Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:40

Аламүдүндө Чүй дарыясынын жээгин бекемдөө маселеси көтөрүлдү


Кыргыз-казак чек арасынын кайсы бир бөлүгү Чүй суусун бойлоп өтөт.
Кыргыз-казак чек арасынын кайсы бир бөлүгү Чүй суусун бойлоп өтөт.

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Октябрь айылынын айрым тургундары кыргыз-казак чек арасын бойлой аккан Чүй дарыясынын жээгин бекемдөө маселесин көтөрүштү. Алар бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Сеидбек Атамбаев менен жолугушууда билдиришти.

"Жолугушууда чек араны бойлой аккан Чүй дарыясынын суусу жээктерди жууп, агымдын нугу өзгөрүп жатканы айтылды. Натыйжада жерлер коңшу өлкөгө өтүп кетүү коркунучу жаралганы белгиленди. Тургундар жээктерди бекемдөө иштерин тездетүү талабын коюшту",-деп жазылган Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги азырынча комментарий бере элек.

Мындан эки жыл мурун өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Чүй дарыясынын жээгин суу жеп, Кыргызстан 800 гектар жеринен ажыраганын билдирген. Ал жээкти бекемдөө иштери жүрүп жатканын, маселе президент Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө экенин айткан.

Андан бир жыл мурда Кемин районунда Чым-Коргон айылынын айрым тургундары дагы ушул маселени көтөрүп чыккан.

Жогорку Кеңеш 2014-жылы Чүй дарыясынын табигый нугун сакташ үчүн суу бойлой кеткен жээктерде кум менен шагыл казуу иштерине тыюу салуу тууралуу өкмөткө сунуш киргизген.

Кыргыз-казак чек арасынын кайсы бир бөлүгү Чүй суусун бойлоп өтөт. Эки тараптын чек ара тилкесинин жалпы узундугу 1257 чакырым. Чек араны демаркациялоо тууралуу келишимге 2017-жылдын 25-декабрында кол коюлган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG