Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:35

“Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасы түзүлдү


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасы түзүлдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Ишкана мамлекеттик медициналык мекемелерди, калкты дары-дармек каражаттары жана медициналык багыттагы буюмдар менен жеткиликтүү баада камсыз кылуу саясатын ишке ашырат. Маалыматта бул саламаттыкты сактоо тармагындагы системалык реформалардын бир бөлүгү экени белгиленген.

"Мындан тышкары, ишкана дары-дармектерди жана субстанцияларды чыгаруучу заводдорду курууну каалаган инвесторлор менен биргеликте, анын ичинде гуманитардык кызматташтыктын жана мамлекеттик жеке өнөктөштүктүн алкагында дары-дармек өндүрүшүн өнүктүрүү менен алектенет. Жалпысынан мындай ишкананы түзүү дары рыногуна оң таасирин тийгизет деген жыйынтык чыгат", - деп айтылат маалыматта.

Мында ата мекендик өндүрүшчүлөргө дагы колдоо көрсөтүлөт, алар өз кезегинде өз товарларын дүңүнөн сатууга кызыкдар жана “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасына дистрибьютордук укуктарды берүүгө даяр.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанга дары ташыган компаниялардын саны 200дөн ашат. Ал эми дарыканалардын саны 3200дөн ашуун. Алардын көпчүлүгү Бишкек шаарында жайгашкан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG