, аларда дүң баасы бизден төмөн, бирок чекене баасы кымбат. А бизде чекене баасы жол чыгымдарын, логистиканы эсепке алганда төмөнүрөөк кармалып жатат. Биз буга байланыштуу рынок ыкмалары менен иштеп жатабыз”.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда күйүүчү майга болгон жылдык керектөө 1 млн. 300 миң тоннадан 1 млн. 500 миң тоннага чейин жетет. Бул сумма ар кандай жагдайларга карап өйдө-ылдый болуп турушу мүмкүн.

Курулуш материалдары. Түркиядагы зилзала кесепети.

Улуттук статистика комитетинин маалыматтарын карасак, 2022-жылы курулушка иштетилүүчү темирлердин басымдуу көпчүлүгү Орусиядан келген жана анын импорттук баасы 12-25% өскөн. Ал эми импорттук лифттин 75% Кытайдан, 20% Түркиядан келген, бааларында 45%дан 70% чейин өсүш болгон. Жасалгалоочу материалдардын баасы да 30-45% кымбаттаган.

Муну дагы да жакшыраак чечмелеш үчүн деталдуу жана номиналдуу мисалдарды айта кетели. Айталы, 2020-2021-жылдары цементтин 50 килограммынын орточо баасы 280-300 сом турса, 2022-жылдын жыйынтыгында жана 2023-жылдын үч айнын эсебинде 350 сом болуп турат.

Шыйпырдын 10 даанасы эки жыл алдын 3 миң сомго чейин турса, учурда 4200 сомдун тегерегинде айланууда. Бышкан кыштын 1000 даанасы бул аралыкта 6500 сомдон, 9900 сомго чейин өстү.

Адистер жана курулушчулар курулуш материалдарынын кымбаттоосун да коронавирус пандемиясынан кийинки чектөөлөр менен байланыштырып, кийин Орусиянын Украинада баштаган согушу ага-кошул ташыл болгонун белгилешет.

Эксперттер мындан сырткары, бул багыттагы материалдар дагы да кымбаттай турганын эскертүүдө. Себеби, Түркиядагы жер силкинүүдөн соң Кыргызстан курулуш материалдарын көп алып келген Орусиядагы жана башка өлкөлөрдөгү товарлар ошол жакка көбүрөөк агылышы мүмкүн. Түркия менен Сирия чектешкен аймактарда 6-февралда катталган кырсыктардан миңдеген үйлөр кыйрады. Аларды калыбына келтирүү иштерине көп материал тартылары айтпаса да түшүнүктүү.

Адаттагыдай эле биз курулуш материалдарынын наркына байланыштуу түрдүү тараптардын ой-пикирлерин сураштырдык. Мында сатып алуучу, сатуучу, курулушчу жана көзөмөлдөөчү органдын өкүлдөрүнөн пикир сурадык.

Сатып алуучу

Максат Акматов, Кант шаарынын тургуну:

“Базардагы баалар улам эле көтөрүлүп жатат. Орусча “стекловата” деп коёт го, кыргызча жылуулагыч. Мурдагы баасы менен азыркы баасы асман менен жердей болуп калыптыр. Себеби, былтыры анын квадрат метрин 270 сомдон алганбыз, азыр 400-450 сом болуп калыптыр. Бул бир эле материал, калганы деле ошондой баа кошуптур. Албетте, баары эмес, бирок көпчүлүгү. Ремонт иштерин жүргүзүү өтө кыйын болуп калды. Аймактарда баалар андан кымбат. Кантта чарба товарлары саткан жерлерде баа өтө өсүп кеткен экен, мен атайын Бишкекке келдим”.

Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Сатуучу

Нарынбек Чанкилов, Бишкектеги “Баткен Комфорт” курулуш базарындагы ишкер:

“Биздин Баткен базарда иштегенибизге он жылдан ашып калды. Айрым товарлары кымбаттап жатканы чын. Маселен, гипсокартон башында 300-400 сомго чейин болсо, азыр 450-480 сомго чыгып калды. Ар бир материалга 20-30 сомдон, болбосо андан көбүрөөк кошулуп жатат. Буга ар кандай ньюанстар себеп болуп жатат. Бир жагынан сырттан товар ташып келүү татаалдашканы, экинчи жагынан салыктык алымдар көбөйгөнү деп себеп болуп жатат. Кытайдан келип жаткан материалдар кымбаттап жатат десек болот. Ошол эле маалда айрым товарлар, маселен жыгач товарлары бир аз түштү. Анткени Орусиядагы өндүрүүчүлөр санкциядан улам жыгачтарды сыртка сата албай жатышат. Алар ошону үчүн Кытайга, Борбор Азияга көбүрөөк жөнөтүп жатышат”

Курулушчу

Мунар Иса, “Аманат Сити” курулуш компаниясынын коммерциялык директору:

“Кыргызстанда курулуштарды негизинен темир-бетондуу каркас менен курабыз да. Ага кетчү нерселердин ичинен негизинен кыш менен эле бетон Кыргызстандан чыгат. Калган темир, арматура жана башка нерселерин сырттан, көбүнчө Орусиядан, Казакстандан алып келебиз. Мындан сырткары, фасаддык материалдар да импорт болот. Мына ушул нерселер буга чейин кымбаттап, ал кийин батирлердин баасына да таасир этип жаткан. Менимче, эми Түркиядагы калыбына келтирүү иштиерине байланыштуу бизде да курулуш материалдары кымбаттайт. Анткени, дүйнөдө темирди саналуу эле мамлекеттер өндүрөт. Алардагы темирди көбү Түркияга кетет да, суроо-талап өсөт. Маселен, биз арматураны 60-66 сомдон алчубуз, ошол жактагы жер титирөөдөн кийин эле биздеги баалар 80 сомго чыгып кетти. Бул деген Орусиянын арматурасы Түркияга кетип жатат дегенди түшүндүрөт”

Базар баасы чынжырча принциби менен иштей турганы белгилүү эмеспи. Айталы, ушул эле курулуш материалдарынын наркынын көтөрүлүшү менен Бишкек жана Ош шаарларында кыймылсыз мүлктүн баасы кескин өстү.

Статистикалык маалыматтар жыл башынан бери эле батирлер менен жеке турак жайлардын баасында 10% ашык өсүш болгонун көрсөтөт.

2022-жылдын ушул мезгилиндеги баага салыштырганда баалар 45% жогору.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG