Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:38

Алышпаевдин театрга арналган өмүрү


Марат Алышпаев.

3-апрелде Кыргыз Эл акыны Омор Султановдун өмүрдөн өтүшү менен кыргыз адабиятынын бир капталы эңшерилсе, 4-апрелде Кыргыз Эл артисти Марат Алышпаевдин акка моюн сунушу менен кыргыз театр жана кино дүйнөсү оор жоготууга учурады.

Атактуу актёр Марат Алышпаев соңку жылдары ооруп жүргөн. 2021-жылы жайында омурткасында шишик пайда болуп операция болгонун "Азаттыкка" курган маегинде билдирген. Ошону менен катар ал 50 жылдык актёрлук карьерасында көксөгөн бардык ролдорду ойной алганын, тагдырына ыраазы экенин кеп кылган:

"Мен өзүмдүн тагдырыма ыраазымын. Муну кайра-кайра айтсам болот. Бир маанилүү нерсени да кошуп айта кетейин. 1965-жылы мектепти бүтүп, азыркы Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетине тапшыргам. 2-курсту бүтүп жаткан кезимде Москвадагы театралдык окуу жайга кетүүнү самап калдым. Бирок ата-энем жибербей коёт го деген кооптонуу бар болчу.

Анткени, инилерим кичинекей эле, аларга жардам беришим керек. Анан бир күнү айылга келип, ата-энеме Москвага кетүү тилегим бар экенин акырын айттым. Ошондо алар “Балам, барагой, сен ушуну каалачу эмес белең” деп, ак батасын берип узатышкан. Эгерде алар ошондо “кой, балам, барбайсың” деп койсо деле калып калмакмын да. Мен ушул маалга чейин мени туура түшүнүп, чыгармачылык жолго салган ата-энеме ыраазымын. Мени ошондо жибербей коюшканда бир катардагы экономист болуп жүрсөм керек деп ойлоп коём. Бирок көңүлүмдө туйлап жаткан өнөрдүн өтөсүнө чыкпай, көптөгөн каармандардын образын жаратпай калмакмын".

Алышпаев Токтоболот Абдумомунов атындагы академиялык драма театрында 1985-жылдан өмүрүнүн соңуна чейин эмгектенген. Ал бул тармакта актёр катары эле эмес, жетекчилик кызматтарды да аркалаган. 1991-1997-жылдары Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театрын, 2003-жылы Караколдогу Касымалы Жантөшев атындагы музыкалык драма театрын, андан кийин Маданият жана маалымат министрлигиндеги Искусствону өнүктүрүү башкармалыгын, 2010-2014-жылдары Токтоболот Абдумомунов атындагы академиялык драма театрын жетектеген.


Замандаштары Алышпаевдин жетектөөсүнүн алдында Чүй облустук театры өлкөдөгү эң ийгиликтүү чыгармачыл топтордун бирине айланганын, Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры да ийгиликтүү болгонун айтышууда.

Эл артисти Табылды Актанов замандашы Марат Алышпаевди кайталангыс талант деп сыпаттап, аны өнөрдө да жетекчилик кызматта да үлгүлүү адам эле деп эскерди:

"Эл билгендей, Марат көп драмаларда, тасмаларда башкы ролдорду ойноду. Бирок мен ушул кезге чейин анын ойногон ролдору начар же ортозаар болуп калганын бир дагы ирет укканым же көргөнүм жок. Баарын жогорку деңгээлде, элдин жүрөгүнө жеткире, көпчүлүктүн эсинде калчудай аткарчу. Жашырганда эмне, айрым учурда башка артисттер кээде ролдорду үстүртөн ойноп койгон учурларыбыз болот, а Марат ар бир ролго берилчү. Кээде театрда түнгө чейин деле калып иштеп жүрө берер эле. Ал тарыхта улуу актёр болуп каларына ишенем. Бирок эми анын орду толбойт го. Азыр театр аңгырап эле бош калды. Ал мыкты актёр эле эмес, мыкты уюштуруучу да болчу. Учурунда жетектеген театрлары бир топ ийгиликтерге жеткени чындык”.

Эл артисти Марат Алышпаев театрда дүйнөлүк классикалардан Шекспирдин “Гамлет”, “Король Лир”, "Ричард III" драмаларында башкы каармандарды, Гоголдун "Текшерүүчү" драмасында Хлестаковдун ролун жараткан. Ал эми кыргыз кино жана театр ишмерлеринин бир топ чыгармаларында 100гө жакын образ жараткан.


Маселен, ал Казат Акматовдун "Ажырашуу түнү" пьесасындагы башкы каармандын образын 3,5 саатка чейин сахнада жалгыз ойногон. Ал эми кино дүйнөсүндө 20дан ашык образ жараткан. Айрым тасмаларда аракечтин ролун жаратса, Өмүрзак Төлөбековдун “Президент жана бомж” тасмасында президенттин ролун ойногон.

Марат Алышпаев Москвадагы Луначарский атындагы театралдык институтунда окуп, белгилүү профессорлордон, СССРдин Эл артисттеринен, мамлекеттик сыйлыктардын лауреаттарынан билим алган. Аталган институтту ал 1972-жылы бүтүрүп келген.

Актёр менен Москвадагы институтта бирге билим алып, театрда ушул кезге чейин кесиптеши болуп келген Эл артисти Гүлайым Каниметова замандашын бардык иште көч башы болчу деп эскерди:

Гүлайым Каниметова.
Гүлайым Каниметова.


"Кечээ жакында гана, 27-мартта эл аралык театр күнүндө Марат мага чалып куттуктады эле. Маанайы жарык болчу. Башка кесиптештерибизди да куттуктаган экен. Ал "буюрса, күн жылыса басып калам" деп айткан эле. Ажалга арга жок, ушундай иш болуп кетти. Биз Марат менен Москвадагы театралдык институтта бирге окудук. Анын да эмгек жолу Ош драма театрынан башталды. Анан ушул кезге чейин бир чөйрөдө, бир театрда эмгектенип келдик. Токтоболот Абдумомунов атындагы драма театрда директорлук кызматты да аркалаганын билесиздер, бирок актёрлук кесипти көбүрөөк сүйгөндүктөн, кызматын өткөрүп берип, кадимкидей ишин улантып келди. Анткени ал жумушун абдан сүйчү. Анын дагы бир мыкты сапаты баарыбызга көч башы болуп, кеп-кеңешин берип турар эле”.

Алышпаев менен коштошуу зыйнатына келген Кыргызстан театр ишмерлер союзунун төрагасы, драматург, Кыргыз Эл жазуучусу Жаныш Кулмамбетов буларга токтолду:

Жаныш Кулмамбетов.
Жаныш Кулмамбетов.

“Ар бир адам өмүрдөн өткөндө "ал канчалык мекенге кызмат өтөй алды" деген суроо болот. Марат Алышпаевдин өлкө маданияты үчүн сиңирген эмгегин эки нерсе менен баалоого болот. Биринчиси, Бүтүндөй СССРге таанылган Ош театрында гениалдуу режиссёр Искендер Рыскулов менен бирге жараткан эмгектери. Экинчиси, кыргыздын жүзүн ааламга тааныткан “Атанын керээзи”, “Акыркы көч” тасмалары аркылуу кыргыздын жүзүн дүйнө элине тааныткандыгы. Алышпаев Арсен Өмүралиев, Болот Шалтаев өңдүү өзүнөн улуу муундагы мыкты актёрлордун катарын толуктай алды. Интеллектуалдуу принцип менен иш жүргүзгөн талант катары эсибизде калат”.

“Акыркы көч” тасмасы актёр Марат Алышпаевдин соңку кезде тартылган тасмаларынын бири болуп калды. Тасманы режиссёрлор Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулу биргеликте тартып, эл аралык бир топ сыйлыктарга ээ болгон. Тасмада Алышпаев башкы каарман - жазуучу Кубат Алиевдин ролун аткарган. Тасма эгемендик доордогу жазуучулардын гана эмес, жалпы эле маданият кызматкерлеринин акыбалын чагылдырган.

Ага чейин ушул эле тасма жаратуучуларынын “Атанын керээзи” аттуу тасмасында да башкы каармандардын биринин образын жараткан.


Марат Алышпаев “Акыркы көч” тасмасындагы өз ролу тууралуу “Азаттыкка” айтып берип жатып, "эгемендиктин 30 жылында эл башындагылар чыгармачыл чөйрөнү кейиштүү абалга жеткирип койду" деп кейиген.

"Мына, мен Эл артистимин, ал жакта эң жогору деп эсептелген маянам - 15 миң сом. Жаңы келгендер 7 миң сом айлык акы алат. Ушул заманда бул айлык менен кантип оокат кылышат алар? Актёрлордун көбү батирде турушат. Анын ай сайын төлөнчү акчасы болот, балдарын бала бакчага беришет, мектепке алып барышы керек. Дагы айтарым, ушул 30 жылдын ичинде канчалаган коррупционерлер кармалып жатат. Алар чөнтөгүнөн 20, 50, 100 миллион сомдорду 2 миң сом алып чыккандай эле берип, кутулуп жатышат. Ушул деңгээлге бизди ушул кезге чейин башкарып келген президенттер - Акаев, Бакиев, Атамбаевдер жеткирди".

“Акыркы көч” тасмасынын режиссёру Бакыт Мукул актёр Алышпаевди өз ишине так, ар бир ролун ийнине жеткире аткарган талант эле деп эскерип, эми анын акыркы тасмалардагы элеси дүйнө элинин эсинде калат деп ишенет:

Бакыт Мукул.
Бакыт Мукул.

"Чыгармачылыкта 50 жылдан ашык эмгектенген экен. Жарым кылым убакыт ичинде не деген гана образдарды жаратпады. Ага эл күбө. Режиссёр Дастан Жапар уулу экөөбүз биргеликте тарткан “Атанын керээзи” жана “Акыркы көч” тасмаларында да Марат агабыз башкы каарманды ойноп берди. Дал ошол эки фильм тең дүйнөнүн алты континентинде көрсөтүлдү, бир топ сыйлыктарды жеңди. Анын ичинде агабыз кээ бир фестивалдарда “Эркектин мыкты ролу” деген номинацияларга да ээ болду. Эң өкүнүчтүүсү, кино жаатында Токтогул сыйлыгына көрсөттүк эле, ушул сыйлыкты ала албай кетти. Ал татыктуу болчу. Күтүлбөгөн чоң жоготуу болду. Эми анын элеси тартылган тасмаларда сакталып калды".

Марат Алышпаевдин дагы бир курсташы, кесиптеши, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Шайымбек Кыдырмаев:

“Бул жоготуу Мараттын жакындары үчүн эле эмес, жалпы маданият тармагы үчүн оор жоготуу болуп турат. Биз 1967-жылы Москвага чогуу баратканда таанышканбыз, ошол кезде ал экономикалык тармакта окуп жатканына карабай, ал окуусун таштап биз менен аттанган экен. Көрсө, Марат ошондо эле келечегин театрдан көргөн тура. Бактыбыз бар экен, Москвада окуп жатканда мыкты устаттардан сабак алдык. Биздин группа Германияга чейин чыгармачыл сапар менен барып келгенбиз. Мына, 55 жылдан бери чогуу жүрдүк, чогуу иштедик. Марат “Ак кемеде” Момун чалдын ролун жаш чагынан баштап көп жыл ойноду. Кино дүйнөсүндө да өзүн мыкты көрсөттү. Бирок ал чакырган эле ролго бара берчү эмес, көңүлүнө жакканын гана ойночу”.

Марат Алышпаев 1947-жылы 17-декабрда Ысык-Көл облусунун Саруу айылында туулган. 1972-жылы Орусиянын Москва шаарындагы Луначарский атындагы мамлекеттик театралдык искусство институтун бүткөн. Ошол жылы эле Ош шаарындагы Кыргыз драм театрында эмгек жолун башталып, бүтүндөй өмүрүн театр менен киного арнаган.

Өмүрүнүн соңку жылдары Бишкек шаарындагы Токтоболот Абдумомунов атындагы академиялык драма театрында актёр катары эмгектенип келген.

74 жаш курагында дүйнөдөн кайткан оорудан улам дүйнөдөн кайткан актёр 5-апрелде акыркы сапарга узатылып, сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG