Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:49

Италия биринчилерден болуп ChatGPT чат-ботун колдонууну токтотту


Былтыр ноябрда OpenAI компаниясы ChatGPT жасалма интеллектин ишке киргизген.
Былтыр ноябрда OpenAI компаниясы ChatGPT жасалма интеллектин ишке киргизген.

Италия дүйнөдө биринчилерден болуп ChatGPT чат-ботун колдонууну токтотту. Мындай чечим Жеке маалыматтарды коргоо улуттук башкармалыгынын сайтына жарыяланды. Анда бул жасалма интеллекти иштеп чыккан жана башкарган америкалык OpenAI компаниясына италиялык колдонуучулар тууралуу маалымат алышы, иштеп чыгышы убактылуу токтотулары жазылган. Ошондой эле, бул мекеме аталган компанияда жеке маалыматтардын купуялуулугунун сакталышын иликтей баштады.

Өткөн аптада OpenAI компаниясы айрым жеке маалыматтар сыртка чыгып кеткенин билдирген жана мындан улам чат ботту убактылуу токтоткон. Бул катанын айынан кээ бир колдонуучулар чат-бот менен сүйлөшкөн башка адамдардын билдирүүлөрүн окуган көрүнүш болгон.

Америкалык компания жеке маалыматтардын сыртка чыгышы колдонуучулардын 1% ашыгына гана тиешелүү экенин айткан. OpenAI италиялык регулятордун дооматына 20 күндүн ичинде жооп бериши керек, болбосо ага 20 миллион евро айып пул салынат.

Былтыр ноябрда OpenAI компаниясы ChatGPT жасалма интеллектин ишке киргизген. Төрт айга жетпеген аралыкта аны колдонгондор дүйнөдө 100 миллионго жеткени айтылган.

Өткөн айда Google компаниясы дагы жасалма интеллектке негизделген Bard аттуу кызматты ишке киргизгенин маалымдаган.

Чат-бот, же адам менен диалог түзө алган компьютердик программа акыркы бир нече айдын ичинде интернетте төңкөрүш жасады. Жасалма интеллектке негизделген чат-боттор маалымат издейт жана суроолорго жооп берет. Тапшырмага ылайык эссе, ыр жазып, программалык код түзө алат. Андан тышкары, бизнес презентацияларды жана жарнамалык тексттерди даярдайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG