Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:03

"Тарта турган тасмасы али алдыда эле". Белгилүү режиссер акка моюн сунду


Марат Сарулу.
Марат Сарулу.

Кыргыз кинематографиясы оор жоготууга учурады. Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, белгилүү кинорежиссер Марат Сарулу 9-мартта Бишкекте 66 жашында дүйнө салды.

"Былтыр да инфаркт алган"

Кыргыз маданияты, анын ичинде кыргыз кино дүйнөсү мындан бир ай убакыт мурун гана “Кыргыз кереметин” жаратуучулардын бири, атактуу кинорежиссер Геннадий Базаровду жоготуп, өксүп турган чагында дагы бир чыгаан кинорежиссёр Марат Сарулунан айрылды.

Сарулунун бир тууган агасы Талант Бейшенбековдун айтымында, иниси 9-мартта Геннадий Базаровдун кыркылыгынан куран окутуп чыккандан кийин эле жүрөгү кармап, келбес жайга кете берген.

Талант Бейшенбеков.
Талант Бейшенбеков.

“Иним былтыр да жүрөгүнөн инфаркт алган эле. Мына, кечээ эле Геннадий аганын кыркылыгында куран окутуп чыгып, акын Сабыр Күрүчбеков экөө сүйлөшүп, Эркиндик бульварына баскан экен. Анан эле жүрөгү кармап, "Тез жардам" чакырылып, үч мүнөттөн кийин эле кете бериптир”.

Марат Сарулу деген ысым эгемендик жылдардан кийин элге кеңири таанылды. Замандаштарынын айтымында, Сарулу эгемендик доордун шаңы менен бирге бул тармакка өзүнүн жаңыча көз карашы менен келген киножаратуучулардын сап башында турду. Сарулу деген каймана фамилияны да ага агасы Талант Бейшенбеков ыйгарган.

“Азыр бардык жогорку билимдүү кишинин баары эле Кыргызстан каякка баратат деп ой жүгүртөт эмеспи. Башкалар сыяктуу эле иним да көртирликтен бийик ой жүгүртүп, элибиздин эртеңи эмне болот, мамлекетибиздин келечеги кандай болот деп көп санааркайт эле”.

Кыргызстан эгемендикти алгандан кийин маданияттын башка тармактары сыяктуу эле кино дүйнөсүнө да жаңы жүздөр, жаратмандар келип, жаңылык жарата баштаган. Алардын катарында Марат Сарулу менен Актан Арым Кубат бар эле. Алардын артынан удаа келген кинорежиссерлор алардын чыгармачылыгына баам салып, багыт алып турушкан.

"Биздин муундагы режиссерлордун алтын казыгы эле"

Акыл-көрөңгөсү бышып жетилип турган маалда мезгилсиз дүйнө салган кино ишмери бир топ максаттарына жетпей кетти. Кесиптештери тарта турган мыкты кинолор али алдыда эле деп эскерүүдө. Анын жеке архивинде кандай киносценарийлер калганы белгисиз.

Эрнест Абдыжапаров.
Эрнест Абдыжапаров.

“Алтын казык деген жылдыз өзү анчейин көрүнбөгөнү менен анын айланасында көп жылдыздар жаркырайт эмеспи. Марат кыргыз киносунун алтын казыгы эле. Жеке пикиримде, дал ушул учурдагы тасма талаасындагы эки локомотив - Марат Сарулу менен Актан Арым Кубат. Биз да ошол маалда бул чөйрөгө келдик. Бирок алар бул учурда бир топ такшалып, калыптанып калышкан. Мен жеке булардын чыгармачылыгы менен кеңири таанышмын, булар эмнени берди, эмнени чагылдырды деп, чыгармачылыгына дайым кайрылып, кылчайып турар элем. Марат ар тараптуу ой жүгүрткөн, терең билимдүү адам эле. Кыргыздын мейли тарыхы, саясаты, маданияты болсун, баарын ийне-жибине чейин талдай алчу”,-деди режиссер Эрнест Абдыжапаров.

Кино ишмерлеринин ичинде "эксперименталдык кино" деген түшүнүк бар. Маселен, Кыргызстанда анимация багытында эксперименталдуу кадамды кинорежиссёр Вячеслав Белов жасап, 1980-жылдардын башында “Узорная сказка” (1980), “Пещера дракона” (1982) өңдүү анимациялык тасмаларды тартып келсе, эксперименталдуу кинону Марат Сарулу баштаган. Эрнест Абдыжапаров анын алгачкы мындай эмгегин ошол учурдагы бийлик түшүнбөй, пленкаларын жуудуруп салганын эскерди.

“Ал тасманын атын айта албайм, бирок ошол алгачкы эмгегин жокко чыгарган, жөн эле жокко чыгарбай пленкаларын жууп салышкан”.

"Мыкты эмгектери али алдыда эле"

Марат Сарулу 1990-жылы атактуу жазуучу Чыңгыз Айтматов менен бирге сценарийин жазган “Бетме-Бет” тасмасы тартылып, көрүүчүлөр арасында жылуу кабыл алынган. Кийин 1992-жылы "In Spe" тасмасы жарыкка чыккан.
Кыска метраждуу тасмалардан “Учуу” (“Взлёт”) (2001), “Мандала” аттуу тасмаларды тарткан (1998).

Сарулу 2004-жылы "In Spe" тасмасын түп тамыры менен өзгөртүп, жаңы көз караш менен “Бороондуу дарыя, тынч деңиз” ("Бурная река, безмятежное море") деген аталышта кайрадан тартып чыккан. Аны жакындан билгендер ал буга экспериментаторлук сапаты себеп болду дешет. Кийин "Брат мой, Шелковый путь" (2002), “Туз” (2010), “Бешкемпир” (1998), "Көч" (2014) тасмалары элге тартууланган.

Марат Сарулунун Бишкектеги өз үйүндө өтүп жаткан коштошуу зыйнаты. 10-март, 2023-ж.
Марат Сарулунун Бишкектеги өз үйүндө өтүп жаткан коштошуу зыйнаты. 10-март, 2023-ж.


Анын Актан Арым Кубат жана Автандил Адыкулов менен биргеликте жараткан “Бешкемпир” тасмасы Швейцариянын Локарно шаарында өткөн эл аралык фестивалда “Күмүш илбирс”, Казакстан Республикасынын Алматы шаарында өткөн Евразия кинофестивалында баш байге (1998) жана 18ден ашуун эл аралык сыйлыктарга ээ болгон. Мындан сырткары, “Мария”, “Көч”, “Эне” жана башка көркөм, даректүү тасмалары көптөгөн эл аралык сыйлыктарды алган.

Тасма талаасына Марат Сарулу менен үзөңгүлөш келген белгилүү кинорежиссёр Актан Арым Кубат замандашын киного аяр мамиле жасаган инсан катары эскерет:

Актан Арым Кубат.
Актан Арым Кубат.

“Анын өмүрдө жок экенин кабылдоо мага өтө оор болуп турат. Экөөбүз жакын элек. СССР кулагандан кийин келген муундун көрүнүктүүсү, билимдүүсү эле. Ал менен атактуу "Беш кемпирдин" сценарийин жазып, ал эмгегибизге Токтогул сыйлыгын алдык. Мындан сырткары, биргеликте бир топ ийгиликтерге жеттик. 66 жаш деген эмне деген жаш, эми накта мыкты кинолорду тарта турган кез эле да. Мараттын кыргыз киносунда өз орду бар, башкаларга окшобогон көз карашы бар. Ал тууралуу дагы көп сөз айтылат, бирок азыр оор болуп турат”.

Адам сезими менен өлкө келечегин көтөргөн режиссёр

Марата Сарулунун “Түштүк деңиздеринин ыры” ("Песнь южных морей") (2008) аттуу тасмасы Казакстан, Германия, Франция жана Орусиялык продюсерлер менен биргеликте тартылган. Тасма Казакстанда тартылып, анда айылдардын биринде Иван жана Мария аттуу орус улутундагы жубайлардын турмушу чагылдырылган.

Ошондой эле тасмада кыргыздардын, казактардын, немистердин, орус дыйкандарынын бири-бирине байланышкан турмушу сүрөттөлгөн.

Кино адистери Сарулунун чыгармачылыгынын туу чокусу катары анын “Көч” аттуу тасмасын белгилешет. Ал эмгеги да бир канча эл аралык фестивалдарга катышкан жана байгелерге ээ болгон. Өз эмгектеринде социалдык темаларды да көтөрүп келген. Бирок анда ал окуя-көрүнүштөрдү публицистиканын тили менен эмес, эстетикалык кубулуштар менен берген. Элдин, өлкөнүн кетип бараткан жолун жалпыга түшүндүргүсү келчү, бирок баары түшүнө берчү эмес.

66 жашында өмүрдөн өткөн Марат Сарулу 1957-жылы Талас облусунда төрөлгөн. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктап, кийин Москванын Киноакадемиясынан билим алган. Кыргызстандын Кинематографисттер союзунун, КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн кинематографисттер союздарынын мүчөсү болчу.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына караганда киноишмери менен коштошуу зыйнаты 11-мартта Токтоболот Абдумомунов атындагы улуттук драма театрында өтүп, сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлат.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG