Кыргызстандын билим берүү тармагы, илими, жалпы эле маданияты орду толгус оор жоготууга учурады. Кыргыз Республикасынын эл мугалими, философия илимдеринин доктору, профессор, Орусия Федерациясынын Социалдык академиясынын жана Гуманитардык илимдер академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын билимге эмгек сиңирген кызматкери Кусеин Исаев 86 жашында дүйнө салды.
“Согуштун баласы эле”
Экинчи дүйнөлүк согуш башталганда Кусеин төрт жашта болчу. Эсине кирип келе жатканда согуштун каары эмне экенин билип чоңойду. Ач курсакка, бүтөлбөгөн кийимге деле кайыл болуп өстү. Атасы Иса согушта курман болуп, ошол бойдон көрбөй калганы ага өзүнчө сокку болгон. Атасынын элеси эсинде анча-мынча эле калыптыр, жада калса сүрөтү жок артында. Апасы Болду балтыр эти ката элек беш бала менен жесир калып, Исанын үй-бүлөсү замандын запкысын, жокчулуктун жонун катуу тартат.
"Атамдын жытын жыттабадым, мээримин көрбөдүм" деп агай али күнчө арман кылып жүрдү. Маңдайында атасы, апасы барлар кандай бактылуу адамдар деп азыркыларга ичи күйүп, көп айтчу.
Ошентип кичинекей Кусеин Ысык-Көлдүн Бостери айылынын боз чаңына, тагдырдын таштак жолуна, көр турмуштун көйгөйүнө чыдап, чыйралып, атанын атын булгабай мыкты окуп, бармактайынан эмгекке, кара түйшүккө көнүп, көбүн жеңип “согуштун баласы” болуп чоңойду.
"Окусам деп эки көзү төрт"
Атасы Исанын ошол чөлкөмдөн чыккан алгачкы ветеринардык адис, өтө эмгекчил, элдин иши десе ичкен ашын жерге койгон адам болгонун көлдүктөрдөн көп уктум. Кичинекей Кусеин да атасынын ким экенин кулагы канып чоңойгон. Басса-турса чоң шаарларга барып, каныккан билим алып, атанын атын чыгарып, элге кызмат кылсам деген ой коштоп жүрөр эле. Күндүзү мектептеги сабагына чуркап, андан чыгып колхоздун талаасына барып, апасына жардам берип, кечинде келип тырмалаңдап үйдүн түйшүгүн көтөрүп, кечинде чырактын жарыгында түндүн бир оокумуна чейин сабагын окуп, мектепте алдыңкы болду.
Акыбети кайтып мектепти биринчилерден болуп алтын медал менен аяктады. Ошентип кыл муруту чыгып, кыялы учуп турган Кусеин айылдан алган билимин алыска барып улантам деп апасынын батасын алып, түйүп берген жол азыгын артынып, андагы Фрунзедеги №5-мектепке жол тартат. Ал 1953-жылдын жайы болучу.
Кусеин Исаев 1956-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетине кирет. Шаарга келгенде орус тилинен кыйналгандыктан, күнү-түнү ушул тилди окуду. Орустун улуу адамдарынын, жазуучуларынын чыгармаларын жаттаган учурлары көп болгон. Мына ошондой түйшүкчүлдүгү, баштаган ишин орто жолдо калтырбаган өжөрлүгү менен бат эле студенттердин арасынан айырмаланып, алдыңкылардын сабында айтылып, жаш экенине карабай университеттин чоң иштерине катышып, илимге кызыккан көрөңгөсү, келечектүү дарамети бар экени билинип, ал учурдагы профессорлордун оозуна алынган.
Жетим жүрүп жетилген Исанын уулу университетти да артыкчылык диплому менен бүтүрүп, өзү окуган факультетине окутуучу болуп иштөөгө жолдомо алат.
Билимдин белесинде, илимдин сересине чыгыш үчүн
Кыргыздын кара тоголок баласы өткөн кылымдын 60-жылдарында СССР илимдер академиясынын экономика институтуна аспирант болуп кабыл алынат. Москвадагы окумуштуулар Кусеинди кучагын жайып, баштап сылап тосуп алган жок, алыскы Ала-Тоодон келиптир деп жеңилдик да берген жок. Илимий иштин азап-тозогун Кусеин өзүнүн өжөрлүгү, эмгекчилдиги менен жеңген.
Экономика боюнча кандидаттык диссертациясын жактап жатканда москвалык 20 профессор, академиктер 30 жаштагы Кусеинди беш саат “эзишкен”. Мына ошондой оор сыноодон да татыктуу чыгып, илимий иши мыкты деп деп бааланат. Дегеле Москвадагы илимий мекемелер, анда иштеген кесиптештери, борбордун маданий, коомдук жайлары Кусеин мырзанын адам болуп, илимпоз болуп жетилишине чоң таасир калтырганын баамдоого болот.
Бирде агай менен Москвага барып калсам, ал шаарды Бишкекке караганда жакшы билерин байкагам. Бүгүнкү өзгөрүп кеткенине карабай, Москванын 50 жыл мурдагы көчө, аянт, метро станция аттары күнү бүгүнкүдөй эсинде экенине ынангам. Кусеин Исаевичтин илимдеги эмгегин орусиялык кесиптештери жогору бааларын көп эле жолу күбө болдук.
Кыргыз социологиясынын атасы ким?
Социология дүйнөдө мындан 250 жыл илгери илим катары таанылганына карабай, совет заманында аны “буржуазиялык” илим катары жерип келгенин көбүбүз билбесек керек. Кыргыз социологиясына биринчи чыйыр салган, аны окуп үйрөнүүнүн, өздөштүрүүнүн алгачкы кышын коюп, биринчи лаборотория ачкан чыгаан философ Асанбек Табалдиев экендигин эч ким танбайт.
Тагдырдын тамашасы ушул экен ал киши өмүрдөн эрте өтүп кетип, башталган иш көп жыл дымып жатты. Кимдир бирөө улантыш керек эле, баштаганга эч ким даабай жүрдү.
Акыры 1980-жылдардын башында Кусеин Исаев бел байлап, кыргыз социологиясына экинчи өмүр берүүгө шымалана киришет. Аздыр-көптүр социология менен алектенип жүргөн адисттердин башын кошо баштады, чет өлкөлөрдөн адабияттарды, тажрыйбаларды чогултуп, өз үйүнөн 1500дөн ашык китептерди алып келип база түзүп, 1990-жылдардын башында Бишкек гуманитардык университетинде “Башкаруу жана жана социология” факультетин уюштурууга жетишкен.
Мына ошондон баштап Кыргызстанда социология илими бар экени билинип, эл аралык байланыштар күчөп, социология боюнча адисттер өсүп чыгып, илимдин алгачкы кандидаттары чыга баштаган. Мунун баары эле бир күндүк иш эместир, түмөн түйшүк, тер төккөн эмгек, талбаган уюштуруучулук эмгек экенин эстесек Кусеин агайдын орду опол тоодой.
Азыр кыргыз социологиясынын ондогон илим докторлору, кандидаттары өсүп чыгып, улуттук илимдин бакандай тармагына айланып отурат. Акыркы 40 жылда агайдын эле жетекчилиги менен 40 тан ашык илимдин докторлору, кандидаттары илимий иштерин жакташкан.
Ал Кыргызстандын, канча чет өлкөлөрдүн, эл аралык уюмдардын илимий мекемелеринин академиги, анык мүчөсү, профессору болгонун санабай эле коелу. Ат тезегин кургатпай абройлуу эл аралык илимий конференцияларга барып, омоктуу докладдар менен чыгып сүйлөгөндөрү өзүнчө узун кеп.
Көчмөндөрдү дүйнөгө дазалап...
2011-жылы агай менен алыскы Грециянын Родос аралына “Цивилизациялар форумуна” аттанып калдык. Жолдо Москвага токтоп, орусиялык аалымдар менен маектешип калсак, "форумда карала турган “Көчмөндөр цивилизациясы” секциясы Кусеин Исаевичтин бир жылдык эмгегинин аркасы менен ачылды" деп агайдын бекем позициясын өзгөчө белгилешкенин билем.
Агай аталган дүйнөлүк форумга Кыргызстандан алты илимпоз-окумуштуу, адистерди алып барып, баарына доклад окутту. Дүйнө аалымдарынын алдында, көчмөндөр, анын ичинде кыргыздар дүйнө цивилизациясына эмне бергенин, алардан кандай баалуулуктарды үйрөнүү керектигин, аларды айныксыз илимий аргументтер, кыргыз кинолору, сүрөт көргөзмөсү менен далилдеп, уюштурууда Кусеин агайдын мекенчил-мударис экендигине дагы бир жолу ынангам.
Көрсө, агай көчмөндөр канкор, баскынчы, жырткыч эмес, жаратылыш менен бирге гармонияда жашаган, улуу философиясы бар улуу эл болгонун, алар да дүйнө цивилизациясынын бир чоң өңүрү экендигин далилдеш үчүн жасаганын айткан эле. Айтылгандай эле агай максатына жетти деп ойлойм.
Кусеин агай Кыргызстанда, кыргыз арасында болуп жаткан ар бир окуяны, көрүнүштү жүрөгү аркылуу өткөрчү эле. Кайдыгер болуу ал үчүн жат эле. Көп профессорлор айтып, сүйлөп коюп тим болсо, агай оюндагысын аргументтеп, талдап жазып берген чоң публицисттик таланты бар болчу. Эч кимден коркпогон, кандай бийлик болсо да ачык бетке айткан бекем позициясын байкагам, анысын мен аксакалдык милдети деп билчүмүн.
Менин эсимдеги айрым макалаларынан үзүндүлөрдү чогуу окуйлу: “Бастырганды билбей жол бузган бар, башкарганды билбей эл бузган бар”, “... Мына ушундай шартта бийлик алмашууусун каалагандардын баары биримдикте болуп иштебесе, эч убакта максатка жетпейт. Бийлик алмашуу керектигин жалпы эл түшүнүп калды" .(“Аалам” гезити, 04.06.2004-жыл).
“Элибизде жамандын коногу бийлет” деген накыл кеп бар. Бүгүнкү күнү “адвокатмын” деген шылтоо менен киришип, качан кантип, жүрүшүбүз керектигин таңуулай баштады. ...Сиздин эл астында шайлоочуларга берген убадаларыңыздын аткарылбашына таң калышат, түшүнүшпөйт, натыйжада, ар кандай өйдө-ылдый сөздөрдүн пайда болушуна жана кеңири тарашына өбөлгө түзүүдө” ,-деп ал учурдагы мамлекет башчысына ачык кат жолдогон экен. (“Агым” гезити, 27.09. 2005-жыл).
Өткөн эки бийликти толкуган карапайым калк, өзгөчө жаштар кулаткан. Көбүбүз, асыресе эл үмүт кылган улуттун аттуу-баштуу каймактары, аксакалдары байкоочу болуп карап турганда Кусеин агай 2005-жылдын 24-мартында, 2010-жылдын 7-апрелинде Ала-Тоо аянтында ичи сөгүлүп, жүрөгү канап эл арасында болгонун көбүбүз биле бербесек керек.
Бийлик кулап, аянтта кан төгүлүп, Ошто, Жалал-Абадда эки эл кырчылдашып, калк калайманга түшүп, түнөрүп турганда байыркы Манас бабабыз төрөлгөн Алтайга жаштарды баштап барып, кыргыздын, Кыргызстандын биримдигин, бүтүндүгүн, келечегин тилеп, аксакалдык батасын айтып эл башында жүргөн да Кусеин агай болду. Анын мындай кыргыздык, адамдык позициясы үчүн Мекенчил дебей ким дейбиз!
Мээ какшаткан сууга түшүп...
Кусеин агай дайым жөө жүргөндү жакшы көрчү, эртең менен, кечинде бир нече чакырымды басуу, жума сайын достору менен майын чыгара мончого түшүү анын адаты эле. Жуунганы күн сайын таштай муздак суу, жетимиштин желкесинде жүрсө да айтылуу Кетмен-Төбөнүн Чычкан капчыгайындагы мээ какшаткан суусуна түшкөнүн көп көрдүм.
Качан көрсөң сумкесин асынып алып, кыңылдап ырдап, шайдоот жүрчү. Жакшы таанып билген эркектерди “жигиттин гүлү кандайсың” деп колуңду кыса кармап, эл керегине, калк намысына жарап жүр деп насаатын, акылын айткандан чарчабайт болчу. Көпчүлүк жигиттер агайдын айткандары уккан кишиге дем-күч берип, шык жаратып, намысына келтирип, бөтөнчө энергия берип турарын айтышат.
Шайдоот жүргөнүнө дагы бир себеби – балдары, неберелери баардыгы өз ордунда болчу. Иштесе ишинде, окуса окууда алдына киши салдырышбайт. Өмүрлүк жубайы Бермет жеңе да мударистин оюн айттырбай түшүнүп, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк, өмүрүнө шерик болуп келди.
Кусеин Исаев публицист
Мударис Кусеин Исаев өмүрүн публицистикага арнаган адам деп билем. Тырмак алды макаласы окуучу кезде 1952-жылы “Кыргызстан пионери” гезитине жарыяланган. Кийин студент кезинен баштап “Ленинчил жаш” гезитинин туруктуу авторуна айланганын байкайбыз.
Совет заманындагы Кыргызстанда чыгып келген “Советтик Кыргызстан”, “Советская Киргизия”, “Кыргызстан маданияты” гезиттерине дагы публицистикалык макалалары байма-бай жарыяланып келген. Кусеин Исаев агайдын Кыргызстанда кайра куруу заманында (1986-1990-жылдары) жарык көргөн аналитикалык курч макалалары кыргыздын улуттук аң-сезимин көтөрүүгө жана көз каранды эместикке умтулуусун өстүрүүгө чоң түрткү болгонун байкайбыз.
Кыргызстан көз каранды эместигине жетишкен 1991-жылдан кийинки мезгил Кусеин Исаевичтин публицисттик чеберчилигинин жаңы этабы десек болот.
Моюнга ала турган бир көрүнүш: кыргыз маданий элитасыбы, илимий элитасыбы, саясий элитасыбы алардын арасында публицистика жазган (өз колу менен), аны күндөлүк жашоосунун бир бөлүгү катары кабыл алып келаткандары саналуу гана. Ошол саналуулардын сап башында Кусеин Исаев агай турат десем жаңылышпайм.
Агайдын публицистикасы темасынын актуалдулугу, мейкиндиги, тереңдиги, эмоционалдуулугу менен айырмаланат, ошонусу менен өзгөчөлүү эле. Мударистин публицистикасы коомдогу маселенин ачык айтылышы, көйгөйдүн себептеринин так көргөзүлүшү, чечмелениши, суроонун жандырмагынын берилиши менен бийик турат. Автор коомдогу болуп жаткан көрүнүштөрдү сындап эле койбой, аны чечүүнүн жолдорун айтат, келечегин, жаман жагын, болсо кесепетин да ачык айтат.
Агайдын публицистикасында өз улуту, кыргызды сүйгөндүгү ачык, даана көрүнүп турат. Бул жагынан мударис Кусеин Исаев – улутчул публицист эле.
Кусеин Исаевдин публицисткасын көп багыттуу, көп тармактуу катары 3 чоң топко бөлүп карасак болот.
- Саясий публицистика: Мударис Кусеин Исавдин бул багыттагы макаларында мамлекеттүүлүк негизи эмнеде, демократия прициптери эмне үчүн иштебейт, мамлекеттин башкаруу формасы, мамлекеттик идеология кандай болушу керек, Кыргызстандагы көп партиялуулук көйгөйү жана келечеги, кыргыз саясий элитасынын бедели, революциялар сабагы, шайлоо шарапаты, парламентаризмдин параметрлери, эл аралык мамиле маселери ж.б. өзөктүү темалар түзөт.
- Социалдык публицистика: Агайдын бул багыттагы публицистикасында балдарга карата зомбулук кыргыздын дүйнө түшүнүгүнө чыккынчылык, илим - тозбогон кудук, билбеген киши дудук, мугалим - социалдык чечүүчү күч, социалдык маалымат – туура чечимге өбөлгө, рухий дөөлөт менен билимдин үстөмдүгү жетишпей жатканы ж.б. социалдык көйгөйлөр жөнүндө чоң сөз кылып келатканын байкайбыз.
- Кыргыз таануу публицистикасы: Кыргыз ким болгон? Кыргыз ким болот? деген суроолор агайдын жазгандарынын өзөгүн түзөт. Автор ал суроолорго бардык макалаларында жооп табууга аракет кылат. Кыргыздар - көчмөндөр цивилин түзгөн улуу калк. Уруулук кызыкчылыктан элдин кызыкчылыгы бийик туруш керек. Манасизм – кыргыз таануунун негизи. Улут жана улуттук кайра жаралуу. Мекенчилдик, мамлекеттүүлүк, мыйзамдуулук – кыргыз идеясы. Кыргыздар – көчмөндөр цивилин жогорку деңгээлге жеткирген улуу калк. Иденттүүлүк, иденттешүү, иденттештирүү – кыргыз мамлекетин бекемдөөнүн булагы. Баарын жыйыттыктап келгенде Кыргыз мамлекетинин келечеги, Кыргыздын ооматы Чыгышта экенин, ж.б. көптөгөн актуалдуу маселелерди ар тараптуу ачып берүүгө, далилдөөгө аракет кылат.
Кусеин Исаев агайдын публицистикасында портреттик очерктер өзгөчө орунда десек болот. Улуу ойчулдар, даанышмандар: Ал-Фараби, Ибн-Халдун, Жусуп Баласагын, Махмуд Кашкари, Ахмед Яссави, Кыргыз баатыры Алыбектин, Кыргыздын ХХ кылымдагы чыгаан инсандары: Жусуп Абдырахманов, Султан Ибраимовдун, өз замандаштары: Чынгыз Айтматовдун, Азиз Нарынбаевдин, Ракым Усубакуновдун, Ильяс Касендиевдин, Бектемир Мурзаибраимовдун ж.б. мекендештерибиздин портреттерин чоң чеберчилик менен ачып берген.
Кусеин Исаев – балдарын, үй-бүлөсүн сүйгөн инсан эле.
Бостеридеги туугандарын, бостериликтерди сүйгөн инсан эле.
Ысык-Көлдүн ар бир тамчысын, ар бир ташын сүйгөн инсан эле.
Кусеин Исаев – жети дубан Ала-Тоо жергеси – улуу кыргыз мамлекетин жанынан артык сүйгөн инсан эле.
Кусеин Исаев Мекенине ак кызмат кылуунун үлгүсүн көрсөткөн улутчул публицист инсан эле....