Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:04

Орунбеков АКШ элчиси менен маалымат тармагында кызматташууну талкуулаганын билдирди


АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери (солдо) жана Кыргызстандын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков. Бишкек. 30-март, 2023-жыл.
АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери (солдо) жана Кыргызстандын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков. Бишкек. 30-март, 2023-жыл.

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков менен АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери жолугуп, маалымат айдыңындагы кызматташууну талкуулашты.

Бул тууралуу Орунбеков 30-мартта билдирди. Маалыматта кыргыз тарап "сөз эркиндиги жана демократиялык коомдун принциптерин карманарын, Кыргызстанда көз карандысыз медианын иши үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн" белгилегени айтылат.

"Бизде бардык медиаларга карата бир гана талап бар - жалган маалыматтарды таратууга тыюу салган улуттук мыйзамдарды сактоо, маалымат таратууда бейтараптуулукту кармануу, өзгөчө чыр-чатак жана согуштук кырдаалда", - деди Орунбеков.

Маалыматта элчи Лесли Вигери "Кыргызстан сөз эркиндигин коргоо принциптерин карманган жана күчтүү жарандык коомду жактаган өлкө катары кала берерин канааттануу менен белгиледи" - деп айтылат.

Тараптар "Азаттык Медиа" мекемесинин айланасындагы кырдаалды да талкуулап, "Азаттыктын" көз карандысыз журналистиканы өнүктүрүүдөгү өзгөчө ролун" белгилешкени маалым болду.

АКШнын Бишкектеги элчилиги жолугушуу тууралуу маалымат тарата элек.

Быйыл 23-январда Маданият маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттыктын” ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен сотко арызданганы маалым болгон. Министрлик эл аралык медиа компаниянын “Настоящее время” телеканалы жарыялаган кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу видеоматериал веб-сайтынан өчүрүлө электигин жана ал социалдык түйүндөр аркылуу тарап жатканын белгилеген. “Азаттык Медиа” мекемеси “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамдын 23-беренесинин “согушту, зомбулукту жана ырайымсыздыкты, улуттук, диний обочолонууну жана башка элдерди жана улуттарды жек көрүүнү насааттоого тыюу салынат” деген пунктун бузуп жатканын негиз катары көрсөткөн.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай мындай айыпты четке кагып, “Кыргыз өкмөтү кандай кадамга барса да бизге ишенген аудиторияга кызмат кылууну улантабыз” деп билдирген.

Ушул тапта “Азаттыктын” сайты, банк эсеби бөгөттөлгөн жана бир нече сот иштери уланып жатат.

Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар, коомдук ишмерлер, медиа серепчилер "Азаттыктын" ишмердигин чектегени үчүн өкмөттү сындаган. Human Rights Watch уюму, "Журналисттерди коргоо комитети" жана Евробиримдиктин, АКШнын расмий өкүлдөрү кыргыз бийлигин "чектен чыккан цензурадан баш тартып, сөз эркиндигин коргоого" үндөгөн.

Март айынын башында Эл аралык Freedom House уюму “Дүйнөдөгү эркиндик - 2023” аттуу жаңы баяндамасында Кыргызстанды үчүнчү жылы катары менен “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына кошту. Уюм өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары басымга туш болгонун белгилеген. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG