Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:37

Орусияда Татарскийдин өлүмүнө шектүүлөр аныкталганы кабарланды


Владлен Татарский.
Владлен Татарский.

Орусиянын мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары аскердик кабарчы делген Владлен Татарскийди (өз аты Максим Фомин) жардырууга шек саналгандардын тек-жайы аныкталганын, Тергөө комитети “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш ишин козгогонун билдирди.

Маалыматка ылайык, Санкт-Петербургда кафедеги жардырууну 26 жаштагы Дарья Трепова жасаган. Тергөө Владлен Татарский сүйлөп жаткан кафеге жардыргыч зат орнотулган статуэтка салынган кутуну Дарья Трепова алып келген деп эсептейт.

Медиа каражаттары Дарья Трепованын жолдошу Дмитрий Рылов да издөөгө алынганын кабарлашты. Бирок ал Санкт-Петербургда кафедеги жолугушууга катышкан эмес. Ал жардырууну уюштурууга катышкан деп шек саналууда.

Маалым болгондой, Трепов менен Рылов былтыр февралда Санкт-Петербургдагы согушка каршы митингде кармалып кайра коё берилген.

Жекшемби күнү Санкт-Петербургдун борборундагы кафеде жардыруу болгон. ТАСС агенттиги “Стрит-бар” деген кафеде жардыргыч зат менен дүрмөттөлгөн жабдык иштетилгенде бир киши каза таап, 16сы жабыркаганын жазган.

Жардыруудан аскердик кабарчы аталган Владлен Татарский (өз аты Максим Фомин) мерт кеткен. Кафеде анын чыгармачыл кечеcи өтүп жатканы айтылды.

Татарский буга чейин Донбасста орусиячыл күчтөрдүн катарында согушуп, ал жактан репортаж даярдап келген. Украин маалымат каражаттары аны кремлчил пропагандачы деп аташат. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG