Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:17

Бишкек мэриясы бала бакчаларда мыйзамсыз акча чогултууну талкуулады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева 31-мартта муниципалдык бала бакчалардын жетекчилери менен жыйын өткөрдү. Анда балдардын ата-энелеринен мыйзамсыз акча чогултууну тыюу, бакчаларда берилген тамак-аштын сапаты өңдүү маселелер талкууланды.

"Мэриянын тийиштүү башкармалыгы билим берүү уюмдарында мыйзамсыз акча чогултууга тыюу салуу үчүн мындай жайлардын жетекчилерине түшүндүрүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Жыйындын соңунда директорлорго бул көрүнүштү токтотуу боюнча тапшырмалар берилди”,-деп жазылган маалыматта.

Мунун алдында блогер Улукбек Карыбек уулунун шаардагы бала бакчалардын бирине барып тарткан түз эфири талкуу жараткан. Анда блогер бул жайга мыйзамсыз иш-аракеттер тууралуу айрым ата-энелердин арызынан улам барганын билдирген. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Карыбек уулун сындап “Фейсбукка” билдирүү жазган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG