Бишкектин Алтын-Казык конушунда Мургабдан көчүп келген 20 жаштагы Нурмухаммед Султанов таяк жеп, ооруканага түштү. Чырга мечиттеги талаш түрткү болгон. Муфтият буга дин ишмерлеринин тиешеси жок экенин билдирди. Милиция окуянын чоо-жайын иликтөөдө.
20 жаштагы Нурмухаммед Улуттук госпиталдын нейротравматология бөлүмүнө 25-марттын түнү түшкөн. Анын айтымында, ошол кечте мечитте тараба намазынан кийин салават айтып жатканда талаш чыгып чырга айланган.
"Мени жамааттын көзүнчө “туура эмес окудуң” деп айыптап баштады. Мен мечитке келген ага-инилердин барынан кечирим сурап, эми дагы жакшылап жаттай турганымды айттым. Ага карабай мечиттен чыккандан кийин мени коңшум жакалап жибергенде, коркконумдан аны түрткөм. Бир кезде балдарына чалып, аларды чакырды. Мен үйгө жетип калган кезде эки уулу келип, мени ура баштады. Жыгылып калдым. Башымды калкалаганга аракет кылдым, алар бөйрөк тушка тепкилеп жиберишти", - деди Нурмухаммед Султанов.
Тепкиден эки бөйрөгү, башынан жабыркаган Нурмухаммедди ооруканада атасы карап жатат.
Анын абады тууралуу Улуттук госпиталдын нейротравматология бөлүмүнүн дарыгери Айсулуу Абдымечинова мындай маалымат берди:
"Нурмухаммедин мээси чайкалып, денесинде көгала тактар пайда болгон. Азыр абалы орто жана кооптонууга негиз жок. Алгач келгенде кабыл алуучу дарыгерге буту-колу кыймылдабай калганын айткан экен, бирок мен дарылай баштагандан бери баары жакшы. Тийиштүү медициналык тейлөөнү алып жатат",- деди ал.
Мечиттеги чыр боюнча Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук милициясы тергөөгө чейинки текшерүү ишин баштады. Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгы боюнча укуктук баа берилерин милициядан билдиришти.
Ал эми бул чырга аралашкан Бактыбек намаздан кийин салават айтканда ката кетиргенин айтканы үчүн Нурмухамед өзү биринчи кол көтөргөнүн айтууда.
"Мен “кемчилик кетирдиң” десем, ал бала жаман сөздөрдү айтып, мени башка чаап жиберди. Намыстанып кеткенимден уулума чалдым. Ал үйгө жакын жерде машинесинин дөңгөлөгү жарылып турган экен. Бир аз коркутуп, “мындай кылбай жүр” деп койгонун "сабады" деп атат. Чынында ал бала жыгылып кетип, моюн тушун өзү кокустатып алган. Алар “биз кайрылманбыз, биз этникалык кыргызбыз” десе эле алардыкы туура боло береби? Биздин укугубуз кайда калат?"- деди Бишкек шаарынын тургуну Бактыбек.
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы мындай окуялардын динге байланышы жок экенин, бирок намазга чогулгандарды дайыма ынтымакка, биримдикке, тынчтыкка үндөгөн мечитке келген адамдардын түшүнүгү ар кандай деген жүйө келтирди.
Муфтияттын басма сөз катчысы Максат Атабаев буларды билдирди:
"Бул окуяга мечиттин тиешеси жок. Эки тарап бири-бирине нааразы болуп, жыйынтыгында ушул окуя болуп кеткен. Муфтият эл чогулган жерлерде, мечиттерде, аймактарды кыдырган учурларда да айтып келебиз. Бирок ага карабай адамдык фактор деген болуп кетип атат",- деди Атабаев.
Уулу сабалган Мухаммед Иса Алишеров үй-бүлөсү менен Тажикстандын Мургаб районунан мындан алты жыл мурда көчүп келген. Алардын кайрылман макамы бар.
Адам укуктары боюнча эксперт Эржан Сулайман бул окуяны кыргыз коомунда сабырсыздык, чыдамкайлуулук сапаттары жоголуп баратканына байланыштырды.
"Бул окуяда мечиттин да, диндин да тиешеси жок. Көчөгө чыксаң бири-бири менен урушпаган, сөгүнбөгөн, өзүн маданияттуу алып жүргөн адамдар аздык кылат. Көп адамдар агрессивдүү. Мунун үстүнөн жалпы коом, үй-бүлө, ата-эне, анан мыйзам иштеши керек. Мыйзам үстөмдүгү болушу зарыл. Анан идеалдардын жоктугу да себеп. Элге таанымал адамдардын, саясатчылардын арасында деле мушташтар, орой сүйлөп, коррупцияга баргандар толтура, аны биз ачык эле көрүп жатабыз. Аларды көргөндөр кандай үлгү алат? Коомго үлгү боло турган адамдар аз, дээрлик жокко эсе. Ал эми кайрылмандарга карата орой мамиле, аларды басмырлоо бул биринчи эле болуп жаткан жери жок. Атүгүл аймактар аралык диалектке карап мамиле кылган, орой сүйлөгөндөр бар. Кош стандарттуулук көрүнүштөр абдан көп, ал кеңири жайылып кеткен. Коомдун өзүндө бири-бирине басмырлоо болгону аялуу кайрылмандарга өзгөчө оор тийет".
Кыргызстанда буга чейин да мечитте "намаздын амалдарын туура эмес аткардың" деген өнүттө талаш-тартыш чыкканы белгилүү. Муфтият муну карапайым мусулмандарды дин боюнча түшүнүгүнүн, билим деңгээлинин ар кылдыгы менен чечмелеген.