Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:05

"Кыргыз кереметинин" кырааны - Геннадий Базаров


Геннадий Базаров, "Буктурма" тасмасын тартуу процесси.
Геннадий Базаров, "Буктурма" тасмасын тартуу процесси.

14-майда Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде Кыргыз Республикасынын Эл артисти, кинорежиссер Геннадий Базаровдун 80 жылдыгы белгиленди.

Мааракеге арналган салтанаттуу иш-чарада режиссер Тынай Ибрагимовдун "Прикосновение к личности" даректүү тасмасынын бет ачары өтүп, Кыргызстандын белгилүү фотосүрөтчүлөрү Алимжан Жоробаев, Александр Федоров жана Урмат Осмоевдин тарткан эмгектеринин көргөзмөсү ачылды.

Анын 80 жылдык мааракесине кино тармагындагы кесиптештери, маданият өкүлдөрү саясатчылар, коомдук ишмерлер режиссердун чыгармачылыгын аздектеген замандаштары катышты.

"Бала чагымдан улуу кишилерди көрүп чоңойдум"

Кинорежиссёр Геннадий Базаров менен кыргыздын туңгуч сүрөтчүсү Гапар Айтиев. 1974-жыл.
Кинорежиссёр Геннадий Базаров менен кыргыздын туңгуч сүрөтчүсү Гапар Айтиев. 1974-жыл.

“Мен ушундай тагдырыма ыраазымын. Жашоомдо далай көрүнүктүү инсандар менен жолум кесилишти. Айтматов, Сыдыкбеков, Токомбаевдер менен иштешип калдым. Андыктан кубанычтамын. Бүгүн кесиптештерим чогулуп мага майрам тартуулап турат, аларга да ыраазымын. Бул жерде жүргөндөрдүн көпчүлүгү менин шакирттерим. Мен кыргыздын кадырлуу аксакалдарын көрүп чоңойдум. Бала чагымда Муса Баетовдун, Ыбрай Тумановдун, Кожомкул балбандын тизесине отуруп калдым. Толук кандуу жакшы, чыгармачыл өмүр сүрдүм. Мүмкүнчүлүк болсо дагы тасма тарткым келет. Мүмкүн бул менин акыркы тасмам болуп калар, мүмкүн бул менин эң мыкты, эң кымбат тасмам болуп калар”,-деди Геннадий Базаров "Азаттыкка" курган мегинде.

Биз анын өмүр таржымалы тууралуу кыскача маалымат бере кетели.

Базаров 1942-жылы 14-майда Нарындын Ат-Башы айылында төрөлгөн. Фрунзеде (азыркы Бишкек) орто мектепти аяктап, 1959-жылдан баштап "Кыргызфильм" киностудиясында жумушчу, оператордун жардамчысы. режиссердун жардамчысы болуп иштейт.

Анын айтымында, Москвадагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтуна (ВГИК) тапшыруу үчүн эки жылдык өндүрүштө иштеген эмгек стажы талап кылынган.

Ал мектепте окуп жүргөндө фотоаппарат менен сүрөт тартып, операторлукка ынтызар болгонун айтат.

Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейиндеги иш-чара. 14-май, 2022-жыл.
Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейиндеги иш-чара. 14-май, 2022-жыл.

1961-жылы институттун режиссердук факультетине окууга өтүп, Сегель Яковдун (атактуу советтик режиссер, актер, сецнарист) өнөрканасында билим алат.

1965-жылы окууну ийгиликтүү аяктап, "Кыргызфильм" киностудиясында чыгармачылык чыйыры башталган. Кинорежиссер Лариса Шепитьконун "Аптап" тасмасында оператордун ассистенти болот.

Геннадий Базаров “Буктурма” тасмасында. 1968-жыл.
Геннадий Базаров “Буктурма” тасмасында. 1968-жыл.

1966-жылы өз алдынча "Буктурма" (сценарийдин авторлору Х.Булатов, Дегальцев, А.Шаршенова) көркөм тасмасын тарткан. Ошол жылы Мурза Гапаровдун сценарийи менен "Көчө" толук метраждуу тасмасын тартып, көпчүлүктүн назарына түшөт.

"Көчө" тасмасынан алынган кадрлар.
"Көчө" тасмасынан алынган кадрлар.

Москвадан окуусун бүтүп дипломдук ишине 1967-жылы Чыңгыз Айтматовдун "Саманчынын жолу" повестин экрандаштырууга киришет. Сценарийин Айтматов өзү кошулуп, Б. Добродеев, И. Галанкин менен биргеликте жазат. Тасма ийгиликтүү тартылып, "Кыргыз кереметинин" катарын толуктаган.

Аталган тасма Кыргызстанда эле эмес, жалпы СССРде алкоого алынып, эл аралык фестивалдарда байгелүү орундарды жеңген. Андан кийин "Каныбек", "Көчө", "Биринчи", "Көздүн кареги", "Кара кыз" толук метраждуу тасмаларын тартты.

Кыргыз ССРнин эл артисти Алиман Жангорозова “Каныбек” фильминде.
Кыргыз ССРнин эл артисти Алиман Жангорозова “Каныбек” фильминде.

Андан сырткары "Айың", "Аномалия", "Антракт" кыска метраждуу новелларды, "Түндө", "Жазуучу", "Искусство жөнүндө баян" жана А.Токомбаева, Н.Байтемиров, А.Темирова жөнүндө даректүү тасмаларды тартты.

"Прикосновение к личности", "Пауза для размышления", "Гримаса" деген повесттери чыккан. Соңку жылдары Кыргыз телерадио корпорациясында "Альтернатива" автордук программасын алып барды.

Геннадий Базаров Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейиндеги иш-чарада. 14-май, 2022-жыл.
Геннадий Базаров Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейиндеги иш-чарада. 14-май, 2022-жыл.

Геннадий Базаров менен таанышкан күн

Мен 1977-жылы орто мектепти аяктап, көркөм өнөр чөйрөсүнө барсам дегенде эки көзүм төрт болуп жол таппай турганда, кудай жалгап, айылга автобус келип тасма тартууга массовкага элден чогултуп калышты.

Көрсө, "Каныбек" тасмасы тартылып жатыптыр. Кеминдин Кызыл-Октябрь совхозунун тоо этегиндеги жайык жерде тартылды. Кино аянтчада ысымын алыстан уккан артисттер, кино тартуучу топтун кызматкерлери жүрөт. Ошол күнү Түлкүбектин жигити Ак Балбан (Ж.Сырдыбаев аткарган) менен кара тамандардын Көкө баатыры (К.Медетбеков) эр сайышка түшкөн картина тартылды. Массовка төшкө отуруп, эр сайышты кыйкырык-сүрөөнгө алып турабыз...

Тыныгуу малында киночуларга барып Каныбектин ролундагы Аман Камчыбеков, каскадер, актер Үсөн Кудайбергенов, режиссердун жардамчысы Бердибек менен тааныштым.

Тасма тартуу аяктап, массовканын катышуучуларына 5 рублден эмгек акы берип кете турганыбызда Аман Камчыбеков мени Геннадий Базаровго тааныштырган эле.

Кийин Геннадий Базаровдун тасмаларынан таасирленип, аны менен көркөм өнөр тармагындагы ар кандай иш чараларда жолугуп баарлашып турдук.

Сексендин сересин чыккан режиссердун "тасма тарткым келет" деген мүдөөсү орундалып, алдыда кино өнөрүнөн анын дагы бир чоң кенчине күбө бололу.

Базаров: Эң мыкты, балким акыркы тасманы тартам
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:40 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG