Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:57

Төрт өлкөнүн лидери Украинанын Буча шаарына барды


Украинанын, Словакиянын, Хорватиянын, Словениянын жана Молдованын лидерлери Бучага барды.
Украинанын, Словакиянын, Хорватиянын, Словениянын жана Молдованын лидерлери Бучага барды.

Украин аскерлери Киев облусундагы Буча шаарын орус күчтөрүнөн бошотконуна бир жыл толду.

"Бучаны бошоткондо азезил башка жакта эмес, жерде экенин көрдүк. Дүйнө басып алынган аймактардагы коркунучтуу кылмышка күбө болду. Биз бул согуштун курмандыктарын эч качан унутпайбыз жана орусиялык киши өлтүргүчтөрдү жоопко тартууну талап кылабыз", - деди Украинанын президенти Владимир Зеленский бул күнгө байланыштуу кайрылуусунда.

Зеленский Словакия, Хорватия, Словения жана Молдованын лидерлери менен бирге орус оккупациясында курман болгондорду эскерүү үчүн жума күнү Бучага барды.

Словакиянын премьер-министри Эдуард Гегер, Словениянын премьер-министри Роберт Голоб, Хорватиянын премьер-министри Андрей Пленкович жана Молдованын президенти Майя Санду менен Бучада курман болгондордун элесине урмат көрсөтүштү.

Украинанын Башкы прокуратурасынын маалыматында, орус армиясы Бучадагы жана Буча районундагы баскынчылык учурунда 9 миңдей аскер кылмышын жасаган. 1400 жай тургун каза болгон. Москва Бучадагы үрөй учурган көрүнүштөр үчүн Киевди күнөөлөгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG