Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:16

Associated Press: Дональд Трампка кеминде бир кылмыш айыбы коюлат


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

Кошмо Штаттарынын мурдагы президенти Дональд Трамп 4-апрелде сотко келгенде коюлган айыптардын кеминде бири кылмыш ишине байланыштуу болот. Бул тууралуу Associated Press агенттиги жазды. Учурда Трампка коюлган айыптардын корутундусу расмий жарыялана элек, бирок CNN телеканалы өз булактарына таянып экс-президентке бизнестеги алдамчылыкка байланыштуу 30дан ашык айып тагыларын жазды.

Бейшембиде, 30-мартта Манхэттен аймактык прокурору чакырган арачылар соту Трампты порноактрисага "үн катпаганы үчүн" 130 миң доллар бергенине байланыштуу айыптоо корутундусун бекитүүгө макулдугун берген. Азырынча соттук териштирүү кандайча өтөрү кабарлангана элек, бирок мурдагы президент кармалса, сот залына колуна кишен салынган абалда келиши мүмкүн.

Бул АКШ тарыхында мамлекеттин башында турган адамга кылмыш айыбы тагылган алгачкы учур. Дональд Трамп өзү арачылар сотунун бул чечимин "шайлоого тарыхый деңгээлде кийлигишүү жана саясий куугунтук" деп сыпаттаган.

Кайрадан АКШ президенттигине республикачылар партиясынан талапкерлигин коюп жаткан Трампка мындай айып тагылганы менен ал шайлоо өнөктүгүн жүргүзүүсүнө жолтоо болбошу керек. Американын мыйзамдарында буга тыюу салынган эмес.

Учурда Дональд Трамп кылмыш айыбы менен аякташы ыктымал болуп турган дагы эки иликтөөнүн каарманы.

Федералдык прокуратура Ак үйдөн чыгарылган жашыруун документтер анын Флоридадагы үйүнөн табылышы боюнча иликтеп жатат.Жоржиянын аймактык прокурору Трамптын президенттик шайлоонун бул аймакта өтүшүнө таасир этүүгө аракеттенгенин иликтөөдө.

Ал эми Трамптын өзүнүн жана анын компаниясынын үстүнөн жазылган жарандык доо арыздар ондоп саналат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG