Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:35

Хорог: кар көчкүдө калгандар арасында мургабдык кыргыздар бар


Кар көчкү 15-февралда таңкы саат 10дор чамасында жүргөн.
Кар көчкү 15-февралда таңкы саат 10дор чамасында жүргөн.

Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусунун борбору Хорог шаарында кар көчкү алдында калгандар арасында этникалык кыргыздар дагы бар экени белгилүү болду. "Озоди" радиосу жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн алган тизмеден кеминде мургабдык 11 кишинин аты-жөнү кыргызча экенин көрүүгө болот. Дагы эки мургабдык тургундун тек-жайы азырынча тактала элек. Маалыматтарга караганда, кырсыкта жараат алгандар, дайыны чыкпай жаткандар дагы бар.

Тоолуу Бадахшандагы жергиликтүү бийлик 16-февралда Хорогдо кар көчкүдө набыт кеткен 27 кишиден турган тизмени жарыялады. Алардын арасынан 11 адам Мургабдан болору көрсөтүлгөн жана тогуз адамдын аты-жөнү кыргызча жазылып, дагы экөөнүн тек-жайы тактала электиги белгиленген.

Мунун алдында Тажикстандан Кыргызстанга көчүп келген кыргыздар кар көчкү алдында калгандар арасында этникалык кыргыздар дагы бар экенин айтып чыгышкан.

Алардын бири Жолдош Тойчубековдун "Азаттыкка" билдиришинче, аларга кеминде тогуз мургабдык кыргыз мерт болгону тууралуу кабар келген. Көчкү алдына калгандар арасында жаш балдар дагы болгону айтылган.

"Менин угушумча, Хорогдо тогуз киши набыт болуптур, алар турган үйдү көчкү басып калыптыр. Азыр жолдун эки жагы тең жабык дейт. Өлгөндөр тууралуу дагы толук белгисиз, дагы чыгышы мүмкүн. Бул тизмеде тек-жайы тактала элек адамдар менен тогуз болуп жатат. Дагы үч адам табылбай жатыптыр деген сөз болуп жатат. Азыр WhatsApp аркылуу сүйлөшүп жатабыз. Ошол үйдүн ээси эртең менен базарга кетип келсе эле үйүн кар басып калыптыр",-деди Тойчубеков.

Маалыматтарга караганда, Хорогдогу Носири Хисрав көчөсүндөгү 10 үйдү кар көчкү баскан. Учурда дайыны чыкпай жаткандарды издөө, куткаруу жана кырсыктын кесепетин жоюу иштери уланууда.


Мургабдан Кыргызстанга көчүп келген Өскөнбай Бердибаевдин айтымында, мерт болгондор арасында студенттер, Хорогдо иштеп жүргөндөр, ооруканага келгендер бар деген маалымат келген.

"Хорог эки тоонун ортосунда, кууш жерде турат, дарыя агып өтөт. Кар көп жаагандыктан көчкү жүрүп кеткен. Буга чейин көчкү жүрүп-жүрбөгөнүн билбейм, бирок сел жүргөн учурлар болгон. Үйлөр кулап, кырсык болгон, бирок кырсыктагандар арасында кыргыздар болгон эмес. Хорогдо кыргыздар көп, арасында студенттер бар. Ашканаларда идиш жууп иштеген аялдар бар. Мургаб тоолуу да, ал жактан Хорогго ооругандар көп барышат. Кан басымы көтөрүлүп Мургабда жашай албагандар да ошол жакка барып жашап жатат деп уккам. Ал жер борбор да, ошондуктан ооруканага баргандар, кагаз иштерин бүтүрүү үчүн келгендер да бар. Жол жабык болгондуктан набыт болгондору Мургабга алып келе элек деп жатышкан. Жолго дагы көчкү түшкөн экен".


Тажикстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, аймакта соңку бир суткада он жерде көчкү түшкөн жана мындан улам айрым жолдор учурда жабык турат.

Тажик президенти Эмомали Рахмон кырсыкта мерт болгондордун жакындарына көңүл айтты. Ошондой эле, кырсыктын кесепетин жоюуга байланыштуу тиешелүү министрлик-мекемелердин өкүлдөрүнөн турган комиссия түзүүнү тапшырды.

Айрым бир маалыматтарга караганда, Мургабда 15 миңдей адам жашайт жана алардын басымдуу бөлүгүн этникалык кыргыздар түзөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG