Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Февраль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:55

Жанжигитов: Театрда жаш актёрлорго роль тартыш


Данияр Жанжигитов "Саманчынын жолу" спектаклинде Майсалбектин ролунда.
Данияр Жанжигитов "Саманчынын жолу" спектаклинде Майсалбектин ролунда.

Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында соңку жылдары таскак салган жаңы муун өсүп жетилди. Алардын катарында театрда 20 жылдан бери эмгектенип келе жаткан актёр Данияр Жанжигитов да бар.

Жанжигитов өткөн жылы Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыкка татыды. "Азаттык" актер менен театрдагы турмуш, муундардын алмашуусу, өзгөрүүлөр тууралуу маек курду.

- Данияр мырза, дем алыш күн болгонуна карабай театрда жаңы спектаклге даярдык күч экен...

- Ооба. Азыркы тапта Казакстандын Костанай шаарында белдүү режиссер болуп калган Баатыр аттуу кыргыздын бир таланттуу жигити бар. Учурда ал биздин сахнада Антон Чеховдун кичи окуяларын койгону турат. Ошого даярдык жүрүп жатат. Элге февралдын аягында тартууланып калат буюрса. Бирок мен азырынча анда ойнобойм.

- Бүгүнкү күнгө чейин академиялык драма театрда кайталанып коюлуп келе жаткан спектаклдер бар. Маселен, Абдумомуновдун “Абийир кечирбейт” драмасы. Анда түбөлүктүү темалар менен катар коомчулуктагы көйгөйлөр көтөрүлөт эмеспи. Учурда бүгүнкү күндөгү да курч көйгөйлөр театр сахнасында көрсөлүүдөбү?

- Бүгүнкү күндүн көйгөйү көтөрүлүп эле жатат деген ойдомун. Ар бир чыгармада актуалдуулук бар. Биз коюп жаткан спектаклдердин арасында орус элинин классикалык чыгармаларынан "Мармеладовдор" бар. Менимче ар бир спектаклди актуалдуу кылсак болот. Биздин актерлордон ичинен режиссер катары да өзүн сынап, өсүп келе жаткан жаштардан Адыл Болорбек уулу жакында Горкийдин “Түпкүрдөсүн” баштаганы турат. Бул да абдан актуалдуу чыгарма. Жылдызбек Касеинов деген актер да быйыл режиссураны бүтүп жатат, ал да Вина Дельмардын “Алдыда жымжырттык” деген чыгармаларын койгонго камынууда. Эркин Эгембердиев да француз элинин бир белгилүү чыгармасын коёт. Булар да актуалдуу чыгармалар. Негизи режиссёр көрөгөч болсо, ар бир спектакль менен коом көйгөйүн көрсөтсө болот.

- Ал эми кыргыз драматургдары азыр кандай чыгармаларды сунушташууда?

- Мар Байжиевдин “Кыз-күйөө” драмасы коюлуп келе жатат. Негизинен бизде Маданият министрлиги бекиткен, көркөм кеңештен өткөн гана спектаклдер коюлат.

- Театр адамдарынын коомдогу орчундуу окуяларга карата жарандык пикири эркинби? Алар орчундуу окуяларда өз көз карашын тартынбай айта алабы?

- Жакшы суроо болду. Негизи эле чыгармачыл адам эркин болушу керек. Айтайын деген ою кандайдыр бир кысымга алынып, чектелбеши керек. Театрдагы ар бир спектаклдин да кандайдыр бир айта турган ою бар. Бизде айрым чыгармачыл адамдар жарандык позициясын тарткан киносу же спектакль аркылуу берип жатышат. Айрымдары калыс пикирин социалдык тармактардан билдирип турат. Жеке биз театр адамдары оюбузду кебезге ороп, маданияттуу айткандыктан, көпчүлүгү түшүнбөй калат. Мисалы, таанымал куудул Күмөндөр Абылов агабыз өз ойлорун эч кимден тайманбастан жазып жүргөнүнө күбөбүз. Жеке мен өз пикиримди күпүлдөп деле айтпайм, ичтен күйүп кала берген учур көп болот. Бирок философиялык оюмду социалдык тармактагы баракчамдан жазып коём, жакшы айтылган пикирлерди бөлүшүп турам. Эң башкысы актёр киши өзүнүн эркин экенин өз ролу, чыгармачылыгы менен көрсөткөнү туура болот.

"Кылым карытар бир күн" спектаклинде Эдигейдин ролунда.
"Кылым карытар бир күн" спектаклинде Эдигейдин ролунда.

- Соңку он-он беш жыл аралыгында кыргыз театрында бир жаңы муун өсүп-жетилип чыкты окшойт? Кинодо, театрда да ийгилик жараткан жаштар арбыгандай. Биз Жумадылов, Чокморов, Кыдыкеева, Турсунбаева баштаган советтик актер-актрисаларды сыймык менен саймедиреп эле жүрөбүз да, учурдун таланттарын балким көрбөй жаткандырбыз...

- Албетте, жаңы муун тарбияланып чыкты. Биз театрга 2000-жылдардын башында келгенибизде эң жаш муун элек. Азыр эми билинбей эле орто муун болуп калдык. Биз менен бирге келген муундун кичүүсү эле кырктан өттү. Азыр буюрса мыкты муун чыгып келе жатат. Мисалы мырзалардан башта сөз кылган Адыл Болорбек уулу, Жылдызбек Касеинов, Эржан Осмонов, Аскар Качкынбаев, Өмүрбек Израилов баштаган актерлор, ал эми кыздардан Жанар Барманова, Жаңылай Исакова, Махабат Асанбекова ж.б. актрисалар чыкты. Бирок чыгармачылыкта дароо эле ийгиликтерге жетүү мүмкүн эмес, айрымдарга ийгилик эрте, айрымдарга кеч келет экен. Бул ийгилик деген актерлор үчүн лотерея сыяктуу, баарына чыдаш керек. Келечектеги муун жакшы эле. Жумадылов, Кыдыкеевалар деле кийин баалангандай болду. Жакында театр жылдызы Азиз Мурадилаевдин көзү өтүп кетти. Ал 20 жылдан ашык театрда бир топ эмгек өтөптүр. "Таланттар өлгөндөн кийин бааланат" деген кепке ушул агамдын өлүмүнөн кийин ишене баштадым. Бул эми мыйзам ченемдүү көрүнүш окшойт. Шекспирдин чыгармалары деле 3-4 кылымдан кийин популярдуу болгон.

- Сиз айткан кептин да жөнү бар бейм. Себеби учурда да "мыкты деген актёрлор ойной турган ролдорун учурунда ойной албай өтүп кетип жатышат" деген кептер айтылып келет. Бул кептин тегерегинде жакын арада эле белгилүү театр сынчысы Жаныш Кулмамбетов да кулак кагыш кылды. Жогоруда өзүңүз айткандай кезинде театрга сиз менен бирге келгендер кырктын кырынан өтүптүр. Ушул жаатта өкүт бардыр сизде деле?

- Мен театрга 20 жашымда келдим. Албетте өкүнүч болот экен. Жашыраак чагымда баланча ролду ойносом, түкүнчөнү аткарсам деп көп кыялданчумун. Анан отуз жаштан өткөндөн кийин өзгөрөт экенсиң. Жеке мен кино жаатында айта албайм, театрда этаптуу образдарды жараттым. Майсалбекти, Эдигейди, андан кийин азербайжан элинин чыгармаларынан, индия элинин эпосторунан этаптуу ролдорду жаратып калдым. Гоголдун чыгармаларынан да ушундай болду. Эми болсо кырктан өтүп баратам, бул учурда оор басырыктуу ойлонуп, психологиялык ролдорго басым жасап калат экенсиң. Эми буюрса алдыда дагы этаптуу ролдорду ойноп калам деген ойдомун. Кандай роль болсо да ойноо керек. Мени өкүндүргөнү бизде жаш жигиттерге роль тартыш. Жаш чагында, жанып турган курч учурунда мыкты ролдорду ойноп калса экен дейсиң. Бирок чынында эле роль тартышыраак. Буга режиссуранын жетишсиздиги себеп болуп атат окшойт. Анан айланып келип эле каражат маселесине такалат. Мисалы театрыбыз бир жылда беш спектаклди жарыкка чыгарууну максат кылса, ортодо пандемия да тоскоол болуп бир топ убакыт өтүп кетти. Эми бизге муун өстүрүүгө атайын бир план керек. Өзүбүздүн режиссура жаатында өсүп келаткан балдарды жакшылап тапташ керек.

"Абийир кечирбейт" спектаклинде Сейиттин ролунда.
"Абийир кечирбейт" спектаклинде Сейиттин ролунда.
  • Данияр Жанжигитов 1982-жылы 6-октябрында Ысык-Ата районунун Өтөгөн айылында туулган. Айылдык орто мектепти аяктагандан кийин Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайына тапшырып, 2002-жылы аяктаган.
  • 2003-2008-жылдар аралыгында Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунун (азыр маданият жана искусство университети) театр жана кино факультетинде сырттан окуган.
  • 2002-жылдан баштап Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында эмгектенип келет. Буга катар эле Марат Козукеев, Назым Мендебаиров, Аскат Сулайманов баштаган кесиптештери менен бирге “Дем” театрында да эмгек өтөп келди.
  • Театр сахнасында жараткан образдары: Камчыбек, (“Курманжан датка”) Эркин, (“Кыз-күйөө”) Майсалбек, ( “Саманчынын жолу”), Эдигей, (“Кылым карытар бир күн”, Сейит (“Абийир кечирбейт”)ж.б.
  • Мындан сырткары соңку кезде тартылган бир канча көркөм фильмдерде, клиптерде эпизоддук ролдорду аткарган.

- Жакында эле драматург Кайрат Иманалиевдин “Керээз” спектакли тартууланбадыбы. анда көпчүлүк актерлор жаркыраган жасалгалуу чапандарды кийип, бий-болуштардын ролун ойноду. Сиз Боромбайдын оорукчан бир тууганын ойнодуңуз. Сиз да бир бектин ролун ойногуңуз келбедиби же жаштарга атайын жол бердиңизби?

- Биз пенделер жашоодо деле чыгармачылыкта деле лидер болгонду жакшы көрөт экенбиз да. "Керээзди" кезинде сахнага ыраматылык Марат Козукеев койгон да. Ал учурунда мага "Боромбайды ойно" деди. Мен "Эржан Осмоновго берели" дедим эле, "Анда Алыбекти ойно" деп калды. Макул болуп анын ролуна даярданып калдым. Бир күнү кайра чакырып, “Бул жерде жалаң эле бийлер болуп, жөнөкөй киши жок болуп атат, замандагы кыйынчылыкты көрсөткөн да бир образ керек. Сен ошону чагылдырып оорукчан баланын ролун аткарчы" деди. Анан макул болуп ойноп калгам. Кесипкөйлүктүн бирден бир белгиси роль тандабагандыкта.

- Академиялык драма театры оңдоп-түзөөдөн өткөндөн кийин көрөрмандардын катары калыңдаганы байкалды. “Төлгө” өңдүү спектаклдер аншлаг менен өтүп жатты. Бул биздин элдин театрга болгон түшүнүгү, табити, сый-урматы, сынчыл көз карашы өскөнүнөн кабар береби?

- Көрүүчү менен түз байланыш театрда гана болгондуктан, чынында эле пандемиядан кийин кадимкидей көрүүчүлөрдүн катары калыңдады. Бирок дагы эле өксүк бар. Менимче театрга келгендердин 70-80 пайызынын аң-сезими чыгармачыл ой жүгүртүү жагынан алганда өсө элек. Эгер биз муну 50-60 пайызга чыгарып алсак эле бул чоң жеңиш болмок.

Гоголдун "Үйлөнүү" спектаклинде Подколесиндин ролунда.
Гоголдун "Үйлөнүү" спектаклинде Подколесиндин ролунда.

- 2021-жыл сиз үчүн жемиштүү жыл болду окшойт. Дегеним "Саманчынын жолу" спектаклинде Майсалбектин образы үчүн өлкөдөгү эң абройлуу Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты болдуңуз. Ошондой эле кесиптештериңизден актриса Анара Сыдыгалиева Толгонайдын образын мыкты аткарганы үчүн, театрдын сүрөтчү-сценографы Алымгазы Конушбаев спектаклди мыкты алып чыкканы үчүн ушул эле сыйлыктын лауреаттары болушту. Муну кандайча алып калдыңыздар?

- Бул бизге жамааттык сыйлык катары берилди. Сертификатта Анара эже, Алымгазы байке анан мен бармын. Сыйлык бизге спектаклди ийгиликтүү алып чыкканыбыз үчүн берилди. “Саманчынын жолу” буга чейин өлкөдөгү фестивалдардан гран-прини уткан. Театралдык “Эргүү” сыйлыгынан да 6-7 ирет номинацияларга татыган. Андан кийин Казакстандан биринчи орунду алган. Ал жакка барарда да үч спектаклдин ичинен суурулуп чыккан. Ойлоп көрсөк бул деле тарых болуптур. Анткени 1986-жылы Токтогул сыйлыгына “Манастын уулу Семетей” спектакли менен актёрлук жамаат ээ болуптур. 2002-жылы Кыргыз Эл артисти Гүлайым Каниметова Курманжан датканын образы менен алыптыр. Эми туура 20 жылдан кийин биздин жамаат бул сыйлыкка татыды. "Сен эң биринчи Токтоболот Абдумомунов алган сыйлыкты алгандардан эң жашы болдуң" деп куттуктап жатышат.

- Сыйлык демекчи, кийинки учурда сыйлыктардын арасында да кайчы пикирлер арбын. Сыйлык чындап эле чыгармачыл адамдарга керекпи?

- Кээ бирөө бизди европалык, америкалык актерлорго салыштыра берет. Аларда сыйлык жок, "Оскардан" башкасын алышпайт дешет. Чындап салыштыра турган болсок, биздеги социалдык көйгөйлөрдү да караш керек. Арабызда алтымыштан ашканда үйлүү болгондор бар. Үйлүү болбой калгандар да бар. Батыштагыдай гонорар болсо биздин чыгармачыл адамдар деле сыйлыкка маани бермек эмес деп ойлойм. Ошондуктан бизге сыйлык шык берет. Анан да эң башкысы сыйлыкты жаш кезде алган жакшы. Бизде сыйлыкка татыктуу таланттар көп. Жаңы жылда да бир топ сыйлыктар тапшырылып, бирок биздин театрдан эч ким албай калганы өкүнүчтүү болду. Театрга өмүрүн арнап койгондор убагында бааланса жакшы болмок.

- Буга чейин маданият ишмерлери коомдун сыртында калгандай учурлар болгон. Эң аз маянаны да ушул чөйрөдө эмгектенгендер алчу. Акыркы жылдары айлык көтөрүлгөнү маалым. Өзүн өнөргө арнап койгондордун учурда материалдык жагдайында өзгөрүү барбы?

- Акырындан оңолуп келе жатат деген ойдомун. Мурун 12 миң сом айлык алгандар азыр 24 миңдин тегерегинде алып жатат. Бирок маяна көтөрүлгөнү менен азык-түлүк баасы асман чапчып баратпайбы. Эң чоң көйгөй - маданият адамдары 60-70 жашка чыкканда араң үйлүү болуп жатканы. Мен мамлекет маданият өкүлдөрүнө үй салып берсе деп кыялданам. Анткени алар башка чөйрөдө иштей албайт. Эгер иштеп кетсе чыгармачылыгы жок болот. Социалдык көйгөй көп азыр. Айрыкча жаш муун кыйналбаса деп ойлойм. Бир кесиптешим айтмакчы, 60-70 жашта жакшы үйгө жеткендин кызыгы канчалык? Жаш чакта жакшы үйдө жашап, чыгармачылыкта жемиштүү иштегенден өткөн ыракат барбы?

2016-жылы 23-апрелде Шекспирдин өлгөнүнө 400 жыл толгондо анын "Гамлет" чыгармасынан үзүндүнү ар башка өлкөнүн чыгармачыл адамдары окуган. Кыргызстандан бул эстафета Данияр Жанжигитовго берилген.

Баарыбызды бириктирген Шекспир
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:09 0:00

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG