Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:57

Президент Жапаров ооруканаларда балдарга акысыз дары берүүнү тапшырды


Фейсбукта Эрбол Султанбаев тараткан сүрөт.
Фейсбукта Эрбол Султанбаев тараткан сүрөт.

Президент Садыр Жапаров 1-апрелде Бишкектеги бир катар балдар ооруканаларын күтүүсүз кыдырды. Бул тууралуу анын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасына жазды. Анын ырасташынча, мамлекет башчысы анда балдарга дары-дармектердин акысыз берилишин тапшырды.

“Президент Жапаров Улуттук онкология жана гематология борборунда (онкологиялык оорукана), Улуттук эне жана баланы коргоо борборунда (балдар ооруканасы), Улуттук фтизиатрия борборунда (кургак учукка каршы оорукана) бейтаптардын ата-энелери жана туугандарынан оорулуулар үчүн дарыга акча каражатын албоону тапшырды”,-деп жазды Султанбаев.

Ал билдирүүсүнө тиркеген кыска видеодо Жапаровду саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова коштоп жүргөнү, президент ооруканада ата-энелер менен сүйлөшүп жатканы тартылган. Жапаров дарылардын акысыз берилбегенин сынга алып, министрге бул маселени чечүүнү тапшырган. Дарыгерлер бейтаптарга керектүү дарылар жоктугун, алына электигин айтышкан.

Саламаттык сактоо министрлиги мындай шартта президенттин тапшырмасы кантип ишке ашырылары тууралуу азырынча комментарий бере элек.

31-мартта аталган министрликке караштуу “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасы түзүлгөн. Өкмөт бул ишкана мамлекеттик медициналык мекемелерди, калкты дары-дармек каражаттары жана медициналык багыттагы буюмдар менен жеткиликтүү баада камсыз кылуу саясатын ишке ашырарын билдирген.

Кыргызстанда соңку жылдары бир катар себептерден улам дары-дармек кескин кымбаттап, айрым түрлөрү табылбай, таңкыстык жаралууда. Расмий маалыматка ылайык, өлкөгө дары-дармек 30дан ашык мамлекеттен импорттолот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG