Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:08

"Бизге Ален Делондой эле болчу". Эл артисти келбес жайга кетти


Асанкул Осмонов.
Асанкул Осмонов.

88 жашында дүйнөдөн кайткан театр жана кино актеру, Кыргыз эл артисти Асанкул Осмоновдун сөөгү жерге берилди. Замандаштары аны сырткы келбети менен ички маданияты төп келип, өнөрүн көрктөп турар эле деп эскерүүдө.

Актерлук билими жок туруп театрга кабыл алынган

Дээринен зирек, баштаган ишине баш оту менен кирип кеткен актёр Асанкул Осмонов театр дүйнөсүнө келгиче башка тармактардан да өзүн сынаган. 18 жашында Каракол айыл чарба техникумун бүткөндөн кийин эле Нарын районундагы Куйбышев колхозунда бухгалтер болуп эмгектенген. Андан соң Украинанын борбору Киевде авиация техникумун аяктап, реактивдүү учактардын 4-разряддагы механиги катары аскердик кызматын өтөгөн.

Жакындан билгендер жаш кезинен эле өнөргө болгон ышкысы күч болгонун айтышат. Анын дал ушул көксөөсү орундалып, 1958-жылы Москва шаарында өткөн Кыргыз ССРинин Жалпы маданият күнү декадасы жашоосун түп тамырынан өзгөрткөн.

Декадага катышкан жаш талант ушундан кийин эле актёрлук билими жок экенине карабастан Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында иштеп баштайт. Аны бул жерде зор ийгиликтер күтүп турганын кыялы алдабаса керек.

Эл артисти Замир Сооронбаев аны элдик таланттардын ичинен чыкса да, атагы таш жарган билимдүү актёрлор менен тең тайлаша ийгиликке жеткенин эскерди.

“1953-жылы театрга Советбек Жумадылов баш болуп кесипкөй, атайын окуу жайды окуган актёрлордун мууну келген. Андан кийин 1958-жылы Москвадагы мамлекеттик театр искусство институтун аяктап, Арсен Өмүралиев, Сатыбалды Далбаев, Болот Шалтаев баш болгон билимдүү актёрлор келди. Ошол учурда элдик таланттардын арасынан үч адам келген. Алар өлкөбүздүн эл артисттери Жамал Сейдакматова, Мираида Далбаева жана Асанкул Осмонов эле. Дал ушул үчөө Муратбек Рыскулов баш болгон залкарларга шакирт болуп, таалимин алып, анан билимдүү актёрлорго тең тайлаша иштешти. Корифейлерибиз түзүп кеткен жолду татыктуу улашты. Ушул театрыбызды да академиялык деңгээлге жеткиришти. Эми бул тарых болуп калат”.

"Ал бизге Ален Делондой эле болчу"

Талантуу актёрду жакындан билген санаалаштары аны театр үчүн жаралган адам катары сыпатташат. Анын бир катар белгилүү ролдорду аткарышына шыңга бою, жылдыздуу өң-келбети себеп болгон экен.

“Мына ушул сырткы келбетинин көрктүүлүгү анын уникалдуулугу болчу. Экинчиден, анда улуттун алпейим мүнөзү бар эле. Кыргыздын Дүйшөнү, кыргыздын Шырдакбеги же кыргыздын Кошойу деп айтам. Дүйшөнү дегеним, “Биринчи мугалимдеги” Дүйшөн фанатик эмес, кыргыздын токтоолугун, ата-бабадан калган олуттуу мүнөзүн алып жүргөн каарман. Ал эми хан Кошой менен Шырдакбекте да кыргыздын сөөлөтү, мырзалыгы бар. Асанкул агада да дал ошол өзү ойногон каармандардай мырзалык бар эле. Мындай келбети менен ал эл аралык классикаларда да башкы каармандарды ойноду да. Анткени европалык типтеги актёрлордун катарына кирет. Эгерде биз аны башкаларга салыштыра турган болсок, ал француз элинин белгилүү актёру Ален Делондой эле болчу. Ал кыргыз театрынын тарыхында калды”,-деди белгилүү театр сынчысы, эл жазуучусу Жаныш Кулмамбетов.

Асанкул Осмонов менен коштошуу зыйнаты. 28-март, 2023-жыл.
Асанкул Осмонов менен коштошуу зыйнаты. 28-март, 2023-жыл.

Кошойдон Король-Лирге чейин

1958-жылдан тарта өмүрүнүн соңуна чейин Кыргыз улуттук академиялык драма театрда эмгектенген актёр театр жана кинолордо ондогон ролдорду жараткан.

“Манастын уулу Семетей” (Ж. Садыков), “Өлбөстүн үрөнү” (А. Токомбаев), “Абийир кечирбейт” (Т. Абдумомунов), “Биринчи мугалим” (Ч. Айтматов) баштаган драмаларда, чет элдик классикалардан “Ричард-III”, “Король-Лир” (У. Шекспир), “Өлүү жандар” (Н. Гоголь) баштаган бир катар драмаларда башкы ролдорду жараткан.

Ал эми кыргыз киносунда "Биринчи", "Дилетант", "Жаралуу үчүн жан берүү", "Белгисиз маршрут" жана башка тасмаларда роль ойногон.

“Азыр театрдын бир капталы эңшерилип турат. Анткени акыркы могикан деген инсандар четинен кетүүдө...Жүрөк сыздап турат. Анткени театрда бир топ убакыт бирге иштеген кесиптештер бир туугандай болуп калат экенбиз. Мен Асанкул ага менен көп спектаклде өнөктөш болуп ойнодум. Алгачкы спектаклдерде атамдай киши болгондуктан ыйбаа кылып уялсам, “Кудай албагыр, сен жашты ойлобо, сен сахнада актёрсуң” деп тарбиясын берчү эле. Анын ушундай насааттарынан кийин көнүп кеттим. Бул кишинин орду толгус эле, эми артында эмгеги мурас болуп кала берет”, - деп эскерет Кыргыз Республикасынын эл артисти Калича Сейдалиева.

Эл артисти, белгилүү актёр Табылды Актанов маркум Асанкул Осмонов менен айылдаш экен.

“Бул кишинин бирөө менен урушмак түгүл, үнүн өктөм сүйлөгөнүн көрбөдүм. Абдан сылык адам эле. Жаратылышынан маданияты бийик эле. Сахнага чыккандагы анын элесин кеп кылып жатпайлыбы. Айрыкча, ал Кошой, Бакай, Шырдакбектерди ойноп чыкканда сахна толуп калчу. Айрым эпизоддорунда сүйлөбөй эле басып кеткени да таасирдүү эле”.

Өз каармандарынын ички дүйнөсүнө кирип көркөмдүк жактан чегине жеткире аткарган актёр Асанкул Осмонов 1935-жылы 1-мартта Нарын районунун Миң-Булак айылында туулган.

Чыгармачылыктагы үзүрлүү эмгеги үчүн 1990-жылы Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамы менен сыйланган. Өмүрүнүн дээрлик 60 жылын театрга арнаган актёр менен коштошуу зыйнаты 28-мартта Улуттук драма театрында өтүп, сөөгү борбордогу “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG