Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:15

Эл аралык валюта фонду Украинага 15,6 миллиард доллар бөлөт


Эл аралык валюта фонду.
Эл аралык валюта фонду.

Эл аралык валюта фондунун директорлор кеңеши жума күнү, 31-мартта Украинага төрт жолку транш менен 15,6 миллиард доллар берүүнү колдоду. Reuters агенттиги бул каражат жалпы суммасы 115 миллиард долларды түзгөн эл аралык жардамдын бир бөлүгү экенин билдирди.

Аталган фонддун биринчи траншы, тактап айтканда 2,7 миллиард доллары жакынкы убакта берилет жана каражат Украинанын чукул керектөөлөрүнө жумшалат.

Бул Эл аралык влюта корунун согушуп жаткан өлкөгө көрсөткөн биринчи жардамы болуп калды.

Украинанын финансы министри Сергей Марченко уюмга ыраазычылык билдирди жана бөлүнгөн каражат өлкө эконмикасын, каржы системасын бекемдөөгө салым кошорун айтты.

"Биз фонддун директорлор кеңешине бул чечими үчүн ыраазычылык билдиребиз. Учурда Украина Эл аралык валюта фонду жана өнөктөш өлкөлөр менен кызматташуунун жаңы этабында турат",-деди Марченко.

Буга чейин бир катар өлкөлөр, эл аралык уюмдар Орусия менен былтыр февраль айынан бери согушуп жаткан Украинага жардам берип жаткан.

Февраль айында Жапониянын өкмөтү талкаланган аскердик инфраструктураны калыбына келтирүү үчүн Украинага 5,5 млрд. доллар өлчөмүндө жардам берилерин билдирген. Анын алдында Норвегиянын өкмөтү Украинага 7 милилард доллардан ашуун өлчөмдө жардам көрсөтүүнүн беш жылдык планын иштеп чыккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG