Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:18

Геннадий Базаров: Тартылбай калган соңку тасма


2022-жылы Геннадий Базаровдун 80 жылдык мааракеси Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде белгиленген.
2022-жылы Геннадий Базаровдун 80 жылдык мааракеси Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде белгиленген.

Кыргыз кинематографиясы оор жоготууга учурады. Көрүнүктүү кинорежиссер, сценарист, Кыргыз Республикасынын эл артисти Геннадий Базаров 81 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Геннадий Базаровдун ысымы 1960-1970-жылдары тартылып, “Кыргыз керемети” деген бийик атак алган тасмалар менен тыгыз байланышта. Ал бул мезгилде Төлөмүш Океев, Мелис Убукеев, Болот Шамшиев өңдүү атактуу кинорежиссёрлор менен катар жылдызы жанган.

Базаров 1967-жылы Москвадагы бүткүл союздук кинематография институтун аяктап, дипломдук иши катары Чыңгыз Айтматовдун “Саманчынын жолу” повестин тасма кылып тарткан. Бул эмгеги жогору бааланып, кино тармагында атак алып келген. Ал Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы менен тыгыз байланышта болгон. Буга жазуучу экөөнүн моралдык принциптери да туура келгени себеп эле деп айтышат.

Геннадий Базаров, "Буктурма" тасмасын тартуу процесси. 1968-жыл.
Геннадий Базаров, "Буктурма" тасмасын тартуу процесси. 1968-жыл.

70-жылдары режиссёр өзүнүн атактуу “Көчө” жана “Зеница ока” тасмаларын тарткан. Ошол учурда кыргыз киносунун азыркы заман темасын активдүү козгоп, коомдун адеп-ахлактык баалуулуктарын бекитүүгө, адамдардын эмгеги менен эрдигин, ички дүйнөсүн чагылдырууга көңүл бурган.

Кыргыз киносунун дүбүртү чыгып турган 1970-жылдардын баш чагында “Мен – Тянь-Шань” тасмасында башкы каарман Аселдин ролун аткарган актриса Динара Чочунбаева Базаровдун артында эбегейсиз мурас калганын белгиледи.

“Кыргызстандык кинематографтар арасында башкалардан өзгөчө үнү менен бөлүнүп турган беш-алты залкар адам бар. Алар Төлөмүш Океев, Мелис Убукеев, Болот Шамшиев жана Геннадий Базаров. Базаровдун тасма талаасында калтырып кеткен мурасы биз үчүн абдан маанилүү жана терең. Анткени ал бүтүндөй мээнетин кино дүйнөсүнө арнады. Геннадий Базаров кино үчүн жаралган адам”.

Геннадий Базаров 80-жылдардын ортосунан тарта “Биринчи”, “Приют для совершеннолетних”, “Заговор”, “Аномалия”, “Каракыз”, “Метаморфоза”, “Исход”, “Жаннат”, “Нонсенс”, “Ноктюрн”, “Солёная долина”, (Туздуу чөл) аттуу көркөм тасмаларды жараткан.

90-жылдары “Периштенин күнү”, “Антракт”, “Түндө” аттуу кыска метраждуу тасмалары жарыкка чыккан. “Айтматов” жана “Сказ об искусстве” аталышындагы толук метраждуу даректүү тасмалары да элге кеңири белгилүү болгон.

Геннадий Базаров, "Буктурма" тасмасын тартуу процесси. 1968-жыл.
Геннадий Базаров, "Буктурма" тасмасын тартуу процесси. 1968-жыл.

2022-жылдын 14-майында Геннадий Базаров 80 жашка толгон. Анын бул маарекесине арналган салтанат Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде уюштурулган. Кино ишмеринин бул жакшылыгына мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, бир катар кино тармагынын өкүлдөрү, жакындары жана замандаштары катышкан эле.

Музейде белгилүү фотосүрөтчүлөр Алимжан Жоробаев, Александр Федоров жана Урмат Осмоевдин сүрөттөр жыйнагы илинген. Эмгектердин баары кыргыз кино дүйнөсүнө жарым кылымдан ашык эмгек өтөгөн кино ишмер Базаровго арналган.

80 жашка толгон таланттуу режиссёр, сценарист Геннадий Базаров алдыда дагы кино тартуу кыялы бар экенин, өзүнүн чыгармачыл тагдырына бөтөнчө ыраазы экенин “Азаттыкка” айтып берген:

“Мен ушундай өмүр сүргөнүмө ыраазымын. Толук кандуу, абдан кызыктуу өмүр сүрдүм деп ойлойм. Жашоомдо далай көрүнүктүү инсандар менен жолум кесилишти. Ч.Айтматов, Т.Сыдыкбеков, А.Токомбаевдер менен иштешип калдым. Андыктан кубанычтамын. Мына бүгүн менин кесиптештерим чогулуп мага майрам тартуулап турат, аларга да ыраазымын. Бул жерде жүргөндөрдүн көпчүлүгү да менин шакирттерим. Мен кыргыздын кадырлуу аксакалдарын көрүп чоңойдум. Бала чагымда Муса Баевтовдун, Ыбрай Тумановдун, Кожомкул балбандын тизесине отуруп калдым, дегеле бир топ ырчы-чоорчуларды көрдүм. Мен кайталап айткандан тажабайм, демек, толук кандуу жакшы, чыгармачыл өмүр сүрдүм. Мүмкүнчүлүк болсо мен дагы тасма тартым келет. Мүмкүн бул менин акыркы тасмам болуп калар, мүмкүн бул менин эң мыкты, эң кымбат тасмам болуп калар”,-деген эле атактуу Геннадий Базаров.

2022-жылдын 14-майында Геннадий Базаров 80 жашка толгон. Ушул датага байланыштуу өткөрүлгөн иш-чара.
2022-жылдын 14-майында Геннадий Базаров 80 жашка толгон. Ушул датага байланыштуу өткөрүлгөн иш-чара.

Базаров ошондо айткан соңку тасмасын тартууга да жетишпеди окшойт.

Белгилүү кинорежиссер Артыкпай Сүйүндүковдун Базаровдун башка режиссерлордон айырмасы ал каармандарынын ички дүйнөсүн ачып берүүгө өзгөчө көңүл бурганы эле дейт.

“Ар бир тасма тартылып, элге тартуулангандан кийин режиссёрдун берейин деген оюн, айтайын деген идеясын көрөрман анализдейт эмеспи. Базаровдун фильмин көргөндөн кийин адамдын ички дүйнөсү көрүнөт. Ал ар бир каарманынын жеке мүнөзүнө көңүл бурары байкалат. Менимче, Базаровдун кыргыз киносундагы чоң салымы ал өзү тарткан тасмаларда таланттуу режиссер болгондугун далилдөө менен катар, жеке адамкерчилигин да көрсөтө алган”.

Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан кийин “Кыргыз кереметин” жараткан кино ишмерлеринин айрымдары тасма тартууга чамасы келбей, башка тармакка да ооп кетишкени айтылып жүрөт. Кино ишмерлерин сынаган мындай өткөөл доордо Геннадий Базаров да тасма тартпай калганы менен бирок бул тармактан кеткен эмес эле деди белгилүү кинорежиссёр Актан Арым Кубат.

“Советтер Союзу кулаганда биздин кино тармагындагы улуу муундар да, айрым биз теңдүүлөр да бул чөйрөдөн алыстады. Жакшы тасма жаратууга дарамети бир кимдир бирөө бизнеске, кимдир бирөөлөр саясатка кетишти. Бирок Геннадий Базаров өз кесибине берилгендиктен, бул тармактан кеткен жок. Ал кино тарта албады, бирок телевидение тармагында эмгек өтөгөнүн баары билет. “Альтернатива” деген автордук көрсөтүүсү теле тармагында жаңылык боло алды. Бул да анын өз кесибин бөтөнчө сүйгөндүгүн, мээнеткеч экендигин айгинелеп турбайбы. Геннадий Садыровичти устатым деп билем. Анткени ал менен режиссёрдун жардамчысы болуп, сүрөтчү болуп көп тасмада бирге иштеп калдым. Ал интеллектуал, деңгээли бийик адам болгондуктан, көп нерсени үйрөндүм”.

Белгилүү кинорежиссер, сценарист, Кыргыз Республикасынын эл артисти Геннадий Базаровдун "Азаттыкка" курган соңку маеги:

"Кыргыз кереметин" жаратуучулардын бири катары белгилүү болгон Геннадий Базаров 1942-жылы 14-майда Нарын облусунун Ат-Башы айылында туулган. 1966-жылы Москвадагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтун бүтүргөн.

Режиссёр 1994-жылдан тарта Улуттук телерадиоберүү корпорациясында “Альтернатива” автордук программасынын алкагында маданият ишмерлери тууралуу кеп кылып, жалпы эле борбор азия чөлкөмүндөгү кино жана маданият тармагында көйгөйлүү маселелерди көтөрүп келген.

Өткөн жылы Базаровдун 80 жылдык маарекеси кеңири белгиленип, өлкө аймактарында бир катар иш-чаралар өткөн эле. 2022-жылдын декабрында ага II даражадагы “Манас” ордени ыйгарылган.

III даражадагы Манас ордени менен 2003-жылы сыйланган. 2013-жылы Кыргызстандын кинематографиясын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн “Ак Илбирс” улуттук кино сыйлыгына ээ болгон.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG